№8 орто мектептин базасында «Кесиптерди алмаштыруу» акциясы өткөрүлдү
Окуучулардын ата-энелерине бир күндүк предметтер боюнча сабак өтүү сунушталды. Ата-энелер кыргыз тили, кыргыз адабияты, математика, табият таануу, физика, биология сыяктуу предметтер боюнча сабак өтүштү.
Мугалимдер өз кезегинде пландарды түзүүгө жардам беришти.
Ата-энелер кылдат даярданышып, сабакты кызыктуу өткөрүүгө аракет кылышты. Балдар менен иштөө жакты, бирок мугалим болуу оңой эмес экендигин сезишти.
“Кесибин алмаштыр” акциясына жалпы 30 ата-эне катышты.