Бишкекте “Жер Планетасы: анын укмуштуу дүйнөсү” китебинин бет ачары өттү

Бишкекте “Жер Планетасы: анын укмуштуу дүйнөсү” китебинин бет ачары өттү, деп билдирет Билим берүү жана илим министрлиги.

Иш-чарага министрликтин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүльнара Ибраимова катышкан.

Автор Рейчел Игнотофски бет ачардын катышуучуларына жасаган видео кайрылуусунда китеп окурмандарды планетанын келечеги үчүн чечимдерди издөөгө жана иш-аракет кылууга үндөйт деген каалоосун билдирди.

Китеп АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин китеп которуу программасынын алкагында «Таалим-Форум» коомдук фонду тарабынан которулуп, басылып чыкты.

«КАБАР» КУМА

0 Поделились