Бишкекте жана Ошто Өзбекстандын маданият күндөрү өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрь күндөрү Бишкек менен Ош шаарларында Өзбекстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, делегация Кыргызстанга 5-октябрда келүүсү күтүлүп жатат. 6-октябрда делегация министрликке келет. Күндүз «Октябрь» кинотеатрында «Ойкиз эртаги» тасмасынын көрсөтүлүп, кечинде Улуттук филармонияда искусство чеберлеринин концерти өтмөкчү.

Ал эми 7-октябрь күнү иш-чара Ош шаарында уланат. «Сейтек» кинотеатрында өзбек тасмалары көрсөтүлүп, кечки концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрына пландалган. Мындан тышкары, эки күнү тең сүрөт көргөзмөлөрү тартууланат.