Улуттук банк 5% эсептик коюмду сактап калды

Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик коюмду 5% деңгээлинде сактап калды. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында КРУБ төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.

“КРда инфляция Улуттук банк күткөн деңгээлде динамиканы көрсөтүүнү улантууда жана акча-насыя саясатынын максаттуу багытынын 5-7% диапазонундагы төмөнкү чегине жакындоо тенденциясына ээ. 2017-жылдын сентябрында инфляциянын жылдык мааниси 3,2%ды түзүп, августта 3,8%дан төмөндөгөн”, — деди Н.Жеңиш.

Төраганын орун басары КР экономикасында тышкы жана ички факторлордун жакшыруусу уланып жатканын белгилеп, 2017-жылдын январь-августунун жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү Кумтөр кенин кошпогондо 6% түзгөнүн кошумчалады. Экономиканын негизги тармактарында өндүрүштүн өсүшү, акча которууларынын көбөйүшү байкалууда. Таза акча которуулар 2017-жылдын январь-июлунда 28,8% болгон.

Толукта кетүүчү жагдай Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 5%деңгээлинде калтыруу чечимин 25-сентябрда кабыл алган. Чечим 26-сентябрдан тарта күчүнө кирет.