Сары-Челек коругунда 22 жаштагы израилдик турист кыз изделүүдө

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Челек коругуна Израил мамлекетинин жараны кирген боюнча дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын билдирди.

22 жаштагы Хилла Ливнени издөө иштери Жалал-Абаддын Аксы районунда жүрүп жатат. Турист кыз достору менен Борбор Азия мамлекеттерин кыдырып жүргөн. Акыркы ирет аны 23-сентябрь күнү Сары-Челек коругунан көрүшкөн. Кыздын жоголгону тууралуу маалымат ӨКМге шейшемби күнү түшүп, аталган аймакка 10 куткаруучудан турган топ чыгып кеткен.

Ал эми Сары-Челек коругунун башчысы Эсенали Ормоналиев алардын 20дай аңсакчысы турист кызды эки күндөн бери өз алдынча издешкенин, бирок табылбагандыктан милицияга жана ӨКМге кабар беришкенин билдирди. Ормоналиев кабарлагандай, израилдик туристтер төртөө корукка кирип, бирөөнүн буту чыгып кетип, экөө ошо менен алагды болуп калганда төртүнчү кыз адашып кеткен.