Бишкек архитектуранын эки кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Бишкек архитектуранын эки кызматкери 2 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына шилтеме жасап, «Кабар» маалымдады.

Маалыматка ылайык, Финполго Д.А., аттуу жарандан арыз түшүп, анда архитектура-техникалык чечимди оң жагына чечип берүү үчүн кызматкерлер 2 миң АКШ долларын талап кылып жатышат деп жазылган. Натыйжада 22-сентябрда 1 миң 500 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен “К.Т.”, аттуу жаран кармалган, ошондой эле анын шериктеши “Р.М.” 500 АКШ долларын алып жаткан жеринен кармалышкан. Учурда аталган факты боюнча учурда кылмыш иши козголду.