“Рок-н-ролл” стилинде өзүмдү сынап көрсөмбү деп жатам”

Элге таанылып калган ырчы Айбек Касымовду кепке тарттык. Ал алдыдагы чыгармачылык пландары жана ырчылык жолу тууралуу ой бөлүштү.

Жакында концерт берем

– Репертуарымды жаңы ырлар менен толуктап, эч ким ырдай элек, салмактуу ырларды даярдап жатам. Сөзү, обону Аскат Жетигенге таандык “Айылымды сагындым” аттуу чыгарманы жакында алып чыктым. Өзүмө жагат, албетте, элге дагы жагат деген ойдомун. Андан сырткары жубайым менен бирге дуэт да аткарып жүрөбүз.  Бек Борбиев агабыздын “Зымырат менен Гүлмурат” деген чыгармасын Рок-н-ролл стилинде ырдап, өзүмдү сынап көрөм.

14-майда жеке концертимди берем. Бул күн энелердин майрамына туш келгендиктен “Энелерге ыр десте” деген аталышта коёбуз. КРнын эл артисти, маэстро Бакыт Тилегенов эл аспаптар оркестри менен коштойт. Андан сырткары комуздун, гитаранын коштоосунда ырдайм. Ошондой эле арфага окшогон “Канон” деген түрктөрдүн аспабы менен да ырдайын деп жатам. Буюрса, ушул концертти жакшы өткөрүп алсам, жогорудагы “Айылымды сагындым”, “Өмүр термеси” аталган ырларга клип тарталы деп турабыз. Буга чейин 2018-жылы  концерт бергем.

Баары домбра деп ойлошот

– Мен чертип жүргөн домбра-комуз баарына домбрадай элес калтырат экен. Домбра эмес, кадимки эле кыргыздын комузу. Домбра-комуз деп айтса болот. Орозобай Кенчинбаев деген көлдүк залкар комузчу, уста агайыбыз жасаган.

Ырдын сөзүнө, обонуна маани берүү керек

– Мен ыр тандаганда улуу муундагы обончулар жараткан ырларга маани берем.  70-80-60-жылдардагы ырларды көп ырдайм. Негизи эле эски ырлар сөзү да, обону да төп келген керемет чыгармалар.  Мисалы, “Эңсөө” ыры 1975-жылы, “Ак чыны” 1970-жылы чыккан чыгармалар. Ошол унутта калган ырларды кийин мен ырдап чыктым, бул чыгармаларды бирөө ырдап чыкса болот эле деп ойлонуп жүрчүмүн.

Бирок, эч ким ырдабайт, анан мен ырдап чыктым. А кээде мен ырдайын деген ырларды башкалар биринчи ырдаган учур болуп турат.

Обон чыгарбайм, сөзүн жазбайм. Мен жөн гана аткаруучумун. Кийин, балким, кайрыктар келип калаар, азырынча обончу болом деген сезим ойгоно элек. Жакшы аткаруучу болуп алсам деле жетиштүү го дейм.

“Кымбатым” чыгармасынын таржымалы

– “Кымбатым” чыгармасынын обону Рыспай Абдыкадыровго, сөзү Сооронбай Жусуевге таандык. Бул ырды мага чейин көп эле ырчылар аткарып келишкен. 2005-2006-жылдары көлдө пансионаттан бирөө сурап калды “Ушул ырды билесизби” деп. Тилекке каршы, мен ал чыгарманы толук билбейт элем. Ошондо  “үйрөнүп коюш керек экен” деп койгом. Ар бир ырды аткарып чыгуунун убакыт сааты келет экен. 2011-жылы Чолпон-Атада өткөн “Кадыр түн” фестивалында ушул ырды ырдагам. Ыр калыстардын сынынан өткөн жок, конкурстук ыр эмес дешкен. Кыргыз эл акыны Кыялбек Урмамбетов агабыз өзүнүн китебин белек кылган, мага ошол эле жетиштүү болгон. Андан бир жума өтүп-өтпөй “Кыргыз радиосунан” чакырышып, “Ушул  ырды жакшы ырдагансыз” деп калышты. Ошондон кийин бул чыгарма менин аткаруумда элге жагып, таркап  кетти.

Жубайым менен жети жыл сүйлөшкөнбүз

– 1997-жылы Искусство институтун аяктап, март айында Балыкчы  шаарынын маданият үйүндө эмгектенип калдым. Июнь айында болочок жубайым келип калды. Экөөбүз ошол жактан таанышып калганбыз. Биз жети жыл сүйлөшүп жүрүп, анан үйлөндүк. Ал экөөбүз чыгармачылыкта да, жашоодо да биргебиз. Кудайга шүгүр азыр беш баланын ата-энесибиз.

Асел СҮЙӨРКУЛ кызы

0 Поделились