Карга аке

(Башталышы өткөн санда)

Карга акенин нуска сөздөрү

• Алачыктын уугу жер таянат, адамдын улугу эл таянат.

• Кудайдын бергени угулбайт, жалгаганы туюлбайт.

• Эр эрегиши мал менен бүтөт, эл эрегиши кан менен бүтөт.

• Аздын шору арбын.

• Тең туугандан кем тууган жаман.

• Араздыктын айласы акыл менен табылат.

• Жамандык жанга батканда жан аялбайт.

• Жер жабырын казган билет, эл жабырын азган билет.

• Жол катуусун баскан билет, жан таттуусун качкан билет.

• Жылдыздын сырын асман билет, жылкынын сырын баккан билет.

• Жоголуп табылган мал олжо, ооруп айыккан жан олжо.

• Көлдө көлөкө жок, көпкөндө береке жок.

• Күнөө кылгандын күйүтү ичинде болот.

Көтөрүмдүн көпкөнүн тоюнганда көр.

• Жетесизди жетелеген убара.

• Жалгызды тул дейт, жаманды кул дейт.

• Сараңга бересе болбо, санаасы бузукка келеке болбо.

• Тең тууганга текебер мамиле кылба.

• Ынтымак – ырыстын иши, ырк кеткен – уруштун иши.

Карга Мендегул уулунун акелик даанышмандыгынын сыры

“Аке” – билгичтиги, акылмандыгы менен элдик адамга айланган аброю бийик, кадыры улук инсандарга эл тарабынан берилген даража. Көл жергесинен көп эле бийлер чыккан. Арийне, “аке” деген наам алардын баарына эле бериле берген эмес. “Аке” деген наам бий эместерге да берилген. Демек, акелер тууралуу сөз кылганда, аларды ошол тарыхый доордон бөлүп карабашыбыз керек. Алардын калыстыгына, даанышмандыгына эле эмес, тарыхтагы ордуна да басым койгонубуз дурус.

Карга акенин тууган арасындагы, уруу арасындагы, эл арасындагы ынтымакты жарлап, элдин башын бириктирүүгө жасаган аракеттеринде, Боронбайды баш манап кылуу демилгесинде мамлекеттүүлүктү түптөөгө болгон далалат байкалат. Бул анын тээ жүз жыл алдыдагыны көрө билген кыраакылыгы эмей эмне? Кыргыз менен казактын ортосунда данакер болгону, орус губернаторуна сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн элчи жиберүүгө демилге көтөргөндөрдүн бири болгону анын элчилик, же азыркынын тили менен айтканда дипломаттык касиети.

Демек, Карга бийдин аке аталганынын сырын, анын 70-80 бий болуп, эл башкарганында гана эмес, анын кара кылды как жарган калыстыгы, келечекти көрө билген кыраакылыгы, коомдо болуп жаткан окуялардын ак-карасын алаканга салгандай талдай билген терең акылмандыгы менен катар, элдүүлүк, мамлекеттүүлүк тууралуу ойлогон кеменгердигинен, акылынын дааналыгынан издесек дурус болчудай. Чындыгында, анын баарына баа берүү тарыхчылардын иши. Арийне, азырынча, акелер тууралуу сөз болгондо, алардын элдүүлүк, мамлекеттүүлүк тууралуу уңгулуу ойлоруна көп маани берилбей, үстүрт баа берилип келатат.

Кыргыз-казак биримдиги тууралуу насаат кептер Карга акенин акыл-насаат кептеринин кыр аркасын түзөт. “Кыргыз бел болбой, казак калмакка тең болбойт”, – деп казактарга биригүүгө чакырык таштаганы ошол себептен. Кыргыз менен калмак кырды бычак болуп жашап, кынсыз кылыч тагынышып, үзөңгү менен үзөңгү тийишип, найза менен найза кагышып жаткан мезгилде кыргыз урууларынын гана эмес, кыргыз менен казактын биримдиги да маанилүү болгон. Карга бий бүт өмүрүндө ынтымак менен биримдикти жарлап жүрүп өткөнү ошондон.

XVII кылымдын 30-жылдарында –XVIII кылымдын биринчи жарымында Чыгыш Түркстан, Жети-Суу жана Теңир-Тоо аймагын байырлаган кыргыздарга Жуңгар хандыгынын ойрот (сарт-калмактар) уруулары кайра-кайра басып кирип, эки эл тынымсыз чабуулга өтүп турган кез болчу. Ошол каар заманда Карга Акенин «Ынтымак оңдуу болбой, ырыскы жөндүү болбойт», «Калыстыгы жок бийдин калкка кереги не…» деген акылман сөздөрү бүгүнкү күн үчүн да, келечек муундар үчүн да айтылган керээз, осуят-насаат кеп болуп саналат.

Карга Аке журт биримдигин жоодон сак болууну, коогалаңдуу жаңжал кор кылгандыгын эскертип, ойрот калмактар оң кылбасына өтө тынчсызданып: «Чыккан күндүн да батаары бар, тирүүнүн кайтаар катары бар. Улуу жаштын учурунан өттүм. Бизге чейин да бир катар акылмандар өткөн бу дүйнөдөн. Калктын тынчы кетип, калмактын азабынан эл кайда барбады, кайда калбады». «Калмак – кара көпөлөк, каптаса чаңды көтөрөт» дешчү эле. «Жоонун жоругун билбей, кордугун көрдүк. Жоо бар жерде жоболоң, ырк кеткен жерде тополоң. Жоонун жолунан чыккылык кылбасын. Жоо аябайт, жаш-карыңа карабайт. Алсыз басынат, арсыз чабылат. Алыңа карап айбат кыласың, карууңа карап кайрат кыласың. Жоо күчтүү болсо качасың, кайгыга батасың. Эр башынан эмне өтпөйт». «Калмактын камчысы кайрылбасын, калкым көлүнөн айрылбасын» деп тилеп, ичимде бугум, көңүлдө зарым жаныма тынчтык берчү эмес эле. Кудай элдин тилегин кабыл кылды. Калмактын камчысын каруусунан какты, калмак ниетинен тапты. Бешенебизге жазган касиеттүү Ысык-Көлүбүз өзүбүзгө буюрду. «Ала болсоң, алдыңдагыны алдырасың» биримдикте, бир тилекте болуп, ырысыбызга буюрган Ата конуш жерибизди, чакан элибизди бириктирип, таштын уюлундай биригели. Бирлик болбосо, тирлик курусун. Чачкын болсок – чабылабыз, бир балээге кабылабыз. Бүтүн болбосок – бүлүнөбүз, санаасы бузукка бүгүлөбүз», – деп айткан экен.

Кыргыздын түндүк менен түштүгүндө жашаган көп уруулардын Көл өрөөнүнө келип отурукташып калышынын да тарыхый себептери ошол доордогу окуялар менен байланышат. Азыркы күндө Көл өрөөнүндө бугу менен саяк урууларынан тышкары, кыргыздын кырк уруусунун көп өкүлдөрү бар. Жети-Өгүз районун эле алсак, мундуздар, дөөлөстөр, коңураттар, саруулар, бугулар, саяктар аралаш жашашат, андан нары Ак-Сууда бугунун арык тукумунун арасында теңизбайлар бар. Тарыхтын бир сапырыктарында, кыргыз менен калмактын чабышынан кийин, бугу уруулары менен кошо Көлгө келип туруп калышкан сыяктуу. Сыягы, бир сапырыкта Көлдөн түштүккө сапырылып барып, анан кайра жаш балдар эр жетилип, баралына келгенде, жоону сүрүп, бул жакка келсе керек. Жоону чогуу сүрүшкөн кыргыз урууларынын өкүлдөрү бул жакка келип, биротоло туруп калышкан деп божомолдосок болот.

Көл өрөөнүнүн ар коктусунда бытыранды жашап, өзү өзүнө бий уруулар, сырттан жоо келсе, арттырбай келген жоого алдырып коерун ойлоп, баарын чогултуп: “жалгыз-жарымдап ар кокту-коктуда жашай берсек, ар кимге жем болобуз, ынтымактан өткөн эч нерсе жок. Бир бололу. Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаралы, ынтымакта бололу. Арабыздан бир чыгаан кишини өзүбүзгө башчы кылып шайлайлы, ошону угалы,” деп ар бир уруу башчылары, аттуу-баштуулар баары жалпы отурганда Боронбайды башкы манап кылууга демилге көтөргөнү да ошондон улам.

Карга аке Боронбайды баш манаптыкка көрсөтүү менен ошол уруулардын баарынын башын бириктирүүгө аракет кылган. Ал оболу ошентип, көлдүк урууларды ынтымакка жана биримдикке чакырган. Анан кыргыз менен казак бири-бири менен жоолашпай, ынтымакта жашаса деген. Анын улуулугу, көсөмдүгү да ушунда. Алыс-жуукта, Көл өрөөнүнүн күңгөй-тескейинде жашаган кыргыздын урууларын гана эмес, кыргыз менен казакты ынтымакка чакырып: “Эр эрегиши мал менен бүтөт, эл эрегиши кан менен бүтөт. Казак менен канатташ, ырыскылаш, табакташ бол”, – деп кыргызга кайрылса, “Кыргыз бел болбой, казак калмакка тең болбойт”, – деп казакка кайрылган. Анан кайра: “казак коргон болбосо, кыргыз ойрон болот”, “ынтымак ырыстын иши, ырк кеткен уруштун иши”, – деп нукура турмуштун чындыгын, акылман кептерин айтып, кыргыз-казакка кайрылган. Карганын калк “акеси” аталмагы анын даанышмандыгы, көсөмдүгү менен, анан да азыркыча айтканда мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө алгандыгы менен байланышкан десек жаңылышпайбыз.

Тескери батанын күчү

Күндөрдүн биринде Карга акенин үйүнө Белек уруусунун жакшысы Бирназар бий коштоочулары менен мейманчылап келип калат. Чакырып келтире алгыс мейманга чоң сый урмат көрсөтүлүп, арналуу мал союлат. Сый дасторкон четинде келди-кетти кептер, узун сабак санжыралар, эл оозунда жүргөн аңыздар айтылып, кулак курчу канат, чер жазылат. Жуп жатарга келгенде, Карга акенин жигиттери алыс жол жүрүп келген коноктордун аттарынын ээр-токумун алып, отко коюшат.

Эртеси коноктор аттанмай болуп, аттардын ээрин токуур алдында Бирназар бий минип келген Ак боз жоргосу жок болуп чыгат. Аркы коктуга ат чаптырышат, бери коктуга ат чаптырышат. Бирназар бийдин аты табылбайт. Бул Карга акенин айылы үчүн сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болчу окуя болчу.

Камчысына таянган Карга аке отурган жеринде каккан казыктай ойлуу отуруп калат да, бир маалда башын көтөрүп, айылындагы бала-чаканын баарын чогултат. “Жаштык кылып, тентектик кылсаңар кечиримдүү. Ачыгын айткыла” деп оболу жакшы айтып, жай түшүндүрөт. Баары жер тиктеген тейде, эч ким мойнуна албайт. Ошондо Карга аке:

– Балдарым, алдыңардан өттүм. Эми өз кылыгыңар өз башыңарды жесин. Мобу аңдан аттагыла, агың аттап өтүп кетесиң. Караң аттай албайсың, аттай албаган арам өлсүн, – деп тетири бата тартып жиберет. Балдар биринин артынан бири аңдан секирип баштап, баары өтүп кетишет. Кезек Карга акенин өз баласына келет. Ал аңдан секиргенде тиги четине буту тийип-тийбей, тайып аңга кулап түшөөрү менен жаны үзүлүп кетет.

Ошондо Карга бий мисирейген тейде:

– Менин мындай балам жок. «Кары кайтса кадыр, жаш кайтса жабыр» деген. Кабыргам кайышып турат, бирок менин аталык сезимимден калыстык улуу. Пешенеге жазылганы ушул экен. Мындан ары анын атын оозанбагыла. Каранын иши ар качан кара. Ал Кудайдан өз жазасын алды. Жар көчүрүп, иттин өлүгүндөй кылып көөмп салгыла. Анын түбөлүктүү жайы дал ушундай жар, жаткан жери өзү каалагандай тар болсун. Буга аздектеп топурак салыш дагы арам иштин белгиси, – деп айтып, али денеси муздай элек баласынын сөөгүн айланып, артына бир кылчайып карап койбой басып кеткен делет санжырада.

“Жакшыдан жаан, жамандан бөөн” дейт. Эл оозундагы калган кепке караганда, Карга акенин уулу көпкөндүктөнбү же бирөөлөрдүн азгырыгына киргенби, айтор, Бирназар бийдин Ак боз жоргосун жолдоштору менен чогулуп союп алышкан окшойт. Мына ошондон кабары бар Карга аке «Жамандын жанын сактаганча, жакшынын кадырын сакта» дегендей, өз баласынан баш тартып отурбайбы. Карга акенин калыстыгы турган элди нары бир чайпалтып, бери бир чайпалтат. Бирназар бий Карга акенин касиеттүү улуу адам экендигине дагы бир жолу ынанат. Атынын куну тууралуу ооз ачып, сөз кылбай, өлгөн баланын күнөөсүн кечет да, Карга аке алдына тарткан атка минип жол тартып, жөнөп кетет.

Эстеген сайын, аза бойду дүркүрөткөн дагы бир окуяны айта кетели. Ошол жортуулчулук мезгилде калмактар кыргыздын жылкысын тийип кетип, ага ачууланган кыргыздар барып калмактан жылкы тийип келишет. Кыргыздар айдап келген жылкынын арасында калмактын чоң ханынын бир тулпары да кошо келген имиш. Калмактар билип калышып, артынан кууп келишет. Куугунчулардын арасында, хандын баласы кошо келген болот, ал айтат: “атамдын тулпарын бергиле” деп. Карга бий “макул берели” дейт. Карга бийдин эң жакшы көргөн кичүү баласы: “тулпарды калмактарга кайтарып бергиче”, – деп, күлүктү мууздап салат. Калмак менен кыргыз тирешип калышат. Илгери жер үчүн, кыз үчүн, жылкы, күлүк ат үчүн согуш чыккан эмеспи. Ошондо Карга аке эки элдин каны төгүлүп кетпесин, эки эл кагылышпасын деп: “Ай балам, болбой калды. Өзүм жараттым эле, өзүм жаныңды кыяйын, мына карагыла”, – деп өзүнүн баласынын жанын кыйган экен.

Бул анын аргасыз кадамы болгон. Болбосо, кайсыл эле ата ушул кадамга барат? Кокус согуш чыгып кетсе, анда кызыл кыргын, сары сүргүн качан токтомок, анда канча эрдин жаны кыйылмак, Карга аке ошонун баарын ойлоп, кыргыз менен калмактын кагылышын далай жолу өз көзү менен көргөн адам өз баласынын өмүрүнөн элдин амандыгын өйдө койгон тура. Ал ар дайым калмактар менен чыр чыгып кетсе: “калмак кара көпөлөк, каптаса чаңды көтөрөт” деп, дайыма ортого арачы түшкөнү айтылат. Айтор, эр менен эрди, эл менен элди согуштургусу, кагыштыргысы келбей, ар качандан бир качан ортого түшүп, чырды тынчтык жолу менен басып, ынтымакта жашаганга чакырчу экен.

(Уландысы бар)

“Тарых күүсүндөгү инсан”  рубрикасынын демилгечиси жана демөөрчүсү Чолпон ЖЭЭНАЛИЕВ

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

0 Поделились