Ташкентте Артем Новиков менен Өзбекстандын тышкы соода министри Элер Ганиев жолугушту

Ташкентте Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков менен Өзбекстандын тышкы соода министри Элер Ганиев жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык,  жолугушууда эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүүнү макулдашылып, тараптар буга чейин президенттер кол койгон келишимдердеги экономикалык жана соода алкаларын жакшыртуу боюнча пунктарды аткаруунун практикалык аспектилерин талкуулашты.

Ошондой эле жакын арада Ташкентте кыргыз-өзбек бизнес форумун жана кыргызстандык товар өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсүн өткөрүү боюнча да макулдашылды. Мындан сырткары эки тарап кыргыз-өзбек биргелешкен ишканаларын куруу тууралуу да келишимдерге жетишти.