Элмира Ибраимова Сариевдин штабынан кеткенин жарыялады

Президенттикке талапкер Темир Сариевдин штаб башчысы Элмира Ибраимова кызматынан кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ибраимованын билдирүүсүнө ылайык, ал Сариев менен саясий позициясы дал келбей калгандыктан иштешүүдөн баш тарткан.

Ал эми Темир Сариев бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасында түшүндүрмө берип, Ибраимова шайлоо алдындагы саясий кырдаалды башкача кабыл алганына байланыштуу кеткенин жазды. Ошондой эле Ибраимованын ордуна Алтынбек Эргешов штаб башчысы болуп дайындалганын билдирди.