“Кыргызды дүйнөгө таанытуучу фильм тартам”

Белгилүү кинорежиссер, актер, сценарист Бакыт Мукул менен атамекендик, эл аралык алкактагы кино фильмдердин жагдайы тууралуу аңгемелештик.

– “Атанын керээзи” фильми мигранттын ачуу тагдырын чагылдырганы үчүн кино рыногунда актуалдуу болуп жатабы же башка себеби барбы?    

– Дүйнөдө миграциялык процесстер глобалдык масштабда жүрүп жатканы үчүн кимге болбосун бул тема кызык болсо керек. Бирок, кыйын күндөрдө четке кеткен кыргыз сөзсүз мекенге кайрылып келет. Тирүү келбесе, сөөгү келет. Мекенге болгон кусалык күчтүү үчүн фильм башка элди таасирлентип жатат деп ойлойм.

Союз ураган жылдары калкты каатчылык басып, Мурат бизнес жасоо үчүн айылдаштарынан чоң көлөмдө карыз акча алган. Бирок,  ойлогону ордунан чыкпай банкрот болуп калган. Карызын бере албай уялгандыктан ал үй-бүлөсү менен Америкага кетип, 15 жыл жашаган соң ооруга чалдыгып каза болот. Айылдан кеткенде тестиер бала  Азат 25ке чыкканда Кыргызстанга кайтат. Атасы Мурат каза болор алдында: “Айылдаштарыма карызымды таратып берип, сөөгүмдү мекенге алып барып койгула”, – деген керээз калтырып, көз жумат. Азат айылга атасынын карызын таратканы келгенде адамдардан: “Атаң алдамчы болчу”, – деген ызалуу сөздөрдү угат. Жигиттин атасынын сөөгү өрттөлүп, кутучага салынган болот. Мекенге куса болуп жүрүп, арманда кеткен Муратты акыркы сапарга узатканы жаназага келген эл ал тууралуу: “Жакшы киши болчу” деп жооп беришет. Элибиздин кечирим-дүүлүгү, көөнөрбөс каада-салты, маданияты чагылдырылганы менен  “Атанын керээзи” көрүүчүлөрдүн сезимин козгоп жатат деп ойлойм. 

2016-жылы Американын Монреаль шаарында өткөн «А» классындагы кинолордун дүйнөлүк фестивалында «Атанын керээзи» фильми гран-прини жеңген. Кыргыздын кино өнөрүнүн тарыхында ушул номинациянын баш байгесин эч ким уткан эмес. Анткени, ага дүйнө өлкөлөрүнөн орточо алганда 7000ге жакын фильм катышуу үчүн жиберилет. Конкурстук комиссия анын ичинен болгону 15-20 фильмди тандап алат. Улуттук кино өнөрү “Кыргыз керемети” аталып турган жылдары ошол 15-20нын ичине залкар режиссерлордун айрым фильмдери кирчү. Ошол үчүн союзга даңкталып, кыргыз киносунун зоболосу көтөрүлчү. 9 жылдан бери “Атанын керээзи” дүйнөнүн бардык континентин кыдырып, 80ден ашык байге утту. 2017-жылы Австралияда өткөн фестивалда авторлош катары Дастан Жапар уулу экөөбүз мыкты сценарий үчүн «Азиянын оскары» номинациясы боюнча байге алдык. Ал жерде бизге Азия жана Тынч океан кино академиясынын академиги наамы берилди.

– Сенин “Акыркы көч” фильмиң чет мамлекеттерде кеңири көрсөтүлөт экен, ал эми кыргызстандык көрүүчүлөр ал тууралуу эмнеге көп сөз кылбай жатат?    

– Бүгүнкү күндө чыгармачыл адамдын автордук укугу эч корголбой калды. “Акыркы көчтү” россиялык пираттар бизден сурабай, “Дорога в Эдем” деп орусча которуп алышкан. Андан кийин ютубга таратып жиберишти. Азыркы күндө бул фильмге Американын кино компанияларынан сунуштар түшүп жатат.

 “Акыркы көч” фильминин башкы каарманы Кубат Алиев аттуу жазуучу. Бир жылдары анын чыгармалары колдон-колго өтүп, окулуп, коомго идеологиялык таасирин тийгизип, даңазаланып турган. Бирок, жазуучу карыган учурда ага эч ким көңүл бурбай, жалгыз жашап калат. Бир күнү  жаш жазуучу шакирти катуу дартка кабылганын угуп, аны көргөнү барат. Үйү жок, тапкан акчасы көртириликтен ашпаган шакиртине чет мамлекеттен операция жасатуу керек болот. Кубат Алиев өзүнүн “хрущёвка” батирин сатып, акчасын жаш жазуучунун операциясына бергени жаткан. Ал ортодо иниси келип: “Бирөөдөн көп суммада карыз алгам. Мөөнөтүндө бере албаганым үчүн мени сабап кетишти. Үй-бүлөмө коркунуч туулуп жатат”,– деп, батирдин акчасын 3 күнгө сурап кетет. Ак көңүл, ишенчээк Кубат акчасын ага бере коёт. Бирок, инисинен акчасын кайра ала албай көп убара тартып, акыры карылар үйүнө барып жашоого аргасыз болот. Атактуу жазуучунун мында жашаганы тууралуу кабар коомчулукка тарайт. Журналисттер анын тагдыры тууралуу сураганда Кубат Алиев: ”Мен балалуу боло алган жокмун. Менин балдарым – элге тараган чыгармаларым”, – деп жооп берет. Ошол учурда Кубаттын оорулуу шакирти каза болот. Ушул окуялардан улам кан басымы көтөрүлүп кыйналган соң ооруканага түшөт. Ал өмүрү бүтүп баратканын түшүнүп, машинаны айдатып айылына жөнөйт. Жолдо баратып Кубаттын көзүнө учу-кыйыры түгөнбөгөн көч көрүнөт. Ошол көчтүн ичинен жаңы эле каза болгон шакиртин көрөт. Кубат айылына жетип көзү өтөт.

Фильмде Бишкектеги опера-балет театрынын имараты. Анын алдында балет дүйнөсүнүн  залкары Чолпонбек Базарбаевдин эстелиги турат. Эстеликтин алдында бир киши Кубат Алиевдин орден-медалдарын, китептерин сатып отурган болот… 

Азыркы муун китеп окубай, улуттук маданий мурасты түптөгөн залкар инсандарды билбей, барктабай баратат. Көркөм дүйнөнүн баалуулугу кайтып, эл интернетти карап жашап калды. Голландиянын ХIХ кылымдагы даңазалуу  сүрөтчүсү Ван Гог кедейликтен башы чыкпай жүрүп көзү өткөн. Азыр анын сүрөтү дүйнө элинин мурасына айланган. “Акыркы көч” фильминин ушул идеясы жактыбы, айтор, төрт жылдан бери 60 мамлекеттен 30га жакын байге уттук. Түндүк Америкада, Латын Америкасында, Европада жана Азия мамлекеттеринен бир топ байгелүү орундарды алдык. 2021-жылы Португалияда киноиндустриясы өнүккөн мамлекеттердин фестивалы өтүп, Дастан экөөбүз “Акыркы көч” тасмасы үчүн  “мыкты сценарий”, “мыкты режиссер”, “мыкты фильм” деген 3 номинациянын байгесин жеңип алдык.

– Алдыдагы жылдары кандай фильм тартууну ойлоп жатасың?

– Жакында «Кыргызфильм» киностудиясынын көркөм кеңешине ата мекендик согуш учурундагы кыргыз элинин тылдагы окуяларын чагылдырган “Коштошуу” деген сценарийди өткөрдүм. Аны көркөм кеңеш жактырды. Бирок бюджети 70 млн. сомго чыгып кетип, тартылбай турат. 

Ушул эки фильм менен көптөгөн фес-тивалдарга барып жүрүп, Кыргызстанды билбеген элди көп көрдүк. Ушул нерсе жүрөгүбүздү өйүп, катуу ызаландык. Ошондуктан кыргызды дүйнө элине тааныта турган ири масштабдуу кино сериал тартууга камылга көрө баштагам. Көп өлкөлөрдүн жаштары көркөм адабияттан алыстап кеткен тенденция күчтүү. Андыктан атактуу жазуучулардын чыгармаларын окугандар дээрлик улуу муундун өкүлдөрү экен. Акыркы жылдары элибиздин тарыхын иликтей баштадым. Кыргыз эли биздин доорго чейинки мезгилден бери белгилүү. Кыргыздар көптөгөн территорияны ээлеп жаткан. Архивдерди казып окусак, элибиз экинчи кылымда Европага чейин тараган. Кыргыздар Венгрияда 7 кылым жашап, кайрадан Ала-Тоо койнуна кайтып келишкен. «Ханы бир, баатыры миң болгон эл өсөт. Ханы миң, баатыры бир болгон эл тозот» деген макал ошол доордон калыптыр. Европага кеткен гундардын бир уруусу кыргыз, бир уруусу сабыр аталган. Сабыр уруусунан – Түркиядагы азыркы түрк эли тараган. Европадан келе жатышып башкыр, чуваш, татар ж.б. түрк уруусунун эли чачылып-чарпылып кала берген.

Филология илимдеринин доктору Амангелди Бекбалаевдин гундар тууралуу көп томдуу илимий эмгегин окудум. Амангелди агабыз тарыхты изилдеп жүрүп 7 тилди өздөштүрүптүр. Европада же Кытайда болобу, архивдеги байыркы тамгалар менен жазылган ар бир сөздүн маанисин которгон. Мен деле 58 жашка келип калдым. Уккандар таа-рынбасын, азыр бардыгыбыз жеңил кинолорду тартууга ыктап алып, кыргыздын абалкы тарыхына «жабышкан» режиссерлор чыкпай жатат. Бүгүнкү күндө ушундай изилдөө булактарга таянып, чоң көркөм чыгармачылык долбоордун алгачкы этабын жазып жатам. Ошого карабай бери дегенде 5-6 окумуштуу тарыхчыны жардамга чакырам. Себеби, Россиянын белгилүү окумуштуулары: «Гун эли кайда жоголуп кетти? Азайып отуруп, табылбай жерге сиңип кеттиби?» деген суроону көтөрүп жатышат. Алардын арасында: «Гун эли биз болушубуз керек», – дегендери бар. Азыр венгер эли: «Биз Аттиланын тукумубуз”, – дешет. Азыркы күндө бардык улут Атилланы талашып калган. А бирок, кыргыз эли Монголияны айланып отуруп, Ыраакы Чыгыштан бери келип, Энесайды тегеректеп жашаган эл экенибизди көптөрү билбейт. Ушул максатты ишке ашыра алсам, арманым болбойт.

– Айтчы, көп байге алган режиссерлор байыйт бекен?

– Кыргызстанда кинону сырткы рынокко чыгарып сатуу боюнча бир дагы менеджер жок. Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясында кино менеджеринин штатын ачуу керек. Жакшы кинолорду келишим түзүп, бир же көп жолу сатууга болот. Кино индустриясы өнүккөн мамлекеттерде эң күчтүү менеджерлер иштеп жатышат. Ал эми бизде сунуш айтсаң эле, акча жок дешет. Мисалы, Кыргызстандын ар бир районунда бирден кинотеатр бар. Алардын бирөө да кино көрсөтпөйт. Ар биринде 5 адамдын штатын кармап маяна төлөшөт. Кээ бир кинотеатрлар жем, чөп сакталган жайга айланып калган. Кинотеатрларды кармоого жылына бюджеттен 70 млн. сом сарпталат. Ошол каражатка биз, режиссерлор кино тартсак, эң чоң натыйжа берет элек.

Ал эми режиссерлордун кино тар-туудан башка эч жерде кызматы жок. Кино долбоорубуз өтсө 6 ай маяна алабыз, андан кийин айлыктан кайра чыгарып салат. Бишкектеги “Манас, “Ала-Тоо”, “Октябрь” кинотеатрлары ижарага берилген. Ижара ээси аны жылуулап, оңдоп кино көрсөтүп, мамлекетке салык төлөп жатышат. Аймактардагы кинотеатрларды да ижарага берүү керек болчу.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА

0 Поделились