Министр Батыралиев чара көрөбү же чала өлгөн жыландай калтырабы?

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Редакциябызга кеминдик жубайлар Нурлан Орозалиев менен Нуржамал Супабаева келишип, көз жаш төгүп, кайгысын айтып отурушту. Алардын 11 айлык уулу Адилет Кемин райондук ооруканасынын дарыгерлеринин кайдыгерлигинин кесепетинен чарчап калгандан бери булардын барбаган жери, түртпөгөн эшиги калган эмес. Эмесе сөз башынан болсун.

“Наристе кан чычканга чейин карашкан жок”

Нуржамал Супабаева уулунун эти ысып ооругандыктан, 2016-жылдын 27-декабрында Быстровкадагы Кемин райондук поликлиникасына алып келет. Ал жерден участкалык врач Г.Өмүралиева кабыл алып, “баланын өңү саргыч болуп кетиптир” деп, Кемин райондук ооруканасына жолдомо берген. Ошол эле күнү эне бала аталган оорукананын Жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылат. Адилеттин үч күн бою дене табы 38-39 градустан түшпөй койгон. Парацетамол ичкенде бир саатка түшүп, кайра көтөрүлгөн бойдон тура берген. Бала ошондой калыбында 31-декабрга чейин жатат. Нуржамал бөлүм башчы врач Шарипа Абласовага:”Эже, уулумдун дене табы эмне үчүн түшпөй жатат?”, — деп, кайрылып сурай берет. Врач болсо: “Азыр сасык тумоонун ушундай түрү жүрүп жатат”, – деп, кайдыгер жооп бергенден башка чара колдонгон эмес.

Баарынан кызыгы, ооруканага жаткырылганда адегенде эле зааранын, кандын анализин алуу оорукананын милдети эмеспи. Бүгүнкү күндө Нуржамал тогуз ай мурда чарчаган уулунун оорусунун тарыхы жазылган кагазды көтөрүп, чучуктай чырылдап чуркап жүрөт. Врач Ш.Абласова үч сутка бою баланын алкымын эле карап көрүү менен чектелген.

Нуржамал: “Эже, уулумдун курсагын басып көрүңүзчү, ичи чоң кишиникиндей торсоюп чоңоюп баратат”, дегенин капарына алган эмес. Кичинекей Адилет энесинин колунда суткалап ыйлап, катуу онтоп кыйналып чыккан. Жаш эне врачтын жанына барып бир нерсе сурамакчы болгондо ал кагып-силкип кетирип коюп турган.

Аргасы куруган Нуржамал күйөөсү Нурланга: “Ооруканага келип, Шарипа эжеден баланын курсагын карап коюңуз деп өтүнчү”, – деп, телефон чалган. Баланын атасы врачка жолукканда мурдагыдай эле мамилеге туш болот. Нуржамал врачка кайрыла бергенден тартынып, медайымдарга барса алар: “Балаң сасык тумоо болуп жатат. Эмне эле жанды койбой сурай бересиң?” – деп, алар да “бурк” этишкен. Мүмкүн Ш.Абласова кичинекей Адилеттин курсагын басып көрүп, консилиумга салып, өз убагында көңүл бөлгөндө боору чоңоюп бара жатканын байкап калмак. Эч болбоду дегенде Бишкекке өз убагында жолдомо бермек. 30-декабрда бала кан чыча баштайт. Ш.Абласова: “Мен, врачтар менен консилиум өткөрөйүн” деп, ошондо гана чуркап калат. Ал жерден шашылыш түрдө баланы Бишкекке жеткирүү үчүн санавиация чакырышат.

“Бишкекке жөнөтөрдө баламдан дембе-дем анализ ала беришти. Адилеттин анализ алган колунан аккан кан токтобой, ал турсун оозуна да кан толуп, уурутунан куюла баштады. “Бала чарчап калып чыр чыкканда, оорунун тарыхы жазылган баракчада 28-декабрда зааранын анализи алынгандыгы боюнча кагаз тиркеп кою-

шуптур. А чынында ал күнү балам сийбей койгон. Дене табы бирде түшүп кайра көтөрүлгөндүгү боюнча жазгандары дагы калп. А чынында дээрлик дене табы түшпөй туруп алган. Бул өтүп кеткен күндөр үчүн жасалма документтер деп эсептейм. Врач Ш.Абласованын дагы бир жоругун айтайын. “Санавиация чакырдык, ага 25 литр май куйгула” деп, мага буйрук берди. Бирок, санавиациясы акысыз экенин кийин билдим. Бирок, ага деле макул болуп абдан күттүк. Тилекке каршы, анысы кечигип, келбей жаткандыктан жолдон машине тосуп жөнөдүк”, – дейт Нуржамал.

Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын врачтары ымыркайды көрүшүп: “Баланы кеч алып келиптирсиңер… Ошого карабай колдон келген аракеттердин баарын жасайбыз”, деп айтышкан. Бирок, врачтар Нуржамал менен чогуу барган абысынын ары чакырып алышып: “Бул наристени сактап калуу өтө кыйын” деп айтышыптыр.

1-январь күнү баланын оозу-мурдунан кан токтобой реанимация бөлүмүнө түшөт. Бул жердеги врачтардын бардык аракеттерине карабай бала 3-январда чарчап калган. Жубайлар үч уулду болушкан. Адилет эң кенжеси эле. Нуржамалды кан басым дарты кыйнагандыктан балдарынын баарын кесарево кесиги менен төрөгөн. Ошондуктан төрөтканадан ага: “Жан керек болсо мындан кийин төрөбө”, – деп кеңеш беришкен. Мындан ары балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн биротоло үмүт үзүшкөн жубайлар үчүн көкүрөк күчүгүн жоготуп алуу ого бетер сокку болду…

“Башка энелер мендей боздобосун деп…”

– Күйүтүмдөн үйгө отура албай койдум. Январь айынын орто ченинде “Эмгек жарчысы” райондук гезитине барып, арыз-муңумду жазып калтырдым. Бирок, анын башкы редакторунун аялы тилегимди таштай катырган тиги Кемин райондук ооруканасында врач болуп иштейт экен. Менин гезитке арызданганым желдей учуп дароо эле ооруканага кайра жетиптир. Кемин райондук ооруканасынын башкы врачы Алмаз Аскаров күйөөм Нурландын классташы болчу. Күйөөмдү чакырып алып: “ Балаң биздин ооруканага түшкөнүн мага эмне бир ооз айтып койгон жоксуң? Келинчегиңе айт, арызын алсын. Антпесе мени жумуштан алып коёт”, – дептир.

Кеминдин врачтары Гиппократтын анты түгүл Жараткандан да коркпойт окшойт. Алар оорулууну жакшы карашы үчүн ал сөзсүз башкы врачтын таанышы, тууганы же классташы болушу керекпи? Мен Адилетимден ажырап боздоп жүрсөм, А.Аскаровго отурган креслосу кымбат экен да. Кийин кайрадан А.Аскаров: “Шарипа Абласованы кызматтан алып койдум”, деген. А чынында ал иштеп эле жүрөт. Ушул оорукананы көргөндө калчылдап кетем. Ден соолугуман кадимкидей ажырап бара жатам. Райондук гезит көксөмдү суута албай койгон соң, Бишкекке келип, Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылдым. Азыр башымды жерге урсам да балам кайрылып келбейт. Бирок, Кемин ооруканасынын врачтарынын кайдыгерлигинен башка энелер дагы мен сыяктуу баласын жоготуп сыздабасын деп, Ш. Абласованы жана оорукананын башкы врачы А.Аскаровду кызматтан алып салуусун талап кылып жүрөм. Ал гана эмес, дегеле бардык врачтар кетирген кемчилиги, кайдыгер мамилеси үчүн жазасыз калбай турганын билишсин. Баарынан да Шарипа Абласова мага: “Арызыңды ал, шаарга барып балаңды ооруканага көрсөткөн чыгымыңды төлөп берейин”, деп мага акча сунуштап, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбадыбы, – деп Нуржамал Супабаева жашын токтото албай отурду.

Нуржамалдын даттануусуна 2017-жылдын 20-февралында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу медициналык жардам көрсөтүү жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын начальниги С.Тойматовдун колу коюлган жооп келген. Катта: “Адилеттин бардык медициналык документтерине КР мамлекеттик медициналык академиясынын балдардын инфекциялык оорулары боюнча кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору З.Жолбунова тарабынан эксперттик баа берилди. Анын жыйынтыгы боюнча, аталган оорукананын врач-инфекционисти, инфекциялык бөлүмдүн башчысы Шарипа Абласова тарабынан кемчиликтер кетирилгендиги жана жетекчиликтин контролго албагандыгы аныкталды. Бүгүнкү күндө тийиштүү адистерге чара көрүү максатында эксперттик баанын жыйынтыгын (рецензия) көчүрмөсү Кемин аймактык ооруканасынын жетекчилигине жиберилди”, – деп келип, катта көрүлгөн чаралар тууралуу Нуржамалга кошумча маалымат бериле турганы жазылган.

Бирок, ушул күнгө чейин министрликтен эч кандай кошумча маалымат келбептир. Нуржамал министрликке телефон чалса, бир кызматкери: “Чара көрүлдү, башкы врачы А.Аскаров менен бөлүм башчысы Ш.Абласовага сөгүш берилди, анын жыйынтыгын почта аркылуу жазуу түрүндө жооп кылып жибергенбиз”, – деп айтыптыр. Ага ишенип алган Нуржамал почточудан “Кат келдиби?” деп сурай берип, үмүтү үзүлгөндө министрликке дагы даттануу жөнөтөт.

Ушул турган Бишкектен Кеминдин Быстровкасына айлап “жетпеген” ал эмне болгон кат? Ал эми министрликтен ошол эле С.Тойматовдун колу коюлган экинчи ирет жооп ушул эле жылдын 28-апрелинде келген. Анда “… Шарипа Абласова тарабынан көрсөтүлгөн сапатсыз медициналык жардамдын кесепетинен ымыркай уулуңуз өлүмгө дуушар болгондугу боюнча Сизге кызматтык иликтөөнүн жалпы жыйынтыгы жана көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берилген болчу”, – деп айтылыптыр. Бирок, андан бери жарым жылдан ашык убакыт өттү. Тилекке каршы, почта кызматы же башка бир расмий органдар аркылуу жубайларга кагаз түрүндө тастыкталган жооп келе элек. Мына ушул окуяга түшүнбөй, “Кемин ооруканасы балабыздын өлүмүнө себепчи болсо, тогуз айдан бери министрлик Ш.Абласовага жана А.Аскаровго чара көрбөй же чара көргөн протоколун көргөзбөй, бизди шылдың кылгандарыбы? Министрликтин өкүлү С.Тойматовдун колу коюлган жооп жолдон “адашып” же” жоголуп” кетпей эле даректи таап келип жатпайбы. Эми чара көрүүгө келгенде эмне үчүн бизге кат жетпей калып жатат?”, – деп отурушту жубайлар.

Министрдин айтканы убадабы же курулай убарабы?

2017-жылдын 19-майында “Кыргыз Туусунун” редакциясында саламатык сактоо министри Талантбек Батыралиев менен “Түз байланыш” өткөргөнбүз. Ошол учурда Кеминден телефон чалып, Нурлан министрге көйгөйүн айткан. Т.Батыралиев ага: “Сиздин кайрылууңузду жеке өзүмдүн көзөмөлүмө алып иликтетип, конкреттүү жооп берем.

Менин азырынча бир беткей жыйынтык чыгарганым болбойт. Анткени, дайыма ар бир даттануунун эки тарабы болот эмеспи. Бирок, дарыгерлердин шалаакылыгынын кесепетинен ушул окуя орун алган болсо сөзсүз түрдө алар тиешелүү жоопкерчилик тартышат”, – деп жооп берген. Тилекке каршы, министрлик ушул кезге чейин баласын жоготуп, кайгыга баткан жубайларга так жана тыңгылыктуу жооп бере электиги кейиштүү. Биз “Түз байланышты” айрым маселелерди орто звенодогу чиновниктер чече албаган учурларда же окурмандардын министрге гана ишеним арткан көйгөйлөрү чогулуп калганда уюштурабыз. Көрүнүп тургандай Талантбек Абдуллаевичтин мындай “майда-барат” иштерге убактысы жетпейт окшобойбу. Андан тышкары, министр өзүнүн WhatsApp номерин дагы берип, “мага түз байланышууга мүмкүнчүлүгүңөр бар” деген болчу. Бирок жубайлар WhatsAppты “тытып” чалып отуруп да жооп алалбай койгондорун айтып беришти.

Бул иш боюнча министрликтин Чүй облусу боюнча координатору Бактыгүл Мамытова менен сүйлөшө алдык. “Ал ооруканада көйгөй бар экенин эч ким танбайт. Бирок, элет жерлерине кадрлар дээрлик барбай жатат. Инфекционист кадрлар абдан тартыш. Жергиликтүү бийликтер врачтарга жер участогу же турак жай жаатында кам көрбөйт. Айлыктары абдан аз. Кадрлар тартыштыгынан дээрлик атаандаштык жок. Албетте, муну менен актангыбыз келбейт. Башкы врачты кызматтан алуу министрдин деңгээлинде чечиле турган иш”, – деген жооп айтты.

Министр Т.Батыралиев чара көрөбү же чала өлтүргөн жыландай калтырабы? Аны көрө жаталы…