Кыргыздын чыгаан булбулу, ченемсиз обон дулдулу!
Балалык кези Улуу Ата Мекендик согушка туш келген Рыспай Абдыкадыров башынан көп эле кыйынчылыктарды өткөргөнү бизге маалым. Талант деген кантсе да ачыкка чыкпай койбойт эмеспи. 1965-жылы Жакшылык Алымовдун “Түгөйүм” деген ырына обон чыгаруу менен андан кийин удаа-удаа обондорун жараткан. Ал кишинин обондору белгилүү акындар Аалы Токомбаев, Токтосун Тыныбеков, Сооронбай Жусуев, Эрнис Турсунов, Карымшак Ташбаев жана башкалардын сөздөрүнө чыгарылган.
Мындан 30 жыл мурун “Советтик Кыргызстан” гезитинин түштүк региону боюнча өз кабарчысы Абдылда Капаров: “Кыргыз эли Рыспайга көп карызбыз”, – деп айтты эле. Анын сыңарындай, ошол 1960-70-жылдарда Рыспай агабыздын ырларын ар бир кыргыз ат үстүндө же жөө бара жатып кыңылдап ырдап калган. Анткени, анын обондору кыргыздын жүрөгүнө жетип, кыргыз жыттанып турчу. Өзү да элди түрө кыдырып, обондорун ар бир айылга чейин жеткирген. Ачыгын айтсак, андагы обончулар ошол кишиге карап түздөнүшчү.
Элге бир окуяны жеткирип коюу милдетибиз бар. 1991-жылы Рыспай агабыз 50 жашка чыкканда кичи мекени Кара-Кулжага келип чоң концерт берген. Аны сыйлаган обончулардан 27 талантты азыркы эл артисти Түгөлбай Казаков бир автобуска салып алып келген. Ошондо Т.Казаков: “Рыс-пай аке! Мынабу келген баарыбыз сиздин окуучуларыңызбыз. Бирден ырыңызды ырдап берели”, – деп келдик. Кантсе да азыраак уялып турабыз. Себеби, сизге бериле элек “Эл артисти” наамын беш-алтообузга берип койду”, – деген эле!.
Ал убактагы райондук кенештин төрагасы Т.Мусаев агабыз толкунданып туруп: “Рыс-пай аке! Сиз кыргыздын Токтогулдан кийинки эле булбулусуз”, – деп жаңы 06 маркадагы “жигули” тапшырган.
Рыспай Абдыкадыровду эл обончу, аткаруучу катары айтып жүрөбүз. Ал кишиде көп кырлуу талант бар эле. Ошол союз убагындагы эң күчтүү “Зенит Е” фотоаппараты бар болчу. Адамдын оюна келбеген иштерди элге сунуш кыла берчү.
1976-жылы болсо керек эле. Ош шаарынын жогору жагындагы Озгур айылы жакка эс алганы барып калдык. Мен “москвичимди” жууп жатсам, 200 метр жогору жактан Рыспай аке: “Ээ, Аман. Тез фотоаппаратты алып кел!” – деди.
Алып чуркап барсам, кызык киши да, сайдан жуунуп жатып жээкке чыгып кумурсканын уюгуна трусычан отуруп алыптыр. Мен көрүп коркуп кеттим. “Миңдеген кумурска чагып жатса керек”, – деп ойлодум. Бир жагынан күлкүң да келет экен. “Мени ар тарабымдан тарт”, – деди. Мен тарта бердим. Андан кийин ал киши түз эле дарыяга боюн таштады да, сууда балыктай сүзүп, ойноду.
Бул окуя жайдын күнү “Папан” суу сактагычынын ылдый жагында болгон. Биз менен институттун эки агайы да бар эле. Алар: “Бу, Рыспайды кумурскалар дарылап деле койду да”, – дешип көп таңыркашкан жок.
Ошол эле “Папан” дарыясында эс алып жүрүп, кууп жүруп бир кескелдирикти токтотуп алыптыр. Анда да 3-4 адам элек. “Ээ тез келгиле да, мына бул кескелдирикти тегеректеп тоскула, мен сүрөткө түшүп алайын”, – деп жатпайбы. Мени болсо баягыдай эле: “Аман, сен жерге кынкай да, кескелдирикти менин оозума туштап тарт”, – деп айтты.
Мен айтканындай тарттым, калган үчөө аны кетирбей тосмолоп турушат. А кескелдирик башын соймоңдотуп эки жакты карап, кача албай туруп берди. Мындай сүрөттөрдөн өзү каалагандай кадрды жасап чыгарып алчу.
Мына, окурман, ал киши чыныгы искусствонун адамы деп айтаар элем. Ошол сүрөттөрдү чыгарып Москвага “Огонек”, “Советский Союз”, ж.б. журналдарга жөнөтчү, ал жактан конверттер менен гонорар акчалар келип турчу.
Дагы бир окуясы эске түшөт. Мугалим берген сабагын кайсы окуучу жакшы окуп, кайсы окуучу окубай турганын даана билет эмеспи. Рыспай аке Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык-педагогикалык факультетинде мугалим эле. Мен анын иштеген жерине жумалап барып турчумун. 3-этажда чакан кабинети бар эле. Бир жолу барып калсам, эшигинин алдында 10-15 студент турган экен. Мен барып кабинетине кирип эле аккордеонун алып “Полонез Огинского” жана “Прощальный вальсты” жана да өзүнүн бир-эки обонун ойноп калдым. Баягы тополоңго түшүп жаткан студенттердин айрымдары эшикти ачышып, мени көрө коюшуп кайра жаап жатышты. Ким экен деп кызыгышты окшойт. Ошондон улам мен суроо салдым: “Рыспай аке, бул балдар эмне турат?”. Ошондо, ал: “Булар өкмөттүн душмандары, зачет алалбай жүрүшөт. Сен филфакта окусаң да булардын оозун ачтырып, кызыктырып жатасың. Сен кесип тандоодо адашкансың, эмдигиче, композитор болот элең”, – деп мени ойлондурбадыбы.
Анда мен, 4-курс элем, баары кеч болуп калган. Ошентип талантка баа берчү эле, кайран киши.
Адамдарды, досторун тез-тез көрүүгө, сүйлөшүүгө кызыкдар эле. Кайсыл бир жылы, ал Ош шаарынын Түштүк-батыш кичирайонунда жашап, мен жолугуп өтөйүн деп бурулуп калдым. Башында айткан Абдылда Капаров экөө биринчи кабатта кошуна жашашчу. Мен машинадан түшүп подъездге кирип баратсам Абдылда акем: “Ырас келбедиңби. Мынабу акаң баарыбызды жаман абалга жеткирди”, – деп калды. Көрсө, ошол күнү эртең менен жакын досторунан 2-3 кишиге: “Тез келгиле, Рыспай өтүп кетти”, – деп үнүн өзгөртүп телефон чалып коюптур. Анан саат 9дар чамасында досторунан 10-15 аял-эркек чогулуп кирип келишиптир, айрымдары ыйлап алган дейт.
Абдылда байкем эшикте турган экен: “Эй, силерге эмне болду?” – десе, алар: “Рыспай өтүп кетиптир го”, – дешип шашып үй жагына кирип баратышыптыр. Анан Абдылда аке: “Токтоткула, азыр эле көрдүм, баягы тамашасынан болуп жүрбөсүн”, – дептир. Ага чейин бир-экөө эшиктин коңгуроосун басышкан экен, бир маалда Рыспай аке эшигин ачып: “Мындай кылбасам силер келет белеңер”, – деп күлүп коюптур.
А Давлет жеңеге: “Азыр уяттуу кишилер келет”, – деп дасмал даярдатып да коюптур. Ошентип ал күнү шылтоо менен чогулушуп, кечке чейин майрамдашыптыр. Мына, окурманым, ал эч кимдин оюна келбеген окуяларды ойлоп тапкан адам эле.
Ал тамгаларды мончоктой тизип жазчу. “Орошон талант бардык жагынан ыроолонот тура”, – деп ойлоп калам. Адамдарга болгон мамилеси да өзгөчө болуп, кичипейилдиги, ар маселени тез чече билгендиги бар эле. Жаш-карысына карабастан ийилип салам бергени жаштар үчүн тарбия болчу. Баскан турганы, кийимди ылгап кийгени, таза жүргөнү элди суктандырчу. А сүйлөгөнү эч убакта талаш жаратчу эмес. Сөздөрдү так, даана сүйлөп, мазмунуна маани берчү.
1973-жылы Совет районундагы Кеңеш айылына Рыспай акени, Давлет жеңени, акын Карымшак Ташбаевди үйгө конокко чакырган элем. Ошондо “Рыспай келиптир”, – дешип чарбанын эли баары көчүп келип алышыптыр. Жаш бала пейилиндеги адам экен, келген эл менен зээрикпей учурашып, айрым жаш балдарды көтөрө коюп бетинен өөп, чачынан сылап, кеминде бир саат ырдап берди.”Мен сиздер менен обончумун да, дарактарга ырдап берет белем, келгениңиздерге чоң ыраазымын”, – деп абдан чечилип сүйлөп да берген. Жаратканыбыз мындай таланттарды элге бир кылымда бир берип коёт экен.
Аман САРЫЕВ, Кара-Кулжа району