Өрнөктүү өмүр
Билим берүү жана илим тармагында жетишкен жигердүү эмгегинин аркасында улуу-кичүүнүн урмат-сыйына арзып, руханий дүйнөсүнүн бийиктиги менен жаштарга билим берүүнү пир тутуп, жарым кылымдык өмүрүн өзү эмгектенген окуу жайга арноо алкоого аларлык.
Интеллектуалдуу инсан катары парасаттуу өмүр сапарын арытып, талыкпаган эмгек гана адамды муратына жеткирерин үлгүлүү өмүрү менен айкындап келе жаткан физика-математика илимдеринин доктору, профессор, КРнын УИАнын мүчө-корреспонденти СУЛТАНАЛИЕВА Рая Мамакеевнанын 70 жаш мааракесин утурлап, бир нече суроо менен кайрылдык.
– Рая Мамакеевна, алгач өзүңүз жөнүндө окурмандарга айтып берсеңиз.
–Мен 1953-жылы Нарын облусундагы Тянь-Шань районуна караштуу Жерге-Тал айылында жарык дүйнөгө келгем. Балалык курагым Нарын шаарында өттү. Атам Султаналиев Мамаке союз учурунда партиялык-советтик кызматкер болгон. Апам Жумакан Тынымсеитова СССР жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, журналист болчу. Ал облустук, райондук басылмаларда адабият жана маданият боюнча бөлүм башчы болуп эмгектенген. Апамдын өмүрү кыска экен 46 жашында жарык дүйнө менен кош айтышты. Анда мен университетти аяктап жаткан кезим болчу. Апам каза болгондон кийин атам 10 жылдай жашап, ал да кайтыш болду. Биз төрт бир тууганбыз.
1970-жылы Нарын шаарындагы №1 Токтогул атындагы мектепти алтын медаль менен аяктап, Фрунзедеги СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен физика адистиги боюнча билим алдым.
– «Дарак бир жерден көгөрөт» дегендей, ушул окуу жайдын өнүгүшүнө жана жаштарга билим берүүгө өмүрүңүздү арнап келе жатасыз. Басып өткөн байсалдуу өмүр жолуңуз тууралуу айтып берсеңиз.
– Ооба, кыргыздын “Дарак бир жерден көгөрөт” деген сөзү
мага карата таамай айтылгандай. Анткени 1975-жылы жогорку окуу жайды ийгиликтүү
аяктагандан кийин,
ошол эле жылы Фрунзедеги Политехникалык институттун Физика кафедрасына улук
лаборант болуп жумушка орноштум. Ошол күндөн азыркы учурга чейин ФПИ-КТУ-КМТУда
жумуштун ар бир баскычын басып өтүп, улук лаборанттан профессор даражасына
чейин жеттим.
2000-жылдан бери И.Раззаков атындагы КМТУнун Физика кафедрасын жетектеп келе жатам. Бул кафедрада физика боюнча бардык багыттагы адистер даярдалат. Жаштарга билим берүүдөн тышкары илимий жактан жигердүү иштеп, жыл сайын эл аралык, КМШ өлкөлөрүнүн илимий-техникалык конференцияларына, симпозиумдарына, семинарларга катышып, жаңыланууларды иш тажрыйбамда колдонууга аракеттенем. 2017-2021-жылдары КМТУнун илим жана сырткы байланыштар боюнча проректору болуп иштедим. Окуу жайдын Энергетика факультетинин окумуштуулар кеңешинин жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окумуштуулар кеңешинин мүчөсүмүн. 2021-жылы Россиянын Табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, ушул эле жылы КР УИАнын мүчө-корреспонденти болдум.
– Илим жана билим берүү тармагындагы ийгиликтериңиз болсо бөлүшсөңүз. Кандай эмгектериңиз бар?
– Балалык чагымда илимпоз болсом деп кыялданчумун. Ошол тилегиме жетүү үчүн окуу жайда эмгектенип жүрүп, ФПИнин тоо-кен тармагынын аспирантурасына тапшырып, аны 1985-жылы аяктадым. 1999-жылы “Деформацияланган катуу телолордун механикасы” адистиги боюнча кандидаттыгымды жактадым. Тактап айтканда, тоо тектеринин структуралык өзгөчөлүктөрү, чыңалуулары, алардын деформацияланган абалы жана таасири боюнча азыркы учурга чейин изилдөөлөрүмдү жүргүзүп келе жатам. Ушул эле тематикада докторлугумду да жактадым. Кыргызстанда бул кесип боюнча аялдардын ичинен биринчи болуп илимий иш жактадым.
Илимий макалаларды жазып, кафедрадагы шакирттерим менен лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, аларды илимге тартууга үгүттөп келе жатам. Аспиранттарды жетектеп, 3 илимдин кандидатын даярдадым.135тен ашык орус жана кыргыз тилдеринде илимий-методикалык эмгектерди, 2 монография, 10дон ашык окуу жана методикалык куралдарды жаздым. 2 патенттин ээси болдум. Россиянын Табигый илимдер академиясынын эл аралык китеп көргөзмөсүндө монографиям лауреаттык дипломго ээ болду.
– Мектеп окуучуларын эл аралык деңгээлдеги олимпиадаларга катыштырып, чет өлкөлөргө алып чыгып жүрөсүз. Окурмандарга бөлүшсөңүз?
–2000-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин физика боюнча олимпиадаларды өткөрүп, шаардык, республикалык олимпиадалардын калыстар тобунун төрайымы болдум. Ошондой эле 20 жылдан бери Азияга жана Эл аралык олимпиадаларга катышкан Кыргызстандын мектеп окуучуларынын командасын жетектеп келе жатам. Кудайга шүгүр, олимпиадаларда алдыңкы орундарга жетишкен учурлар арбын. 20 жыл аралыгында чет өлкөгө балдарды 25 жолу алып чыктым.
2020-жылдан бери физика боюнча улуттук олимпиаданын калыстар тобунун төрайымы болуп, мектеп окуучуларынын эл аралык олимпиадаларга катышуусуна тандоолорду жүргүзүп келе жатам. Азыркы учурда кафедрада олимпиадалык эсептерди, тапшырмаларды, эксперменттерди түзүүнүн үстүндө да иш алып баруудабыз.
Университетте педагогика багытында тематикабыз бар. Андыктан педагогика багытында да техникалык жогорку окуу жайларда физиканы окутуунун заманбап технологияларын изилдөө боюнча илимий мектеп түзсөм деген оюм бар.
– Ааламдашуунун алкагында адам баласынын турмушуна кирген инновациялык технологиялардын, интернеттин натыйжасында өзгөчө жаштар арасында китеп окулбай калгандай…
– Ооба, тилекке каршы, инновациялык технология жана интернеттин адам турмушуна тереңдеп кириши менен жаштар арасында китепке кызыгуу мурдагыдай болбой калды. Биздин факультетте деле студенттердин эмгектери көбүнесе интернет булактарынан алынган маалыматтар экенин байкоого болот. Интернет китеп окууну солгундатты. Биздин балалык чагыбыз китеп окуу менен өткөн. Апамдын чыгармачылыгынын таасиринен уламбы, айтор, өзүм мектеп куралдарынан сырткары дүйнөлүк адабияттагы китептерди окуп чыгар элем. Апам КМШ өлкөлөрүнөн келген журналдарды алып турчу. Үйдө дүйнөлүк жазуучулардын китептери дайым болоор эле. Бала чагымда аларды түшүнсөм, түшүнбөсөм да баарын окуп чыккам.
Ошондой эле шедеврлерди жараткан дүйнөлүк сүрөтчүлөр Леонардо-да Винчи, Микеланджело, Рафаэль, Тициан, Ботичелли, Репин ж.б. жөнүндө альбом бар эле. Алардын эмгектерин жатка билчүмүн. Жаштардан бул белгилүү сүрөтчүлөрдү сурасаң билишпейт дагы. Кийин Рим шаарына барып “Сикстинская капеллага” киргенде бала чагымда китептен көргөн улуу сүрөтчүлөрдүн картиналарын жана Флоренцияга барганда белгилүү айкелчилердин эмгектерин көрдүм. Азыркы жаштар китеп окуу менен лексикасы байып, эске тутуусу, дүйнө таанымы жогоруларын жана дүйнөлүк маданият менен адабият жан дүйнө азыгы экенин эске алышпайт.
– Барган сайын жаштардын билим деңгээли төмөндөп бараткандай…
–Жаштардын билими төмөндөп баратканына мен деле күбө болуп жатам. Биздин студенттердин арасында деле билим алууга дилгирленбеген, билим деңгээли төмөн балдар бар. Мындай көрүнүштү контракттык негизде окутуу, мектептерде билим берүүнүн сапатынын начардыгы, 30 жылдагы бул тармактагы башаламан реформалар шарттады деп ойлойм.
Студенттердин айрымдарынын билим деңгээли ЖРТнын жыйынтыгындай тастыкталбайт, окуу жайдын талабына жооп бербейт. Жадагалса студенттердин арасында жадыбалды билбегендери да бар. Өз алдынча ой жүгүртүшпөйт. Эсептерди калькулятор менен эсептешет. Маалыматтарды интернеттен алышат. Албетте, студенттердин арасында билим алууга ынтызар балдар да жок эмес. Алар дүйнө таанымын жакшыртуу үчүн кошумча сабактарга жана курстарга барышат. Өсөм деген жаштар терең билим алууга дайым умтулушат.
– Кеп нугун өзүңүзгө бурсак, 70 жаш кутман куракка келдиңиз. Эмгегиңиздин акыбети кайтып, жашоодогу ой-максаттарыңыз орундалды деп ойлойсузбу?
–Убакыттын бат өткөнүн ушундан байкадым, билинбей эле 70 жашка чыгып, бул жашка жеткен да, жетпеген да бар деп толкунданып отурам. Анткени ата-энем жана бир туугандарымдын баары 70 жашка жетпей кайтыш болушкан. Телегейи тегиз эч нерсе болбойт экен, аттиң! Өмүрүмдүн жарым кылымын ушул окуу жайда жаштарга билим берүүгө арнадым. Бала кезимде кыялданган максаттарыма жеттим. Уул-кызыма таалим-тарбия, билим берип, алар турмушта өз жолун табышты. Алты неберем бар. Баары билим алууга умтулушуп, чет өлкөдөгү жакшы окуу жайларда окуп жатышат. Уулум Бажы кызматынын офицери, кызым КМТУдан, Президенттик мамлекеттик башкаруу академиясынан билим алып, магистратураны Япониядан окуп келип, Экономика министрлигинде стат-катчы, андан соң министрдин орун басары болуп иштеди. Учурда БУУнун Борбордук Азия чөлкөмүндөгү кеңсесинде экономика бөлүмүнүн директору.
Албетте, жасаган эмгегиңдин жогору бааланышы ийгиликтерге жетелеп, шыктандырат экен. Көп жылдык эмгегимдин акыбети кайтып, КМТУнун, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Энергетика жана өнөр жай министрлигинин, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын, Улуттук аттестациялык комиссиянын Ардак грамоталары менен сыйландым.
1998-жылы КР Билим берүүнүн отличниги, КМТУнун “Мыкты доценти”, “Мыкты профессору” наамына татыктуу болдум. 2010-жылы “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери” наамы ыйгарылды. Андан соң КМТУнун 60 жылдыгына карата юбилейлик төш белги жана “Кыргыз тил” төш белгиси менен сыйланып, “Акыл Тирек” сыйлыгынын лауреаты болдум. 2020-жылы өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодогу көп жылдык эмгегим, Кыргыз Республикасындагы физика боюнча олимпиадалык кыймылды жана ата мекендик илимди өнүктүрүүгө кошкон зор салымым үчүн “Даңк” медалы менен сыйландым. Ушул эле жылы Россиянын Табигый илимдер академиясынын “Илим жана техникага эмгек сиңирген ишмери” наамы ыйгарылды. Кудайга шүгүр, ой-максаттарым орундалды деп ойлойм. Мен ыраазымын…