Жамгырдан кийин…

– Бакыт деген эмне?! Бакыт деген – аялзаты үчүн табышкер, билимдүү, акыл-эстүү күйөө да. Эң башкысы үй-жайы белен. Деги бул турмушта бактылуулуктун бир эле аныктамасы бар, ал кадыр-барк, сый. А азыр кадыр- барк деген немең адамдын турмуш-жайына, коомдогу ордуна  карап өлчөнөт. Ченелет. Бычылат… Керек болсо мен-мен деген илимпоздоруң дагы, билимпоздоруң дагы, кедейлериң да, байларың да, артисттериң да, молдолоруң да жана башка ушуга окшоп коомдо өзгөчөлөнүмүш эткен кемпайларыңдын баары адамдын турмуш жайына карап мамиле жасап атканы жалганбы?! – деп үнү чыйылдаган, аялдардай назик мүнөз күткөн ак сакал эле куракка келип калган бир киши сүйлөп жатты. Адеп тааныштырганда аны тиги күйөө болчу жигиттин илимпоз таекеси деп тааныштырышкан. Башында уяң эле отурган, шараптан ууртап-татып отуруп, кызып калдыбы, кудум илимдер академиясынын трибунасында тургансып эч кимге сөз бербей чыйылдап, чырылдап өз сөзүнө береги салтанаттуу столдо отургандардын баарынын көңүлүн буруп, ишендирип  жатты. Баары бир ооздон илимпозмун деген, мурутунан улам жүн тиштеген чымчыктай көрүнгөн кишинин пикирине макулболушту.

Отургандар өз ара жаштардын бактылуулугу тууралуу макулдашып, сүйлөшүп жатты. Кызга телегейи тегиз бакытты убада кылышты. Анан да алардын айтымында күйөө болчу жигит эстүү, өтө билимдүү экен, үйлөнүү үчүн атайын чет өлкөдөн келе жатыптыр. Апасына жардамчы, күйүмдүү жар издеп аткан имиш. Ошол жигиттин апасына жардамчы боло турган кыз – ушул кыз экен…

***

Жамгыр төгүп жатты. Жакында күз келет. Сүрөтчү али да тартылып бүтө элек кыздын сүрөтүн тиктеп ойлуу олтурду. Акыркы күндөрдө бул жаш кыздын маанайы начар эле, баштагыдай көп келбейт. Кез-кезде сүрөттү уланталы деп келет, бирок эми-эми тартып баштаганда эле буулугуп, көзүнө жаш тегерене баштайт…Кеч күздүн булуту түспөлдөнүп түнөрөт да турат. Көздөрүнөн терең бир санаа менен өксүк байкалат. Ушундай маанай менен кантип иштөөгө болсун? Сүрөтчү ичинен туталанып  кетет.

– Сага эмне болду тентек? Ал кызды ушинтип эркелетип койчу.

– Бирөө капа кылдыбы?

– Жок.

Сүрөтчү кыздын маанайын мындайынан да, андайынан да сурап көрдү. Кыз ачык-айкын эч нерсе айтпайт.

Ал ортодо кишинин да жүрөгү көп ооручу болду. Ачыгы, акыркы күндөрү кыздын келбей эле коюшун, сүрөттү да улантып тартпай эле коюуну каалап калды. Келбесе экен…Келип дагы себебин айтпай, жүрөктү оорутуп ыйлабаса экен, — деп гана тилейт. Бирок бөлмөнүн бир бурчунда турган кыздын чала тартылган сүрөтү кишини дайыма кыжаалат кылат. Бош боло калганда сүрөттү тиктеп отуруп: “Байкуш, али өзү да көрө элек. Мен анын агыш көйнөгүн кызыл көйнөк кылып, чачтарын тармалдатып тартып койгонумду көрсө укмуштай сүйүнмөк. Ага тармал чач жакшы жарашат экен чынында, өзү да жакшынакай кыз…” – деп ойлонот.

***

Кызды күйөөгө бере турган күнү аны абдан жасантышты. Ошол күнү биринчи ирет аялдардын сулуулук салонуна кирип көрдү кыз. Бир заматтын ичинде чачынан баштап кирпигине чейин шөкөттөлүп, таптакыр өзгөрүп чыга келди. Өзүн күзгүдөн карап, негедир жат бирөөнү көргөнсүп, ыңгайсыздана, көңүлү толбой турду. “Бул такыр мен эмесмин…” деди ичинен
күбүрөнүп.

“Бул такыр мен эмесмин го, таптакыр чоочун бирөөго окшошуп калдым. Буга караганда өзүм эле дурус болчумун…Ай-иий! Бетимдин бозоргону кантет? Көзүмчү? Мынча кейпим келишип калган? – деп кейиди. Бирок аны эч ким угуп койгон жок.

– Баары сонун болду!

– Бол батырак!

– Кечигебиз! – деп туш-тушунан ызылдаган кыз-келиндер  ызылдап, ортого алып жүрүп кетишти

Күйөөгө узап жаткан салтанаттуу мүнөттөрдө санаа аралаш белгисиздиктен эс-мас боло, ушунун баарын өңүндө эмес түшүндө  болуп жаткан окуядай кабылдап,  деги эле өзү бул окуяга  таптакыр тиешеси жок, жат бирөөдөй четтеп турду кыз. Кудалашкан эки тарап кыздын, ага үйлөнүп жаткан жигиттин өң-түспөлүнө, маа-найына маани деле берген жок. Өздөрүнчө дуулдап, ырдап-чордоп  отурушту.

Үй-ичиндеги салт-санаанын, сыйдын баары аяктап, жеңелер кызды коштоп отургандардын баары сыртка чыгышты. Тойдун ырымы көп, сыйы көп “кетер аяк” деп сыртта да ыр-бий жаңырып, чөйчөктөргө шарап куюла баштады. Ушул учурду пайдаланган кыз атайын эле жанындагыларга
угуза:

– Мен азыр келем. Бир нерсени унутуп калыптырмын –  деп подьездге чуркап кирип кетти.

– Аа, мейли эч нерсеңди унута көрбө – деп жеңеси калп каткырган болду.

Кыздын үйгө кирип кеткенини эч ким деле этибарга алган жок.

– Келгиле, дагы бирден көтөрөлү!

– Аттанар аяк!

– Келгиле! Экөөнүн бактысы үчүн!

– Жаштар үчүн! – шаң-салтанат уланып атты.

Кыз туура төртүнчү кабатка көтөрүлүп, сүрөтчүнүн каалгасын бар күчү менен каккылап жиберди. Киши да анын  келерин билгенсип эшигин дароо ачты.

– Мен, сени таарынып калбасын дедим, коштошуп коеюн дедим… – кыз күнөөлүүдөй жер карады.

Киши унчукпай кызды бооруна бекем кучактады. Кыздын муруну анын ийиндерине кептеле түштү. Биринчи жолу эркек адамдын кучагында турган кыз сүрөтчүдөн мээримдүүлүктү сезди.

(Уландысы бар)

0 Поделились