Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Алымкан Асандын ыйлап турганын көрүп, алдастай түштү. “Бечара, ыза болуп калган тура”, – деди оюнда.

– Деги эле өнөрүн кара! – деп уулун бир жекире карап алып:

– Асан? – деди уланды айыптуудай карап.

– Кагылайын, бу карылуу неме бир жериңди оорутуп койгон го? Бизди кечир, садага болоюнум?

Асан ыйлап жатканын ошондо билди.

Шашкалактап, алаканы менен көзүнүн жашын арчып, Кызмончоктон жүзүн ала качып, тегеренип кетти.

– Жок-жок, баары жакшы. Сиз мени кечирип коюңуз? – деди Алымканга жылмайган болуп. – Баары жакшы… Биз жөн эле…

Алымкан Асанды аягандай бооруна тартып, башынан сылады:

– Кагылып кетейин десе! Көзүндүн жашынан айланайын! Ылайым жакшылыктын жашы болсун. Кудай башыңды таштан жаратып, тилеген тилегиңе жетип, эл керегине жарап жүрсөң экен…

Көптөн бери көкүрөк-көңүлүндө көлкүлдөгөн көп сырын ичине жутуп, араң жүргөн Асан бу сөзгө эреркеп, бошоп кетти… Эненин ийнине жөлөнүп, кирпиктерин бекем-бекем ымдап, үн чыгарбай, көзүнүн жашын буурчактатып алды. Ал түгүл эжеге азыр бар сырын төкпөй-чачпай айтып, ачылып-чачылып, бугун ошону менен чыгарып алгысы келди.

Бирок бул көрүнүш Тынарга жакпай кетти. Аларды адегенде аңырайып карап калган улан бир убакта барскандай болуп түйүлгөн муштумдарын калчылдатып, ордунан тура калды. Ыйлап ийүүчүдөй энтигип, ызадан оозуна сөз келбей калгандай бар үнү менен баркырап:

– Аа-аа-аа! – деп бакырып, калдалактап калды.

Аны көрүп, эмнегедир Асан жылмайды. Анын көз алдында Асан кудум кичинекей наристеге окшоп, балалык аруу, таза сезим менен апасын кызганып турган болчу. Тынар баарынан катуу жакшы көргөн аялзат ким экенин ошондо түшүндү Асан. Алымкандын кучагынан бошоп, Тынарды аяп да, жакшы көрүп да, күнөөлүүдөй:

– Досум, мени кечирип койчу? – деди.

Тынардын калчылдаган муштумдары акырындап жазылып, денеси бошой түштү.

***

Ушул түнү Сайра да, Бектемир да, Абылай да уйку көргөн жок. Бая Касен табып баштаган кошуна-колоң, туурган-урук үй-үйлөрүнө кеткенден кийин эле Абылай менен Чынтемир Сайраны көтөрүп келип, уулунун жанына жаткырышкан. Бул – эне-бала бири-бирин сезип, туюп, бири-бирине дем-күч берсин, өздөрү да чыйралып, чыңалсын деген ой-тилек эле. Экинчиден, Сайра да көзүн жалдыратып эле карай бергенинен, уулун сурап жатканын түшүнүп, анын үстүнө экөөнү бирдей карап жатайын дегени болчу.

Айткандай эле бир убакта ойгонгон Сайранын колдорунун башы кыбырап, уулун издегендей болду.

Карап жаткан Абылай анын колун ала коюп, уулунун колунун үстүнө койду. Сайранын ээги титиреп барып, көзүнөн ысык жаш мөлтүлдөп, томолонуп кетти. Баласына алаканынын жылуулугун, мээримин өткөрүп жаткандай, бекем кармап жатты.

Тээ бир убакта Бектемир да ойгонуп, башын буруп апасын, аларды карап отурган атасын көрдү. Дагы ким бирөөну издегендей башын болор-болбос көтөрүп, эки жакты караган болду.

Үлпүлдөп күйгөн шамдын кызыл жарыгында аркы бурчта колу-бутун туш-тушка жайып жиберип уктап жаткан Чынтемирден башка эч кимди көргөн жок. Ордунан туруучудай аракет жасап, бирок эч бир козголо албай койду.

– Беки? – деди калдаңдап туруп келген Абылай. – Суу ичесиңби? Бектемир жооп бериштин ордуна бир катуу онтоп ийип, унчукпай жатып калды. Уулунун онтогону баарын сезип, туюп, бирок айласыз жаткан эненин жүрөгүн көзөп өткөндөй, ал дагы кандайдыр бир акырын, бирок аянычтуу кыңкыстап алды.

– Айланайындар… – Абылайдын көзүнө жаш тегеренди. – Экөөң бирдей ушинтип, мени азапка салат белеңер? Экөөңордүн ушу азабыңарды тарткандан көрө, силердин ордуңарга Кудай мени жыга чапса кана? Мындан көрө мага ошол жеңил болбойт беле?

– Ата?.. – бар күчүн жыйнап, акырын үн катты Бектемир.

– Оуу, кагылайын? Атаң сенин алдыңа кетсин…

– Апам?

– Апаң сен жакшы болсоң эле жакшы болуп кетет, айланайын. Апаңдын силер үчүн жашарын билесиң да… – уулуна күч бериш үчүн ушинтти эми ата. Бала манжаларын кыбыратып, апасынын колун кармагысы келди.

– Мен..?

Бектемирдин суроосун түшүнгөн ата:

– Сенин белиң катуу ооруксунуп калыптыр. Касен сары болгон дары-дармегин шыбап, алакан оту менен баарын ордуна келтирдим деди. “Баары жакшы болот, бир аз чыдасын. Мен уруксат бергиче ордунан козголбосун”, – деп кетти. Апаңды да: “Кудай кааласа, эки-үч күндө жакшы болот”, – дейт. Айтканы келсин, балам. Оозунда бардыр. Касиеттүү Жайчынын уулу да… Калп айтчу эмес, айтканы – айткандай келчү эле.

Бектемир мунун баарын уктубу, же укпай калдыбы, айтор кайра эле башын көтөрүп, ким бирөөнү издеп жаткандай болду.

– Чынтемириң тигинде уктап жатат, — деди Абылай. – Бала эмеспи, чарчаптыр бечара. Энең экөөңө сары санаа болуп, кечке ары чуркап, бери чуркап…

– Ата?

– Ии? Суу ичесиңби? Жанагы суусатып жатат го… Кечке шалдыратып, кара терге түшүргөн да ошол дебедиби Касен…

Анын “жанагысы” эмне экенин Бектемир да, Сайра да түшүнгөн жок. Абылай өзү атып өлтүргөн кара чаар жыландын жерде сороктоп сектирген башын эстеп, эки ийнин солкулдата жыйрылып алды:

– Астафрулла… Балама Кудай шыпаа кылсын… Келе гой, суу ууртап алчы…

Абылай уулунун кежигеси астынан бир билегин сойлото коюп, башын өйдөлөтө, оозуна суу ууртатты.

(Уландысы бар)

2 thoughts on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.