Чоң-Алайда кырсыктан жабыркагандарга курулуш материалдары жеткирилүүдө

Жер титирөөдөн үйлөрү жабыркаган жарандарга май айынан бери жалпысынан 4121 тонна цемент, августтун башынан бери 294 миң 500 даана кыш жеткирилген. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Эскерте кетсек 3-5-майда болгон жер титирөөдөн улам Чоң-Алай районунда ондогон турак жайлар авариялык абалга жеткен. Бир нече адам чатырларга көчүрүлгөн.

Ошондой эле 11-августтан тарта кырсыктан турак жайы жабыркагандарга мамлекеттик ипотекалык компаниясы насыя  бере баштаган.