Жоламан Шаршенбеков россиялык балбанды жеңип алды

Жоламан Шаршенбеков Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын (PWL – 4) мелдешинде россиялык Динислам Бамматов менен күрөштү.

Спорттук иш-чара 26-апрелде Казакстандын Алматы шаарындагы спорт ордосунда өттү.

Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта россиялык Динислам Бамматовду 7:2 эсебинде жеңип алды

Эскерте кетсек, Иван Поддубныйдын балбандар лигасы (PWL) 2022-жылдын май айында түзүлүп, анын биринчи мелдеши Россиянын “ЦСКА” футболдук клубунун машыгуу аянтчасында, экинчиси Москванын Вернадский мамлекеттик циркинде өткөн. Үчүнчүсү Бишкекте өтүп, кыргызстандык үч балбан күрөшкөн.

Аталган мелдеште 10дон ашык өлкөдөн 1 миңдей балбан күчүн сынайт.

«КАБАР» КУМА

0 Поделились