Өлкөнүн алтын запасы бир жыл ичинде 3 млрд. сомго көбөйдү

Бир жыл ичинде Кыргызстандын алтын запасы сом эквиваленти менен алганда 3 миллиард 85,7 миллион сомго көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтына шилтеме жасап «Спутник» жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, былтыркы жылдын 31-августуна карата мамлекеттин алтын запасы 12 миллиард 927,3 миллион сомду түзсө, быйыл 16 миллиард 13 миллион сомго жеткен.

Өлкөнүн эл аралык валюта резерви он чакты валюта түрүнөн жана алтындан турат. Ал эл аралык төлөмдөрдү ишке ашыруу, төлөм балансынын таңкыстыгын жабуу жана улуттук валютанын курсун турукташтыруу үчүн пайдаланылат.