Атамбаев ажал менен кармашып жаткан Айдин Жумалиевге 500 миң сом бөлдү

Боор рагы илдетине кабылып, учурда Түркияда дарыланып жаткан «Элес» тобунун мурдагы мүчөсү Айдин Жумалиевге өлкө президенти Алмазбек Атамбаев 500 миң сомдук жардам көрсөткөндүгүн белгилүү теле алып баруучу Ассоль Молдокматова өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына жарыялады.

Эске салсак, буга чейин Молдокматова социалдык тармактар аркылуу президент Атамбаевдин Жумалиевге жардам берүүсүн өтүнгөн кат жолдогон.

Аидин Жумалиевге президентибиз жардам иретинде 500 миң сом бөлүп берди. Мен анын бул кадамын адамкерчиликтүүлүк жана чыгармачыл инсандарга карата кам көрүү деп бааладым. Өлкө башчысы ар кандай илдеттер менен күрөшүп, жардамга муктаж болуп турган мекендештерибизге жардам берүүнү каалагандарга үлгү болуп бере алды», — деп жазды Молдокматова.

Музыканттын операциясына деп каражат берилгенин өлкө башчынын маалымат кызматынан тастыкташты.

Операцияга дагы 17 500 доллар зарыл болууда. Аны чогултуу үчүн «Элес» тобу 2-октябрь күнү кайрымдуулук концертин берет.

Айдин Жумалиев «Элес» тобунун мүчөсү болгон. Музыканттар тобу 1985-жылдан 2002-жылга чейин элге кызмат кылган. Бул убакыт аралыгында алар беш альбом чыгарган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын июль айында топ кайрадан түзүлгөнү маалым болгон.

Булак: «Спутник»