Чырдын башы – суу талаш

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


“Кыргыз Туусу” гезитинин редакциясына арыз менен кайрылган окурмандар арбын болууда. Кечээ жакында Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Валакыш айылынан 789 чакырым жол басып 70 жаштагы пенсионер, эмгек ардагери Тилевалды Абдурахманов атайы келип, арыз-арманын айтып кетти.

 – Биздин айыл аймагы Кадамжай шаарынан 40, Баткен шаарынан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан. Чыгышыбыздан Кызыл-Кыя шаары, түштүгүбүздөн Чаувай айыл аймагы, түштүк-батышыбыздан Масалиев айыл аймагы, түндүк-батышыбыздан Палман айылы жана Кувасай шаары (Өзбекстан), түндүгүбүздөн Ноокат районунун Ынтымак айылы менен чектешебиз, – дейт Тилевалды Абдурахманов. – Үч-Коргон айыл аймагы 12 айылдан турат: Боз, Тажик-Кыштак, Валакыш, Какыр, Калача, Калтак, Суухана, Камбарабад, Сулайманабад, Разъезд, Чаувай.

Тилевалды Абдурахмановдун келген маселеси ушул 12 айылдын бири болгон Валакыш айылына тиешелүү маселе экен.

– Чынын айтсам, эмне маселе менен келгенимди айткандан да уялып турам, – деп сөзүн улантты ал. – Муну айыл эли Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы менен чогуу-чаран отуруп эле чечип койсо болот. Андан өтсө райондун акими чечип кое турган нерсе. Бирок, бул маселени айыл башчысы да, район акими, облус да чечпей койду. Ошондон улам карайлап Бишкекке келдим. Картайганда сакалыңды сүйрөп, улам бир эшикти каккылап жүргөн аябай жаман экен.

Көрсө, чатактын башы, чырдын түйүнү суу талаш менен байланышып, суу талаш – жакшылык-жамандыгы бир элдин бири-бири менен бет караштыргыс, бири-биринин үйүнө киргис көйгөйүнө айланыптыр:

– Илгери, өткөн кылымдын 60-жылдарында Кадамжай районунда Тегирмеч деген тоо арасындагы айыл болгон. 1966-жылы айылдын үстү жагындагы көл ачылып кетип, көл айылды каптап, айыл эли Валакыш өрөөнүнө көчүп отурукташкан. Тегирмечтен 25 түтүн эл көчүп келип, түндүктөн түштүккө созулган сыңар (бир тараптуу) көчө түшкөн. Ар бир кожолукка 0,20 сотыхтан жер берилип, көчөгө, суу үчүн арыкка ортого 20 метрден жол калтырылган. Айылды куруу иштери 1966-жылдан 1972-жылга чейин райондук мамархитектуранын көзөмөлүндө болду. Эсимде, 1972-жылы айылдын батыш жагынан, мурдагы сыңар көчөнүн бет маңдайынан эки кожолукка өзүмдүк үй куруу үчүн мыйзамдуу жер берилген. Көчөнүн аралыктарын 20 метр кылып, анын ичинен жолго жана суу жүрчү арыкка 12 метрден жер калтырылган. 1974-жылдан көзөмөл болбой калды да, өз алдынча үйлөр түшө баштады. Мына ошол батыш тараптагылар өздөрү билгендей салгандыктан, өздөрүнө суу келүүчү арыкты да кысып, жолду да тарытып, тосмолорду тосуп алышты. Көзөмөл жок болсо ушул экен да. Ал убакта айыл чакан, суу талаш жок эле. Анча-мынчаны сүйлөшүп чечишип алчубуз. Ошентип, 1974-жылдан кийин сыңар көчө толук көчө болду. 1993-жылы айылдын жаштары өкмөттөн жер сурап, аларга айылдын күн чыгыш жагынан үй куруу жер бөлүнүп берилип, үч катар айыл болду. 1994-1995-жылдары айылдын чыгыш жагынан үлүш жер берилип, бир арык сууну үлүш жер менен төрт катар кожолук пайдаланып калды. Ошентип, ортодон төмөн жактагы кожолуктарда сугат суудан тартыштык жаралды. Бир айыл элбиз, жамандык-жакшылыгыбыз бир деп, улуу башыбызды кичик кылып суу башындагыларга, орто жолдон сууга кирип алгандарга да кайрылдык. Бирок, адам баласында пенделик көбүрөөк экен, макул болушпады. Акыры айыл өкмөтүнө кайрылдык, булардан ылаажы болбоду, районго кайрылдык. Арыз-муңубузга жооп айлап-жылдап создугуп, 2004-жылы гана райондук мамкаттоо кызматынан үч адис келип, элдин огородун ченеп жүрүштү. “Айыл элинин огороду союз маалында канча болгон, эми канча болуп калды, текшерип жүрөбүз” дешкен, ченегени курусун, биз алардан “сугат суу үчүн арыктын ордун калтырып кеткиле, эртеси чыр болбосун” дегенбиз. Бу тукуму үзүлбөгүр жер адистери кандай болсо, ошондой жазып кетиптир. Арык үчүн жер калтырбастан, арыкты кысып, жолду тарытып чыгып алгандардын жер үлүшүн ошол бойдон каттап бериптир. Эми жыл сайын суу талаш. Үч ырыс кесер жер адисинин кылган ишинин жамандыгы бир эл бирибизге бирибиз салам бербеген акыбалга жеткирди. 1966-жылы Валакыш өрөөнүнө көчүп келгенде 25 түтүн эл болсок, бүгүн айыл 400 түтүндөн ашты. Ушунча элдин тагдырына кайдыгер караган адамдарды түшүнүп болбойт. Эгер, бул маселени азыр чечпесек, эртең биздин балдарыбыздын баш оорусуна айланган маселе болот.

Албетте, бул Үч-Коргон айыл аймагынын башчысынын, айылдык кеңештин күнөөсү. Ушул маселени жеринде эле ийри отуруп, түз чечип койгонго эмнеге болбосун? Кадамжай райондук мамлекеттик администрация бул маселени карап, ишти калыс жана акыйкат чечип берет деп ойлойбуз.