Талант Мамытов Майлуу-Суу жана Таш-Көмүр шаарларына иш сапары менен барды
Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов Майлуу-Суу жана Таш-Көмүр шаарларына иш сапары менен барып, аз камсыз болгон үй бүлөлөр менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жолугушуу алкагында ай сайын жөлөк пул алууга муктаждыгы бар үй бүлөлөргө мамлекет тарабынан каралган 100 миң сомдук сертификаттарды тапшырды.
Иш-чарага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү жана жергиликтүү жетекчилер катышты.
Кайтарымсыз негизде берилип жаткан каражатты туура пайдаланып, ийгиликке жетишүүгө үндөгөн Талант Мамытов: “Өз турмушуңарды жакшыртуу менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө салымыңарды кошосуңар деген ишеничтемин”, – деди.
Кошумчалай кетсек, “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуучуларды колдоо максатында түзүлгөн социалдык контрак боюнча жер-жерлердеги аз камсыз үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берилүүдө.