Сапар Исаков: Өкмөт ири өндүрүш ишканаларына колдоо көрсөтөт

Премьер-министр Сапар Исаков Ош облусунун Араван районундагы “ЮКСМ” ЖЧК цемент заводунун иш аракеттери менен таанышуу учурунда Өкмөт аймактарга гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн өнүгүүшүнө салым кошкон ири өндүрүш ишканаларына керектүү жардам көрсөтө турганын айтты. Бул тууралуу  Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

“ЮКСМ” ЖЧК үчүн өндүрүштүк клинкердик линияны куруу долбоору, алдыңкы технологиялык ыкманы колдонуу менен, клинкерди чала күйүгүзүү аркылуу клинкерди кургак ыкмада өндүрүү каралган, бул өз учурунда жылына 900 000 тоннадан ашык цемент өндүрүүгө мүмкүндүк берет.

 

Долбоорду аягына чыгаруу  2018-жылдын май айына пландаштырылууда.  Бүгүнкү  күндө долбоорду ишке ашыруу үчүн курулуштун жүрүшүндө 1000 адис жумуш орундары менен камсыз болду.

Сапар Исаков ишкананын  жумушчуларына ийгилик каалоо менен, бул ишкана келечекте шаардын түзүүчүсү болот деген, ишенимин билдири.