Шайлоо — 2017: Так талашкан талапкерлер же үгүт учурунда болгон кызыктар

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


Испаниянын автономдуу аймагы Каталонияда чоң керектөөсүн жасап жаткан адамдын статуясы каганер деп аталат жана бул салт. Статуеткалар жаңы жылдык үнкүрчөлөргө коюлат, же үйдүн бир жерине катылат. Аларды тапкан адамды ийгилик коштойт деп эсептелет. Дал ушундай каганерлер АКШда шайлоо учурундагы үгүт иштери учурунда Клинтон жана Трамптын сөлөкөтү менен жасалып, табышкер ишкер тарабынан көп оюнчук сатуу жолунун аракети катары каралган. Ал эми Москвадагы тез тамактануу жайларында “Трамптын жана Клинтондун даамын татып көр” деп, талапкерлердин урматына сендвичтерди аташкан. Бул нерсенин баары АКШда өткөн шайлоодогу үгүт учурунда болгон кызыктуу окуялар. Мындай кызыктардан Кыргызстандагы үгүт иштери да куру калган жок. Күн сайын бирден кызыктуу окуя коомчулуктун назарына салынып, улам бири кызуу талкуу жаратып жаткан учуру. Үгүт иштери аяктаганча дагы далайына күбө болчудайбыз. Алардын кайсынысы мыйзамдуу жана мыйзамдуу эмес экенин компетенттүү органдар териштирип, чечимин чыгарат. Ал эми биз окурмандарыбызга “Шайлоо–2017” учурунда кандай олутуу жана кызыктуу жагдайлар кезикенине саресеп салып көрүүнү эп көрдүк.

Чатакка жем таштаган жеке пикир

Премьер-министр Сапар Исаков вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге эскертүү берип, шайлоо штабынын жетекчилигинен четтетти. Буга себеп, Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 19-20-сентябрда Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарын кыдыруу учурунда талапкерлердин бирине артыкчылык берип сүйлөгөн. Эми шайлоо штабын жетектөө милдетин коопсуздук боюнча вице-премьерминистр Темир Жумакадыров аткармакчы. Белгилей кетүүчү жагдай мыйзам боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, судьялар, диний уюмдардын өкүлдөрү, кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдардын мүчөлөрү үгүт жүргүзүүгө укугу жок.

Анткен менен Зилалиев жогорудагы сөздөрдү айтканын моюндап, бирок эки маселеге токтолду. «Биринчиден, ал жерде ишенимдүү маек форматында бейрасмий жолугушуу болгон. Аудио мыйзамсыз жазылган десек болот. Экинчиден, сүйлөгөн сөзүмдөн бөлүп алгандыктан мааниси жоголуп кеткен. Муну күбөлөрдөн сурасаңар да тастыктап берет. Мен аны берилген суроолорго жооп берип жатып айткам. Сүйлөп жатып муну үгүт катары сыпаттабагыла деп да бир нече ирет эскерткем. Мен кызматкер катары эмес, жеке өзүмдүн гана пикиримди айттым. Бул өтө маанилүү!» — деди вице-премьер.

Бабановдун башын ооруткан жагдайлар

Эң резонанстуу учур болуп интернет айдыңында президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев менен болгон жолугушуусу талкууга түштү. Айрымдар муну саясий упай алуу үчүн атайын жасалган аракет деп бааласа, кээ бирлер аны парламенттин фракция лидери катары катышкан дешүүдө. Бул маселе боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын так чечими чыга элек. Мыйзам боюнча үгүт иштери учурунда талапкерлер башка өлкөнүн лидерлери менен сүрөткө түшүп же тасмага тартылып, аны үгүт катары жарыялоосуна тыюу салынат. Талашка түшкөн жолугушуу тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министри да үн катып, ага карата нааразычылык нотасын коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине жөнөткөн. Билдирүүдө Казакстандын президенти Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпей турганын айтканына карабай, анын сөздөрү Кыргызстандын келечектеги президентин тандоого таасир этери айтылган.

Дагы бир кызыктуу учурлардын бири Бабановдун үгүт иштерине катышып жаткан куудул Абдылда Иманкулов алгачкылардан болуп “бомба” жарды десек болот. Ал атайын пресс жыйын өткөрүп, эгер Бабанов президент болсо, жыргап кетебиз деген сөзүмө ишенбегиле деген таризде билдирүү жасады. Иманкулов Бабанов менен Төрөбаев тандем түзүп, эгер Бабанов президенттик жарышта жеңсе, Төрөбаевди Премьер-министр кыла турганы белгилүү болгондон кийин иштешүүдөн баш тартканын жар салып чыкты.

Ошондой эле Бабановдун үгүт иштеринде суйкайган сулуу кыздар активдүү иштеп жатканы коомчулукка белгилүү. Ошолордун бири Бабановдун колун өпкөнү жатканы тартылган тасма да кызуу талкуу жаратып, ар кандай тамашаларга себеп болду. Калыстык үчүн белгилеп коюш керек, ал кыз Бабановдун колун өбүүгө далалат жасап жатканда Өмүрбек Токтогулович буйтап кетип, абалды сактап калганы тасмада көрүнүп турат.

Тасмага тартылган кызыктар муну менен эле бүтүп калбастан, коомчулукту кызыктырган дагы бир тасма пайда болду. Анда кайсы бир айылда аксакалдардын чогулуп отурганы тартылган. Ал эми туруп сөз сүйлөп жаткан аксакал нарыда отургандардан Бабанов менен Төрөбаевге бата бергенин айтып, бул үчүн кечирим сурап жатканы тартылган.

Талапкерлердин тандеми – тактыдан баш тарткан Ташиев

Талапкелердин тандем түзүп, бирге аттануулары биз үчүн көнүмүш эле адат болуп калды. Буга чейинки Президенттик шайлоолордо, Парламенттик шайлоодо мындай жагдайларга көп эле күбө болгон жайыбыз бар эмеспи. Мындай алганда бул нерседе кызыктуу деле эч нерсе жоктой. Анткен менен бул жолкуда талапкерлердин түзүлбөй жатып чачыраган тандемин белгилеп кетпесек болбойт. Адегенде эле 7-август күнү алгачкы биригүүлөр башталды. Алсак, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков жана Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоо алдында биригип, бир талапкерди сүрөөнү эп көрүшкөнүн ачыкка чыгарышты. Бирок ал талапкер ким болору белгилүү боло электе, бул төртилтик менен дагы бир салмактуу саясатчы Президенттикке талапкерлердин Темир Сариев кошулууга сүйлөшүүлөр жүрүп баштаганын билдирген болчу. Бул бийликтин талапкери катары эсептелген Сооронбай Жээнбековго каршы биригүү катары сыпатталып жаткан. Бирок эмнегедир бул тандем табышпай жатып ажыроого туш болду. Себептери азырынча белгилүү боло элек. Бирок, Бакыт Төрөбаев Өмүрбек Бабанов менен тандем түзгөнүн жар салып чыгышса, Адахан Мадумаров да Бабанов менен бириге турганы жар салынып, бирок Мадумаров Бабанов менен биригүүгө ою да жок экенин белгилеп, мындай нерсе калп деп четке какты. Ал эми Камчыбек Ташиев өз талапкерлигин Сооронбай Жээнбековдун пайдасына алып сала турганын билдирип чыкты. Алдыда дагы кандай кызыктар бар? Көз салып туралы…