Жан дүйнөсү таза талант
Акын-жазуучу Ырызалы Жанчаров агабыз 75 жашка толуп, чыгармачылык күч-кубатта турган чагы. Анын өмүр жолуна назар салган адам акындын жан дүйнөсү аруу, терең билимдүү, чыгармачыл гана эмес, тарыхчы, коомдук ишмер, жетекчи экендигин да көрө алат.
Ырызалы акенин атасы Абдылда аке да айылда нарктуулугу, адамгерчилиги, иш билгилиги менен өмүрүн татыктуу жашап өткөн адам болгон. Ага байланышкан бир кызыктуу окуя бар. 1942–жылы ал Мекенди коргоого аттанат. Кан майданда душман менен салгылашып жүргөн кезинде жарадар болуп айылга кайтып келет. Айылда иштеп жүргөндө бир тууган иниси Жаал селолук советте катчы болуп иштеп жаткан болот. Жаш баланы аяп, инисине айтат: “Сен мага Жанчаров Жаал деп справка кылып бер. Жашсын, эч нерсени көрө элексиң, алыска чыкпагансың, ал жакта кыйын. Сенин ордуңа мен барайын, сен элге кызмат кыл”, –деп жасалма справканы алып, кайрадан согушка кетет. Ал жактан анын майыптыгы эске алынып Мурманскиге эмгек фронтуна жөнөтүшүптүр. Кен казган жерде иштеп жүрсө, немистер бомбалаганда, кен казган чуңкурду топурак басып, астында калып, үч күндөн кийин гана жардамга келишип казып алып, госпиталда жатып, анан кайтып келген.
Кийин Жаал иниси кайрадан аскерге чакыртылып, согушка жөнөтүлгөн. Сталинграддын алдындагы салгылашууда каза болот.
Абдылда акенин ак көңүлдүгү, адамгерчилиги, кичи пейилдиги баласы Ырызалы агайга чоң таасирин тийгизип, ал ата нускасын алып калган.
Мына ушундай атадан тарбия алган уландын он төрт жашында – 1962-жылы 23-февралда райондук гезиттин биринчи бетине “Кызыл Армияга даңк” деген ыры басылып чыккан. Ал кезде гезиттин биринчи бетине жөн ыр басыла берген эмес, ырдын салмагы эске алынса керек. Бул анын келечекте тандап алчу жолун да аныктады.
Мектепти жакшы окуп бүтүп, Советтик Армиянын катарында кызмат өтөө мезгилинде орус тилин жакшы өздөштүрүп келет. Кийин Ош мамлекеттик пединститутун бүтүрүп, эмгек жолун Жаңы-Жол райондук “Жаңы турмуш” гезитинен баштаган. Адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, андан соң редактордун орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн. Бул 1969-75-жылдар эле.
1975-жылы Алай райондук “Күжүрмөн эмгек” гезитине редакторлукка дайындалат. Гезитти эле оңдобостон, райкомдун бюросунун мүчөсү катары элдин турмуш шартын оңдоого да чоң салым кошуу менен кадыр-баркка ээ боло алгандыгы белгилүү.
1979-жылы Ташкент шаарындагы Жогорку партиялык мектепти бүтүп келгенден кийин Баткен райондук “Кызыл туу” гезитинин редакторлугуна дайындалат. Чыкпай токтоп калган гезитти түп тамырынан бери жаңылап, келечектүү чыгармачыл жаштардын уясына айландырат. Баткендин тарыхында биринчи жолу гезиттин нускасын 7 миңге чыгарат.
1987-жылы Ош облустук “Ленин жолу” гезитинин редакторунун орун басары болуп дайындалып, 1989-1990-жылдары партиянын Ош обкомунун идеология бөлүмүндө иштеди. Ал жерде да мыкты адис катары өзүн көрсөтө алган. 1991-жылы январдан Жалал-Абад облустук гезитин уюштуруп, анын ишин жолго салды. Бекеринен Ы.Жанчаровду “Акыйкаттын” ардактуу атасы ” деп аташпаган. Муну элдин да, журналисттердин да урмат-сыйы катары кароого болот.
1994-96-жылдары Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешинин төрагасы, 1996-1999-жылдары айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган мезгилде айылга да ат көтөргүс эмгек кылган. Алымкулов, Кабаев атындагы орто мектептердин чатырын жаптырып, Молдо Багыш, Батыркулов атындагы мектептердин имараттары курулган. Дарыя жээктери бекемделип, “Ак-Дөбө”, “Тегирмен-Сай” каналдары казылып, ишке киргизилген. Дейрес айылында да чоң өзгөрүүлөрдү жасаган. Бул айыл өкмөт башчысы катары иштеринин учкай гана мисалдары.
Ы.Жанчаров Куранды да жакшы билген, динге байланышкан тарбиялык мааниси терең бир нече китепти редакторлогон. Ыйман жолунда жүрүп, өз айылына алгачкылардан болуп мечит салдырып, жаштарды ыймандуулукка тарбиялоодо чоң жумуш аткарды.
Эмгеги жогору бааланып, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасына, “Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги” төш белгисине татыктуу болгон. Ондогон жылдар бою райондук, айылдык кеңештерге депутат болуп шайланган. ВЛКСМ БКнын, Кыргызстан Журналисттер союзунун бир нече Ардак грамоталары менен сыйланган. “Студенттик жаз– 66”, “Студенттик жаз– 69” фестивалдарынын лауреаты, жаш акындар конкурсунун жеңүүчүсү болгон.
1987-1992-жылдары Кыргызстан Журналисттер союзунун башкармалыгынын мүчөсү, Ош, кийин Жалал-Абад облустарынын журналисттик уюмдарынын төрагасы болуп шайланган. Аксы райондук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп турган. Авлетим айыл аймагынын жана Аксы районунун ардактуу атуулу, Улуттук жазуучулар союзунун “Сиңирген ири эмгеги үчүн” медалынын, “Даанышман”, “Көркөм сөз чебери” төш белгилеринин ээси.
Кийинки мезгилде чыгармачылыкка баш-оту менен кирип, “Сапарга чыгуу” (2003), “Кут түнөгөн тоолордо” (2009), “Ак ийилип сынбайт” (2013), “Каректеги аалам” (2016), “Мансап курмандыгы” (2016), “Аксы талант казынасы” (2017), “Ныязалы Борош уулу” (2017), “Устат” (2019), “Мурас” (2018) китептери жарык көрдү.
Чоң тарыхты ичине камтыган, кыргыздын нарк-нускасын, басып өткөн тарыхый узак жолун ичине камтыган элибиздин баатыр уулдарынын, алардын жетегинде кыйын да, татаал да жолду басып, элдүүлүгүн жоготпой келе жаткан, улуу элдин узак жолун таасын чагылдырган “Коогалаң доор” (2019) тарыхый романын да жазып, элине сунуп олтурат. Мына ушул романы менен Ы.Жанчаров тарыхчы катары да эли-журтубузга белгилүү болуп, чоң кадыр-баркка жетишти.
Калемдеши, иниси катары ”Сен мени билбеймин деп айтасың”, “андай деп жазасың, мындай деп жазасың, билиндирбей чымчыйсың” деп мага көп таарынат. Бирок, мен устатым, калемдеш агам катары аны сыйлайм жана ар бир чыгармасын калтырбай окуп, үлгү алып келем.
Макаламды залкар агабызга чың ден соолук, узун өмүр тилеп, 75 жаш кутман курагы кут болсун, жубайы менен тең карып, уул-кыздын урмат-сыйын көрүп, аман жүрүшүн каалоо менен аяктайын.
Абдымомун КАЛБАЕВ, акын, журналист