Бишкектеги Перинаталдык борбордун курулушуна капсула салынды

«Өлкөдө перинаталдык борбордун курулушу менен эне жана баланы коргоодо күчтүү илимий база түзүлүп, кырдаалды жакшыртууга конкретүү натыйжалар болот», – деди Сапар Исаков бүгүн, 27-сентябрда, Эне жана баланы коргоо Улуттук Борборунун аймагындагы оорукананын пайдубалын түптөө аземинде. Бул тууралуу  Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Маалыматка ылайык, Өкмөт башчысы акыркы жылдары мамлекет тарабынан аткарылган иш чаралардын негизинде өлкөдө балдардын жана энелердин өлүмү 40% азайганын баса белгиледи.

«Бул Кыргызстан алдыдагы миң жылдыкта өнүктүрүү программасын ишке ашырууда туура жолдо бара жаткандыгынын далили десек болот. Биздин Өкмөттүн «Жаңы доорго – кырк кадам» программасынын жыйырма жетинчи кадамы дал ушул максатты көздөйт. Бул Өкмөттүн өлкөнүн өнүгүүсүн түптөөгө болгон аракетинин ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат», —  деди Сапар Исаков.

Премьер-министр эне жана баланы коргоо Өкмөттүн программасындагы негизги багыт экенин дагы бир жолу баса белгилеп, өзгөчө эне жана баланын өлүмүн кыскартуу өзөктүү багыттардын бири экенин кошумчалады.

Сапар Исаков аталган долбоорду ишке ашырууда Германиянын Өкмөтүнө ыраазычылык билдирип, өлкөдө перинаталдык борбордун курулушу менен эне жана баланы коргоодо күчтүү илимий база түзүлүп, кырдаалды жакшыртууга конкретүү натыйжалар болорун айтып өттү.

Салтанаттуу иш чарага Германиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарымдуу өкүлү Петер Шольц, Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия  өлкөлөрү боюнча «KfW» Германия өнүктүрүү банкынын директору Олаф Цимельк, КР Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев  жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттары катышты.