Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, КР эл акыны: «Фронтто» жүрүп колубуздан, бутубуздан, көзүбүздөн ажырадык…»

Жыпар ИСАБАЕВА «Кыргыз Туусу»


Заманбап кыргыз поэзиясына бараандуу салым кошкон акындардын бири Шайлообек Дүйшеев Ат-Башы районунун Ат-Башы кыштагында 1950-жылы 23-февралда туулган. 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктап, Нарын облустук «Нарын правдасы» гезитинде кабарчы, облустук телерадио уктуруу комитетинде редактор болгон. Кыргыз филармониясында адабий бөлүмдүн башчысы, Ала-Тоо» журналынын бөлүм редактору, «Кыргызстан маданияты» гезитинин бөлүм башчысы, «Асаба» гезитинде кабарчы, редактордун орунбасары, биринчи орунбасары, «Агым» гезитинин кызматкери болуп иштеген. 2011-жылы акындын чыгармачылыгына арналган «Отко чуркаган бала» даректуу тасмасы тартылган (Режиссеру — Бакытбек Турдубаев). Учурда «Азаттык» үналгысынын Бишкектеги кабарчысы.

– Шайлообек байке, окурмандар сизди дүйнөсү түгөл, телегейи тегиз акын, азыркы поэзиянын паашасы катары баалашат десем аша чаппайм го. Мындай деңгээлге жетүү жеңилге турбаса керек?

– Кичинекейден эр жеткенге чейинки жол… Бала кездеги койгон максат, ой-тилек… Ошого жетем деп жүрүп, жеткенден кийин бир кезде чечилбестей туюлган чоң нерсенин баары эле ыдырап сөгүлүп, жолуң ачылып эле, ийгиликтерге жол ачылып жүрүп отурган мезгил болот экен. Андайда эч көйгөй жоктой сезиле берет. Ооба, ырга жаңыдан келгендеги аябай чоң сезилген проблемалар бүгүн жок дечи…

– Ошондогу эң чоң проблемаңыз кайсы эле?

– Ар кандай, кээде кийимге болгон проблемалар, кээде батинкенин боосуна болгон проблемалар. Ушул сыяктуу эле жөнөкөй нерселер… Бирөөнүн жакшы кийингенин көрсөң: “Ий, мен дагы тетигиндей туфли кийсем” – деген, майда-чүйдө эле нерселер. А кийин өзүңдүн проблемаң чечилгенден кийин элдин, өлкөнүн проблемасы деген бар. “Элдин көйгөйүн ойлоном”, – десең кээ бирине күлкү болушу мүмкүн. “Ушундай чоң сөздү сүйлөбөй эле койбойбу,” – деп. Бирок сөзсүз ойлоносуң.

Болбосо, эмне үчүн: “Белгилүү болсом экен. Жакшы атым чыкса экен”, – деп жанталашып жүрүп, элге таанылдык? Эми элдин көз алдындасың. Сен кайсыл жакка бурулдуң, эмнени сүйлөп жатасың, сенин көз карашың каякта?.. Эл ошонун баарына көз салып, карап турат. Эл – бир караганда абстракттуу түшүнүк болгону менен, ал биригип келип бир чоң кудуретке ээ. Элден кача да албайсың.

Мен эми чач агарган кезде 25 жыл мурунку менен азыркыны салыштырам. Баягы, жаңыдан СССР кулап, “Асаба” гезитине жаңыдан иштеп, эмне кыларыбызды билбей, айлабыз кетип калган кездерди эстейм. Алгачкы жылдары Кытайдын спирти каптап, бир койду бир бөтөлкө спиртке алмашып, мыкты деген жигиттер көчөдө отуруп калган кез болгон да. Өлкө да эмне кыларын билбей карайлап калган сыяктуу болуп, бара-бара оңолбодубу. Мен ойлой берем, кыргыздын аялдары болбогондо, ошондо кыйын учурдан Кыргызстан мынчалык көтөрүлө алмак эмес.

Жаачы, Асел САДЫРОВА: «Жаа атуу – жашоомдун жаңы барагын ачып берди»

Биздин кыргыздын аялдары мыкты экен. Балага эң жакын – эне болот экен. Керек болсо, ата таштап да кете берет. Башына кыйынчылык түшсө, басып кетет. Аял – ушунчалык чыдамкай болот экен, мен таң калдым.

– “Аял – ит жандуу” деп ушундан улам айтышса керек да?

– Бекеринен айтылбаптыр. Эркектер эмне кыларын билбей, айланып-тегеренип турганда аял чаар баштыкты көтөрүп, дүйнө кезип, башкалардын азап-тозогуна, зордукзомбулугуна чыдап жүрүп Кыргызстанды көтөргөн – аялдар болду. Муну Роза Отунбаева Президент болгондо да айткам. Аялдар болбосо биз эчак чачылып кетмекпиз.

Чынында, биз ушундай, кыйраган абалда калганбыз. Бизди турмуш, сууга сүзө албаган адамды сууга ыргытат го: “Сүзсөң сүзүп өт, болбосо чөгүп өл!” – деп, ошо сыяктуу эле ыргытыптыр да. Чөккөнүбүз – чөктүк, өткөнүбүз – өттүк.

Чындыгында, биз мактана тургандай иштер көп эле болду. Айрыкча соңку жылдары. Адам көрбөй туруп, укпай туруп ушак кылганды токтотушу керек. Айланып-тегеренип эки жагын карашы керек. Мисалы, менин 60 жылдык юбилейим өткөндө Роза Отунбаеванын жардамчылары: “Ат-Башыны карай талкаланган жол менен түнкү саат үчтө чыкты, эртең мененки онго келип калат”, – деп айтышканы эсимде. Анда жол чын эле талкаланган болчу. Азыр жолдун мыктылыгынан катуу айдаган киши эки жарым саатта эле барып келет. Жол – түп-түз. Термелип баратып, баягы өткөндөрдү эстейсиң. Кудайга шүгүр, свет баягыдай өчпөй калды. Азыр бир саат жарык өчсө: “Интернетибиз токтоп калды”, – деп кейип жатабыз. “Ай, баягыда, Бакиевдин учурунда түнкү он экиден кийин таптакыр өччү эмес беле. Аны эмне үчүн эстебейсиңер?” – дейм.

Адам деген ушу. Жакшылыкка жеткенде жамандыкты бат унутат. Негизи эле жакшылык – өзү жакшы болгону менен, түбү барып, адамдарды бири-биринен алыстаткан күчкө ээ болот экен. Адамдардын башын жамандык гана бириктирет. Ооба, элдин башына күн түшсө, эч кимдин үндөөсүз, нускоосуз эле эл биригип, уюй калат. Жакшы, жай турмушка өткөндө кайта эле бири-бири менен чукулашып, эрмектеше башташат.

Тоодо жашаганыбыздын таасири да тиет окшобойбу. Тоо сыяктуу ойкуп-кайкып, бир нерсеге бат ишенип, бат алданып, кайра бат соолугуп, бат эсибизге келип, кокту-колоттун ичине түшүп кетип, кайра тоонун үстүнө чыксаң желаргы урат, гүлдөр, кызгалдактар, булутту кармап алчудай болуп делөөрүй түшүп, эсибизге келип, кайра ой-чуңкурга түшүп кетип… Мүнөзүбүз өзгөрүлүп. Бизди талаанын элине, ошол эле бир тууган деген казактын элине салыштырыш мүмкүн эмес. Биз бат түзөлүп, бат оңолгон, таптакыр башка элбиз.

– Сыймыктанар да жагдайларыбыз болсо керек?

– Сыймыктанганым – кыргыздын балдарынын, айрыкча айылдын балдарынын баштары өтө таза иштейт экен да. Себеби, суубуз таза. Биз бат эле баары өзгөрүп, бат эле баары жакшырса экен деп тилей беребиз. Шаша беребиз. Бирок адамдын өмүрү аз да. Кудай-таала адамга бир эле өмүр берет экен. Бир өмүр менен бир доорду өлчөш мүмкүн эмес. Канча бир адамдын өмүрү менен да өлчөөгө болобу? Бир күндө баары жакшы болбойт. Баары акырындык менен. Иште, сөзсүз, кемчилик болот.

“Ай, атаңкөрү ай, адамдын өмүрүн эмне үчүн кыска кылып койгон?..” – улам жаш улгайган сайын ушуну ойлочу болдум. Себеби адамга эми акыл кирип баратканда жыга чабат экен да. Анан… “ай, жаман карыптыр”, – дедирип, акыл кирбей өткөн кишилер да болот. Бирок жакшы карыйын десең да ал адамдын колундагы нерсе эмес, Кудай жасаган иш экен да. Карыса деле акыл-эсти бербесе адам кантип жакшы карыйт? Ал эми жаш кезде адам акылга муктаж болбойт экен. Жаштарды кара. Акыл айтсаң уккусу келбейт: “Коюңузчу, сиз түшүнбөйсүз. Сиз эскиче көз караштагы кишисиз”, – дей баштайт. Какшайсың, какшайсың… Бул – илгертен бери эле ата менен баланын, эне менен кыздын ортосундагы өзүнчө жол. Ал өзү биздин жашка келгенде анан: “Ий, ошондо бекер айткан эмес экен”, – деп ойлоно баштайт.

– А биз азыр эле акылдуу болуп кетсе экен, мен билгенди биле калса экен дейбиз да…

– Ооба, бирок андай болбойт. Ошондуктан Бакай бабабыз Манасты: “Акылың бар, эсиң жок!” – деп тилдеген да. Ал эми эс – акылга кошумча, чоң нерсе экен.

– Акылды ары-бери “жетелеп”, теске салып турган дейсизби?

«Сүйүүнүн аруу экенин ата-энемдин ортосундагы сүйүүдөн көргөм”

– Ии. Мен бир ой толгоомдо жаздым эле: “Акыл – эркек сыяктуу, эс – аял сыяктуу нерсе. Акылды дайыма буруп турбаса, агып кете берет. Эс: “Эй, акыл, тиякка баратасың, аякка барганың болбойт”, – деп эсине келтирип, башкарып турган күч сыяктуу. Буларга кошумча дээр деген да бар. Чоң энем айтып калчу эле: “Дээринде жок экен”, – деп. Көрсө, дээр – өтө чоң нерсе экен да. Адамда дээр болмоюнча болбойт. Ал эми билим – анын жөнү башка. Горький бекер айтпаптыр: “Менин университетим – турмушум” деп. Турмуштан өткөн мектеп, турмуштан өткөн билим болбойт экен. Мисалы, биз университетти бүттүк. Ошол эле Мамбетсариев агайдын, Бакинова эжейдин сабагынан мээде эмне калды? Эсиңдеби? Турмушта эмнесин пайдаландык? Мисалы, бизге жазганды эч ким үйрөткөн жок да. Курсташтарыма айтам: “Ай, силерге караганда аз окупмун. Староста болуп, силерди “окугула” деп, зачеткаңарга баа койдуруп жүрүп, өзүм жөн эле “отл.” (отлично – мыкты – Ж.И.) ала берчү экемин”, – деп. Эмнеге “отл..” алып жатканымды өзүм деле билбейм. Окуунун азабын тарткан деле жокмун. Кырк сом стипендия алчумун. Жарымын кыздарга конфет алып берип, жарымын виного жумшачубуз. Бир көйнөк, бир шымга да жетчү ошол кырк сом. Көрсө, билимди турмуш берет экен. Илгери бир айылды бир-эки эле киши акыл-эс менен башкарып койчу эмес беле. Ошолордо кайдагы жогорку билим? Бирок алар элди укмуштуудай акыл менен эрчите алган. Көрсө, көкүрөктүн билими башка экен. Мисалы, Акаевди билимдүү, академик, эми жыргайбыз, кыйын президент келди деп, кандай кубандык эле? Көрсө, академиялык билим – илимге керек экен. Ичимден: “Президент болуп канча өмүрүн короткондон көрө, элдин алкышы эмес, каргышын алып кеткенден көрө, ошончо убактысын илимге жумшаганда, ата-а, кыргыздын атак-даңкын чыгарбайт беле”, – деп ойлоп коем. Ал эми “мамлекеттүүлүк” деген түшүнүк азыркы президенттен кийин кирди. Ага чейин эч ким деле минтип ой жүгүртпөгөн сыяктуу. Мамлекетке күйгөндү, мамлекетти сүйгөндү ушундан үйрөндүк. Бул эми көп сөз… Кээ бирөө: “Койчу, ай!” – деши мүмкүн.

– Ооба, калыстык менен элге жагыш да кыйын…

– Бая күнү бирөө: “Сиз деле бир үн катып койбойсузбу. Илгерки курчтугуңуз кайда?” – дейт. “Билесиңби, биз жап-жаш кезибизде “Асабага” келдик. Демократияны биз баштадык эле. Демократия деген ушул экен деп эле, эмнелерди гана жасаган жокпуз? Биз билген да, билбеген да кишилерди шыбап жазган учурубуз болду. Түшүнбөй эле тилибиз тийген учур болду. Ачык сүйлөө деген ушул экен, баарын жашырбай айтыш керек экен деп, тааныбыган эле кишини шыбап…

Бүгүнкү журналистикага ошентип биз из салып, бороз салып бериппиз. Ошентип жүрүп соттолгон күндөр да болду. Жада калса Усубалиевге асылдык. Туура асылдыкпы, туура эмес асылдыкпы, иши кылып асылдык. Асылбаган кишилерибиз калган жок. Кайра куруунун фронтунда жүрүп, колубуздан, бутубуздан, көзүбүздөн ажырадык. Фронтто жүргөн киши да соо калчу беле, жарым жан болуп келдик Эми ошол “улуу атамекендик согуштун” катышуучусун кайра согушка салгың келеби?!” – дедим тамаша-чындан.

Чындыгында эле ошондой болду. Көрбөгөндү көрдүк. “Асаба” соттошуп, бизди көчөгө айдап чыкканда: “Бизди эл колдоп алат”, – деп ойлогонбуз да. Эл – абстракттуу деп айтып жатканым ушул. Элдин бири да басып келген эмес. Биз оозубузга скотч чаптап алып турабыз митинг кылып. Ошондо биз “оппозициям” деп калп болсо да мактап жатып чыгаргандардын бири да басып келген эмес. Ошондо түшүнгөнбүз, ошондо жерге түкүргөнбүз. Ошондо дагы эс кирген эмес бизге. Бир жолу Эрнис (Эшимканов – Ж.И.) экөөбүз алты жылга кесилип да кете жаздаганбыз. Сурак берип канча жүрдүк…

– Эмне кылдыңыздар эле?

– Бир жолу көлдүн Челпек деген айылынан бир жигит келди. Жыйырма алты кишинин колу коюлган кат көтөрүп алыптыр: “Жункеев деген бизди өлтүргөнү калды. Сойгону калды. Жеп-ичип, талап жатат”, – деген. “Жункеевиңер ким?” – десем: “Ошол айылдын башкармасы, Акаевдин досу. Ошо Акаев досуна бир КамАЗ алманы берип койду”, – деп. “Эртең танып кетпейсиңерби?” “Жок, Кудай урбадыбы, байке, кантип танабыз? Гезитке басып берсеңиз эле болду”, – дейт. Анан мен аны иштеп туруп: “Жункеевден бир КамАЗ алма жеген Акаев” деп заголовка коюп туруп басып жиберип жатпайбызбы. Жок дегенде заголовкасын башкача койсом болот беле? Же аныгын билбейбиз, тигилер айтып келсе эле ишенип жатпайбызбы. Ошондо Акаев: “Эгер бир тоголок алма жесем, мен жооп берейин. Болбосо, ошол жазган кишиңер жооп берсин”, – деп генпрокуратураны жөнөткөн экен. Барса, айылдагы жанагы жыйырма алты кишинин баары качып: “Жазган эмеспиз, кол койгон эмеспиз”, – дебейби. Ошол кезде Замира Сыдыкова соттолгон кез болчу. “Силер эми алты жылга кетесиңер”, – деп калышты бизди. Ошентип жатып эле анан, Кудай жалгап амнистияга туш келип калып жатпайбызбы… Чыркыраган боюнча кетмекпиз.

– А баягы кат көтөрүп келген жигитти таптыңыздарбы?

– Ой, кайдан? Ал ошол бойдон таптырган жок. Карабайсыңбы. Андан кийин деле жалкысак болот эле да. Ал тургай улуу эле адамдарды аңтарып: “Баланча менен түкүнчөнүн көңүлү жакын экен”, – деп жазган күндөрүбүз да болбодубу. Ыймандын жоктугу да. Болбосо, өлкөнү башкарган адамдар. Алардын да бала-бакырасы, ата-энеси, куда-сөөгү деген бар да. Ушунчалык бетсиздикке чейин барыптырбыз. Ошонун баарынын эми деле кайталанып жатканы өкүнүчтүү.

– Президенттерди сындоо жагынан биздин эл алдына киши салбаса керек. Мындай соккуга кимиси кандай туруштук бере алды?

– Баары Акаевдин доорунан башталды. Ал кезде журналистикадагы чар жайыттык, ээн ооздук, баары жаңы башталган. Анын үстүнө ал киши билимдүү киши эле. Илимге жакын кишинин журналисттерге жасаган мамилеси да такыр башка. Балким, ал деле баскысы, соттогусу келгендир. Бирок бери жактагылар: “Кой, демократия ушундай болот экен. Батышта деле ушинтип башталган”, – деп айтып турду го. Ал эми кийинки президенттин – Бакиевдин жөнү башка эле. Ал дароо эле ур-токмокко алып тепкилеп кирбедиби. Отунбаеванын бир жылы болсо өлкөнүн ичеги-карынын арткыча өтүп кетти. А бул киши (азыркы президент – Ж.И.) деген башка. Муну жаш кезинен билебиз. Баягы, Жазуучулар союзунда чатак чыгып, жазуучулар бөлүнүп турганда биз, жаштар, жер тепкилеп: “Эмне үчүн жаштардан секретарь болбойт?! Бизге жаштардын укугун коргой турган жаш секретарь керек!” – деп турабыз. Укугубузду деле билбейбиз. Жөн эле ошондой сөз кылып жатабыз. Чыкем (Ч.Айтматов – авт.) президиумда отурат. “Эми кимди секретарь болсун дейсиңер?” – десе: “Атамбаев Алмазбекти!” – деп кыйкырып жатабыз. Анда Алмазбек Атамбаев котормо жаатында иштеп жүргөн.

Жазуучулар союзунун адабий фондунун төрагасы болчу. Мектепти орусча бүткөндөр тыңыраак болот. Жумшак көрүнгөнү менен, ачуусу келсе катуу келчү. Коркпойт. Ушундай мүнөздөрү бар. Президент баарына эле тең ата боло бербейт да. Чектен ашып кеткенде гана, акырындык менен куйругун толгой баштабадыбы.

– Учурда сизди эмне кейитет?

– …Өмүрдүн өтүп баратканына кейийсиң. Өтпөй да кое албайт экен. Жаштар болсо эч качан карыгысы келбейт, көп жашагысы келет. Булар ушундай. Биз деле жаш болгонбуз. Жаш кезде эч нерсени ойлобойсуң. Эртең эле кырга чыксаң, ары жакта аксап кемпир келе жатат, чал келе жатат. Карылык ушинтип жолуңдан чыга каларын ким ойлойт? Ошо ойлобогондору деле дурус. Бирок жаштардын бизге караганда мүмкүнчүлүгү абдан кенен. Дүйнө деген, Кудайга тобо, соткалар чыкканы Жер шары деген азыр ушунчалык кичирейди. Атасы үйдө отуруп алып тээтиги Америкадагы баласы менен, кызы менен сүйлөшүп жатпайбы. Бирок интернет чыкканы эмнени жоготтук? Биз өзүбүздүн ыйык сезимдерибизди кат аркылуу билдиргенди жоготтук. Армияда жүргөндө конвертти көрсөтүп бирөө келип: “Кимиңерге кат берейин?” – дегенде ичибизден бир катуу толкунданчубуз: “Кат кимден келди экен? Үйдөнбү же сүйгөн кызымданбы? Достордон келдиби?” – деп. Ошол катта баары бар болчу да – айылдын жыты, абасы, андагы адамдардын сезими. Бири-бирине билдирген сезимдер, сөздөр. Жакшы көрүнөйүн деп өзүң да туура жазууну, сулуу жазууну дегдеп… Ката кетип калбаса экен деп улам кайра жазып. Сулуу жазсак эле ошол кыз сүйүп калчудай делебептеп… Ошонун баары жоголбодубу. Эми “смстен” эмне жылуулукту аласың? Адамдын өз колу менен жазганы башка.

Сөздө да, үндө да касиет болот. Бая күнү “Турар” басмасына бара калсам Омор Султанов отуруптур. Көптөн бери көрүшө элек болчубуз. Атадай болуп ушунчалык элжирей карап, кулагыма эңкейип: “Агындыларды” окуп жатам”, – деди акырын. Ошол эле сөз мага жетти. Себеби, биз – жазуучулар, бирибиздин жакшылыгыбызды бирибизге айтканды дагы ыраа көрбөйбүз. Ичимден ойлондум: “Сөз кадырын билген, адам кадырын билген акын да, айтып жатат”. Мага бул аябай чоң дем болду.

Балеттин чолпону – Чолпонбек Базарбаев

Үн демекчи, өткөндө Кайрат Иманалиев: “Радиого “Агындыларды” өзүңүз окуп бербейсизби”, – деп калды. Адегенде: “Артисттер эле окубайбы”, – деп, анан окусам, элге жагыптыр. Чыгарманы да өз үнүң менен окусаң, андан өзүңдүн ички сезимиң, дилиң угулуп турат экен. Мисалга төкмө акындарды алалы. Бая күнү: “Кагазга түшүрүп келгилечи?” – десем, ошончонун ичинен беш-алты эле сабы колго урунат. Башка эчтеке жок. “Эй, тетиги Арстанбекти, Жеңижокту карагылачы! – дедим. – Алардын айтканын кээ бир жазма акындар да келтире албайт. А мында эчтеке жок…” Бирок ушул эле болбогон саптарга эл кол чаап жатпайбы! Себеби, аны акындын үнү жылуулап, сулуулап коюп жатат. Кээ бирде начар текстти деле обон билгизбей кетет. Гүл деле кооз болот, бирок анын жыты барбы, жокпу? Адамдар деле ар түрдүү болот. Кийим менен өзүбүздү кооздоп, көчөгө чыгат экенбиз. Бирок ички жан дүйнөбүз кандай? Сүйлөшмөйүнчө биле албайт экенбиз.

– Бүгүн эртең менен туруп эле эмне жөнүндө ойлондуңуз?

– “Бул жазуучу мындай, тигил андай…” деп, биз советтик адабиятты окудук да. Көрсө, туура эмес окутуп, туура эмес үйрөтүптүр. Колумдан келсе, адабиятты окутууну таптакыр башка нукка бурат элем. Өткөндө Сагындык Өмүрбаевдин бир эскерүүсүн угуп калдым: “Түкөмдүн (Т.Сыдыкбековдун – авт.) “Көк асабасын” күндүзгү саат ондо баштап, түнкү онго чейин катуу сынга алышты. Бүт эле баары жамандап жатышат дейт. Ошондо Түкөм “солк” этпей, терезе жакты караган боюнча гана отурду, жарыктык киши “былк” этип койгон жок. Таң калдым дейт. Шыбап жатышат, шыбап жатышат. Өзү угуп эле отура берди. Бир жерден мен кичинекей реплика кылган болдум. Талкуу бүткөндөн кийин: “Сагындык, жүрү, чогуу басалы”, – деди. “Сиз кантип унчукпай койдуңуз?” – десем: “Убагында “сынчылар” Пушкинди, Чеховду жамандаган, Толстойду жамандаган. Кана, ошол жамандагандардын аты? Үчөө жашап калды го. Андыктан, жалааны мойнуңа албай жүр! Куру жалааны эч качан мойнуңа албай жүр!” – деп айтты дейт. Эми деле: “Баягы сын жоголду, сын болсо эле дүркүрөп өсөт элек”, – дегендерди окуп калам. Бул көз караштын баары туура эмес.

– Балким керектир?

– Адабий сын – ошол сынчынын жеке көз карашы. Салижан Жигитов айткан, билсең керек: “Баарыбыз эле ыр жазгыбыз келген, акын болгубуз келген. Боло албай калгандан кийин, айла жок сынчы болуп кеткенбиз,” – деп. Мен сынчылардын көбүн билем. Мыкты ырларды жазып көрүшкөн. Бирок аягына чыкпай калышкан. Ошол кезде бир эле сын жазып койгон адабиятчынын аты биздин адабий чөйрөдө укмуш болуп калчу.

Көрсө, сынчы деле өзүнүн жеке оюн айтат экен да. Элден өткөн сынчы жок. Эл канчалык абстракттуу болгону менен, биригип келип, акыйкат сынды бир берип коёт. Элди эч нерсе буза албайт. Элден өткөн сынчы жок.

Ошондуктан жүрөктөгү нерсени гана жазышыбыз керек. Өткөндө: “Агындыларды” аябай окуп жатабыз. Окула берет экен. Мунун эмне азгырыгы бар? Атын “Азгырык” деп койсоң болбойбу?” – дейт бирөө. Айттым: “Балаңа мамиле кылгандай, бар дүйнөңдү төшөп, сүйүп жазсаң, эл да ошондой кабыл алат. Анын сыйкыры ошондо”.

– Жаңы ырларды жазып жатасызбы?

– Мурдагы жазгандарымды кайра иштеп жатам. Кызык. Жаш кезде жалындаган нерсе, азыр таптакыр башка. Бул – акылдын жоголуп баратканы эмес, балким толуп баратканыдыр? Себеби, баягы биз жаш кезде укмуштуудай дуулдап окуган китептер, элеп-желеп болуп кабыл алган сезимдер эмнегедир сууп калгандай: “Ой, муну мындай эле жазып койгон турбайбы. Мобу жери мындай эле турбайбы.

Эмнеге ошондо өрттөндүк экен?” – деп калган учурга келдик. Көрсө, жаш кезде тереңден кабыл албай, кызыл-тазыл гүлдөрүнө сүйүнүп эле, үстүнөн чуркап өтүп кете берет экенбиз. Кийин абай салып карап, түшүнөт экенбиз.

Жөнөкөй эле мисал, мурда үй салганга деле анчалык маани бербепмин. Иши кылып бүтүп калса болду да дегенчелик кылып. “Ушунча тактай кеттиби? Ушунча акча кетет бекен? Цементти азыраактан салып… Эй, үнөмдөш керек да”, – дей берчүмүн да. Көрсө, жакшы чыгарма жазгандай, жакшы үй салыш үчүн да жакшы мээнет, жакшы каражат кетет экен.

– Үй салып жатасызбы?

– Айтматов сыйлыгын албадым беле, тыйыны менен беришет экен. Ошону тамга салдым. Бир күнү Мелис Турганбаев деген иним өзүнүн минип жүргөн “Мерседесин” үйгө алып келип таштап кетти: “Сиз миниңиз”, – дейт. Кантип минем? Майды деген өкүртө ичет экен. Бир күнү: “Меке, рахмат. Мага болбойт экен. Муну мен эмне кылам эми? Сатпасам, болбойт экен?” – десем: “Өзүңүз билиңиз”, – деди. Ошону сатып жиберип, курулушка салдым… Ошентип эле бүтүп калды. Артыңда китептен башка да бирдеме калыш керек экен да. Баарыбыз өтөбүз. Көзүң өткөндөн кийин билесиң да, кыргыздар: “Аа, бечара, тим эле эл акыны болуп, кыйын өңдөнүп жүрчү эле. Ырыстуу деле үйү жок экен”, – деген сөз болот. Кыргыз деген тамагыңды ичет, батасын берет да, баратып эле кеп кылып кете берет. Ошондуктан, тиякка да даяр жүрүш керек экен.

– Наам, сыйлыктар тууралуу да кеп сала кетсеңиз?

– Сыйлык десе эле, кээ бирөө ойлойт: “Элге таанымал адам. Ошон үчүн эл берди”, – деп. Ошо элдин атынан кимдир бирөө эстеп, сунуш кылбаса, кайдан? Мен ачык эле айтам. Бизге эл акыны деген наамды Болот Шер алып берген. Ушинтип айтсам бир топ досторум таарынган. Ыраматылык, Уркаш Мамбеталиев абам эл артисти болгондо радиого алып келип: “Уркаш аба, жашырбай айтыңызчы. Эл артистин кантип алдыңыз?” – десем, ичинде кири жок, бир сонун адам эмес беле: “Ай, жанагы Иманбаев жердешим эмеспи, ошол Акаевага айтып алып берген”, – деп түз эфирде айтып салып жатпайбы. Иманбаев анан ачууланыптыр да: “Мен сени “Азаттыкка” барып айт дедим беле?!” – деп. Азыр мен деле айтам… Кудай турбайбы, эмнеге жашырам? Парламентте Чыныбай Турсунбеков жакшы доклад жасап, Каныбек Иманалиев жана РФ кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко үчөө эле алып берди. Бирок ошого сен татыктуусуңбу, жокпу? Бул – башка маселе. Мен ошону алгандан кийин эл чуулдап: “Эмне үчүн бул алат, эмне үчүн тиги албайт?” – деген жок да. “Туура эле болуптур!” – деди. Эң негизгиси ушул.

Бирок кеп сыйлыкта деле эмес. Сыйлык десе эле эсиме түшө берет. Сүймөнкул Чокморов Москванын ооруканасында жатып өтүп кетпедиби. Жалил Сооданбек айтат: “Киномду өткөрөйүн деп Москвага барып, Сүкөмдү көрө кетейин деп ооруканага барсам, бир тууган агасы босогодо отуруптур, башын жерге салып: “Бир бөйрөгүмдү берейин десем, врачтар кеч болуп калды, өзүңүз да бөйрөксүз каласыз”, – деп коюшту. “Акыркы саатын жашап жатат, кирип чык. Бирок өзүнө айтпа”, – деди дейт. Кирсем Сүкөм жаткан экен. Өңү – купкуу. “Жалил, билесиңби, – дейт. – Таң эрте короого “дворниктер” келет. Шыпыргыларын алып, жаман кийимдерин кийип, кужулдашып, тамеки тартышып, бир топко чейин тамашалашып сүйлөшүп, анан шыпыргынын үнү чыгат. Ошолордун баары тим эле чымчыктын сайраганындай угулат мага.

Эгерде Кудай-таалам: “Тур, Сүймөнкул, баягы атак-даңкыңды, сыйлыктарыңды, орденпордениңдин баарын мен алайын, сага ден соолук берейин” десе, бүт баарын берип, ден соолукту алмакмын. Оорукананын дааратканасын тазалайсыңбы? – десе эртеден кечке, тазалаганда да жалтыратып тазаламакмын. Ден  соолуктан өткөн кымбат, баалуу эч нерсе жок экен”, – деди дейт. Көрдүңбү, эмнени айтканын? Күн деген кызарып батса, адам – кубарып батат экен… Сыйлык деген эмне? Тирүүлүктөгү эле бир убарагерчилик. Бирок, албетте, өзүңдүн бааңды алып жатканыңа кубанып каласың. Дем берет. А негизиси, адам бойдон калыш, адам бойдон жашап өтүш – өтө чоң сыйлык. Бала кезде улуулар Кудайга жалынып эле элге жакшылык, тынчтык сурай берсе: “Болбогон нерселерди эле айтып отурат”, – деп жаман көрчү элек го. Көрсө, болбогон нерсе эмес экен да. Тынчтыктан өткөн эч нерсе жок экен. Эки тополоңду башыбыздан өткөрдүк.

Ошондо мен көрдүм эле, булуттардын бир кызыктай болуп кетип баратканын. Күйүп бараткан, мордон чыккандай капкара болуп кетип баратканын көрүп таң калдым эле. Бардык нерсе бейпил турмушта ишке ашат. Ыр да, жол да, баары бейпил турмушта бүтөт. Кудай бизден киийнки муунга тынчтык берсе, таланып-тонолгон күндү башка салбаса экен деп ойлойсуң. Кыргыздын ар бир аткан таңы тынчтык менен атып, ырыскы менен батса экен. Баары жакшы болсо экен дейбиз.

Жакшы нерсе – аз болот. Ал ошонусу менен барктуу. Илгери айылда бир эле молдобуз бар болчу. Ушунчалык кадыр-барктуу эле. Көбөйгөн сайын баркы кетти. Илгери бир жагы кызыл, бир жагы көк карандашты көрүп катуу суктандым эле. Кийин андан кооздору чыгып, тигил каралбай калбадыбы. Баарына эле жетип келе жатабыз. Бирок болбой эле адам ач көз болот. Ынсапты да ойготуш керек экен: “Эй, сага көптүн эмне кереги бар?..” – деп. Адам дүйнөгө жалгыз келип, жалгыз кетерин унутпаш керек экен.