Мегакомду Россиянын жараны 14,5 млрд сомго сатып алууга ниеттенүүдө

Кыргызстанда “Альфа Телеком” ЖЧК компаниясынын 100% акциясын сатып алууга даяр кардар табылды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик фондунун башчысы билдирди.

Анын айтымында, ММБФ Мегакомду 13,5 млрд сомго жана кошумча 7% комиссиялык менен сатыкка койгонун жарыялаган. Жыйынтыгында 14,5 млрд сом болот. Каалоочулар билдирмелерин бишкек убактысы боюнча 2017-жылдын 25-сентябрына чейин бере алышмак.

“Мөөнөтүнө чейин Россиянын жараны Елена Нагорнаядан бир билдирме түшкөн”, — деп билдирди ММБФ башчысы.

Эскерте кетсек, аталган уюлдук оператордун 100% акциясы мамлекетке таандык. ММБФ аны сатууга бир нече ирет сынак жарыялаган, бирок акыркы сынакка чейин аны сатып алууну каалагандар болгон эмес. Ушундан соң Мегакомду түз макулдашуу жолу менен сатуу чечими кабыл алынган.