Индия калкынын саны боюнча алдыга чыкты
Индия 2023-жылдын ортосунда Кытайды ашып өтүп, дүйнөдөгү эң көп калктуу өлкөгө айланат.
Бул тууралуу БУУнун өткөн аптадагы билдирүүсүнөн белгилүү болду. Анткени, апрель айынын ортосуна карата Индияда 1 млрд. 428 млн. адам жашаганы аныкталган. Мунун азыркы учурдагысын эле айтсак, Кытайдын калкына салыштырмалуу 3 млн.го көптүк кылууда. Кытай далай жылдар бою калкынын саны боюнча ааламдагы эң алдыңкы мамлекет болуп саналып келсе, 1960-жылдан бери алгачкы жолу 2022-жылы элинин саны кыскарганы байкалган. Ал эми Индиянын эли өсүүнүн үстүндө.
БУУнун маалыматы боюнча, акыркы 12 жылда жер шарынын калкына 1 млрд. кошулуп, 2022-жылдын ноябрында ал 8 млрд. түзгөн. Планета калкынын саны 15 жылдан кийин 9 млрд. жетүүсү болжолдонууда. Көрүнүп тургандай, алдыдагы 15 жылда дүйнө калкынын өсүү темпи төмөндөй баштайт.
Индияга келсек, бул өлкөдө демографиялык ийгиликтер менен кошо көптөгөн өксүктөр да бар. Бул өлкөнүн экономикасынын өсүү темпи ар кайсы аймактарында ар башка. Индия үчүн жаштар арасындагы жумушсуздукту жеңүү дээрлик мүмкүн эмес жана ага диний карама-каршылыктар да жолтоо болуп турат. Индиядагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири – аялдар арасындагы жумушсуздук. Себеби, ар бир бешинчи аял гана расмий түрдө жумушта иштейт. Бул дүйнөдөгү эң төмөнкү көрсөткүч болуп келе жаткан. Ошентсе да, Индиянын экономикасы өнүгүүгө акырындап бет алгандан бери бул көрсөткүчтү жакшыртуучу бир аз жылыштар байкалган.
Индиянын экономикасынын туруктуу көтөрүлүшүнөн жакырчылыктын чегинде жашаган калктын үлүшү кескин кыскарган. Бирок, эл аралык стандарттар боюнча, бул өлкөнүн калкынын көпчүлүк бөлүгү кедейчиликтен чыга албай жатат деп эсептелинет. Азыркыга чейин Индиянын бир нече аймагында ар бир үчүнчү балага тойгуза тамак бере алышпайт.
Бүткүл дүйнөлүк банктын болжолдоосу боюнча, пандемиядан кийин экономикасы төмөндөгөн өлкөлөрдүн бири болгон Индиянын ИДПсы 2023-жылы 6,3 пайызга жогорулап, чоң кирешелерге кириши күтүлүп жатат. Өлкөнүн инфраструктурасы жакшыртылып, мамлекеттик инвестициянын ыкчам көбөйүшүн шарттайт.
Бул өлкөдө көптөгөн технологиялык стартаптар пайда болууда. Калктын ортоңку классы жаңы технологияны тез өздөштүрүүгө жөндөмдүү экенин турмуш көрсөттү. Ал эми санариптештирүү технологиясы коомдун байгерчилигин пайда кылып, калктын маргиналдашкан катмарын шыктандырууда. Бүгүнкү күндө техноло-гиясы жогорку деңгээлде өнүккөн мамлекеттерге альтернативдүү өндүрүштү өнүктүрүү, геосаясий өнөктөштөрүнө тең ата болуу үчүн Индия дагы эл аралык компаниялардын iPhone, AppIe сыяктуу товарлары чыгарыла баштады.
Эксперттердин айтуусу боюнча, 1990-жылы Кытай менен Индия экономикалык өндүрүштүн өсүү көлөмү боюнча калктын жан башына алганда, дээрлик окшош абалда болчу. Андан бери Кытай товардын эбегейсиз көп түрлөрүн өндүрүп чыгарып, экономикасы адамзатты таңгалткан ийгиликке жетишти. Индия дагы 30 жылдан бери экономикасын либералдаштыруу жолунда бара жатат. Азыркы учурда Кытайдын экономикасы Индияныкына салыштырмалуу беш эсеге жогору. Кытайдын орто статистикалык жаранынын кирешеси жылына 13 000 долларга жакындайт, ал эми индиялык жарандын кирешеси 2500 доллардан төмөн. Андан тышкары, Индияда ымыркайлардын өлүмү жогору болуп, адамдын жашоо курагы да төмөндөп кеткен. Бул өлкөнүн провинцияларында санитардык шарттын өтө начардыгына каршы күрөшүү өз натыйжасын бербей келет.
Индиянын инфраструктурасы ондогон жылдар бою өнүкпөй келгени менен акыркы жылдарда бир аз өйдөлөө болгон. Бирок, Кытайдан кыйла артта калып, бул чет элдик инвестицияларды тартууга терс таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан Премьер-министр Норандра Моди инфраструктураны өнүктүрүүдө Кытайдын тажрыйбасын көбүрөөк колдонууга аракеттенет. Ал автомагистралдарды, темир жол жана аэропортторду курууга мамлекеттин бюджетинин орчундуу бөлүгүн жумшап жатат. Моди бийликке келген 9 жылдан бери курулуштардын жогорудагы түрлөрүнө карата бюджеттик чыгымды 5 эсеге көтөргөн.