ЖаңылыктарКоом

Эми бишкектиктер үчүн коомдук транспортту көзөмөлдөөнүн жаңы жолдору жеткиликтүү

Эми Бишкек шаарынын тургундары жана конктору «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинин «Автобус» бөлүмүнөн автобустардын кыймылын көзөмөлдөй алат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти

Маалыматка ылайык, эми тиркемеден мурда бар болгон автобустардан тышкары №№ 2, 9, 10, 11, 12, 17, 21, 34, 41, 46, 360 коомдук транспорттун жүрүүсү боюнча кошумча маалымат алууга болот.

Кошумча функцияны колдонуу үчүн тиркемени жаңыртуу же жаңы колдонуучу болсоңуз төмөнкү шилтемелерден жүктөп алуу керек: Play Market: play.google.com, App Store iOS: apps.apple.com

Эскерте кетсек, мобилдик тиркемеден тышкары, Бишкек мэриясынын порталынан шилтеме боюнча коомдук транспорттун жүргөн жерин байкоого болот.

«КАБАР» КУМА

0 Поделились