Ысык-Көлдө жер титирөө болду
Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө бүгү саат 14:00дө катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.
Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга, Барскоон, Тосор айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.