Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого катышуудан баш тартты

Камчыбек Ташиев президенттикке талапкер болуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, мындай арыз БШКнын жалпы бөлүмүнө бүгүн, 25-сентябрда келип түшкөн.

— Камчыбек Ташиевдин аты-жөнү шайлоо бюллетенине кирип калган. Эми анын аты-жөнү шайлоого үч күн калганда аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан кол менен чийилет, — деди Бекматов.

“Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев өзү талапкер болсо да КСДП партиясынан шайлоого аттанган Сооронбай Жээнбековду колдорун 20-сентябрда билдирген.

Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. БШК бекиткен шайлоо бюллетенине 13 талапкер киргизилген. Жарыштан баш тарткан талапкерлердин аты-жөнү мыйзам боюнча шайлоого үч күн калганда чийилет.

Булак: «Азаттык»