Даярдыгыбыз жакшы, конокторубуз көп болсун

Чолпон-Ата шаарында “Ысык-Көл” аталышындагы эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкенин жана туристтик сезондун ачылышы болду. Ага Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурлан Шакиев, Министрлер Кабинетинин орун басары Эдил Байсалов, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу элчиси Илияз Иманбетов ж.б. катышты.

Иш-чараны экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев ачып, туризм тармагында жагымдуу шарттарды түзүү максатында мамлекеттик органдар жеке сектор жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташып жатканын айтты.

Анын айтымында, тиешелүү мыйзамдар өзгөртүлүп жатат. Ошону менен бирге туристтик бизнесте бирдиктүү салык режими киргизилген, келечекте бир катар салыктык жеңилдиктер каралат.

“Өлкөдө эс алуучу 68 туристтик жайды ачуу пландалып, учурда 21и курулуп жатат, алар быйылкы туристтик сезондо пайдаланууга берилиши керек. Калган 47 объектинин да жайгашкан жерлери аныкталып, курулушу  улантылат. Борбор калаага жакын жайгашкан “Байтик Mountain Resort” тоо-туристтик кластери” инвестициялык долбоору ишке ашырылууда. Ал Борбор Азиядагы эң ири туристтик аймактардын бири болору күтүлүүдө”, – деди Д.Амангелдиев.

Ал эки локалдык геопарк (Баткен районундагы Мадыген, Ысык-Көл облусунда Тескей) түзүлгөнүн, алдыда дагы башка ушундай парктар ачыларын убадалады. Учурда Кыргызстандын геопарктарын ЮНЕСКОнун глобалдык геопарктар тизмесине киргизүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Үстүбүздөгү жылы Абу-Даби жана Сеул шаарларынан Бишкекке түз авиакаттамдар ачыларын да кошумчалады.

“Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине жана туризм тармагында эмгектенген жарандарга кайрылам. Бүгүн келген туристтердин жеке коопсуздугун камсыздап сапаттуу тейлесек, эртең биз алардын эки эсе көп келишине шарт түзөбүз”, – деди министр.

Өткөн жылы  Кыргызстанга жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерден 6,9 миллиондон ашык турист келгени да айтылды.

Мындан сырткары, туристтик көргөзмө-жарманкеде кол өнөрчүлөр, ашпозчулар, этномастерлердин эмгегинен жаралган буюмдар коюлду. Биз Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын тургуну Жамгырчиева Айнагүл эжени кепке тарттык.

“Мен көп жылдардан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келем. Мурда атайын айыл өкмөттүн имаратынын бир бөлмөсүн алып, райондогу бардык айылдардан уз кыз-келиндерди алып келип, акысыз окутуп, үйрөткөн элек. Акыркы 5 жылда өз алдынча ишкерлигимди улантып жатам. КМШнын дээрлик бардык өлкөлөрүндөгү, Европа өлкөлөрүндөгү көргөзмөлөргө катышып келем. Андан сырткары Кытай, Түркия сыяктуу бир нече мамлекетте өткөн, Казакстандын бардык район, шаарларына барып көргөзмөлөргө катыштым. Ошол жактан буюртмаларды алып, иштейм”, – деди ишкер айым.

Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА,
“Кыргыз Туусу”

0 Поделились