Ошто досторун тамашага салган депутатка кылмыш иши козголду

Ноокат райондук кеңешинин досторун тамашага салган депутатына КР КК 234-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, депутат Ж.Ж. өзүнүн досторуна аны уурдап кетишкенин билдирген. Укук коргоо органдарын досторунун кайрылуусу боюнча жүргүзгөн ыкчам-издөө чараларынын натыйжасында депутат Ош шаарынын Туран кичи районунда өзүнүн унаасынын багажынан табылган. Унаанын багажын ачканда ал досторун, туугандарын жана милиция кызматкерлерин таң калтырып күлүп чыгып келген. Ал байлануу болгон эмес. Айрым маалыматтарга караганда ал мындай жол менен досторун тамашага салууну көздөгөн.