27-сентябрга карата аба ырайы

 

27-сентябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөй турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 6…11°, күндүз 21…26°,

Таласта түнкүсүн 3…8°, күндүз 19…24° жылуу,

Баткенде түнкүсүн 8…13°, күндүз 23…28° жылуу болот.

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14°, күндүз 23…28°,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…10°, күндүз 18…23°,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5°, күндүз 19…24° болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 24…26° жылуу болот.