Алгынбай ИМАРОВ: “Районубузда туруктуу өнүгүү бар”

Экономикалык өнүктүрүү

Ишкердикти колдоо, тикелей инвестицияларды тартуу, райондун экономикасын өнүктүрүүгө жана жумуш орундарын түзүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү багытында 67 млн. 400 миң сом көлөмүндөгү 36 иш-чара жүргүзүлүп, 10 млн. 550 миң сомго 6 ишкана ачылып, 13 жаңы, 87 мезгилдүү иш оруну түзүлгөн.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 10 млн. 292,8 миң сомду түздү. Ак-Дөбө айыл аймагындагы сүттү кайра иштетүүчү чакан сүт заводу, кант кызылчасын кайра иштетүүчү завод жана аймактардагы жыгач тилүүчү, нан бышыруучу жана башка чакан ишканалар бар. Акыга кызмат көрсөтүү 111,1%га өсүп, мунун ичинен чекене соода жүргүртүүнүн көлөмү 100,4%ды, автотранспорт менен эл ташуу 114,1%ды, 19,4 миң тонна жүк ташылып 107,2%ды түзгөн.

Негизги капиталга инвестициялар 143 млн. 479,4 миң сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 183,4%га жогорулаган. Капиталдык салымдардын структурасында калктын каражаттарынын салымы басымдуулук кылган. Бул салымдар негизинен реконструкциялоо, өндүрүш объектилерин кеңейтүүгө жана жабдууларды сатып алууга жумшалган. Райондук мамлекеттик администрация тарабынан бул багытта иш такай жүргүзүлүүдө. 

Айыл чарбасы

Мал чарбачылыгында 344 млн. 176,3 миң сомдук продукция өндүрүлгөн. Мунун ичинен 1 333 тонна эт, 3 153 тонна сүт, 814,0 миң даана жумуртка өндүрүлгөн.

Дыйканчылыкта 2023-жылдын түшүмү үчүн 1 412 га жерге кылкандуу дан эгиндери эгилген. Анын ичинде 668 га күздүк буудай, 372 га жаздык буудай, 372 га арпа, былтыркы жылга салыштырмалуу 958 га аянтка көп. 365 га көп жылдык чөп да себилген.

Бруцеллёз ылаңына каршы 39 баш кочкордон, 549 баш бодо малдан, 122 баш жылкыдан кан алынып, мунун ичинен 2 баш бодо малдан бруцеллез ылаңы аныкталып, ылаңдуу малдар жок кылынган. 12 миң 558 баш малга алдын ала эмдөө, дарылоо жүргүзүлүп, кутурма оорусуна каршы 1 250 итке вакцина салынган. Райондун аймагында бүгүнкү күндө эпизоотиялык кырдаал туруктуу.

Райондогу 4 897 жылкынын баарына чип басылган. Идентификациялоо төлөмдөрүнүн суммасы 340 миң сом болсо, иш жүзүндө 152 миң сом жыйналган.

Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо

Бул максатта 6%дык жеңилдетилген насыялар “Айыл Банк” жана “РСК” банктарынын өкүлчүлүктөрү аркылуу 19 дыйкан, фермерге – 9 млн. 500 миң сом берилген. Мындан тышкары Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү багытында 15 дыйкан, фермерге – 6 млн. сом берилген. Ошол эле мезгилде “Айыл Банк” аркылуу 3 дыйкан фермерге – 6 млн. 882 миң сомго ар кандай үлгүдөгү техникалар техникалык жактан колдоо иретинде лизингге берилген.

Райондук өнүктүрүү фонду

15-апрелге карата фонддун байкоочу кеңешинин кароосуна 15 млн. 735 миң сомдук 7 долбоор келип түшкөн. Алар – райондук ӨКБнын окуу бөлмөсүн ремонттоо жана унаалар турган бокска жылытуу системасын орнотуу, Боо-Терек айылындагы “Сүйүн апа” балдар бакчасына 50 орундук кошумча корпус куруу, Ак-Дөбө айылындагы Э.Чемерисов атындагы конок үйүнө эмеректерди сатып алуу, Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн көчө жарыктарына керектелүүчү материалдарды алуу, Оро айылына таштанды таштоочу жай даярдоо жана айланасын курчоо, Миң-Булак айылындагы Миң-Булак-1 каналына лоток орнотуу, Бакай-Ата айылындагы Ленин орто мектебинин чатырын жаңыртуу.

Ирригациядагы иштер

Каналдарды механикалык тазалоо, башкы суу алуу курулуштарын оңдоо, бетондоо жумуштары жүргүзүлүүдө. Бюджеттин эсебинен Объединяющий, Кызыл-Жар, Кайназар-I, Көк-Жар-Н, Көк-Жар-В, Көл-Түкөк, Калинский, Кең-Арал насостук станциялары жалпысынан 1 млн. 994,5 миң сомго капиталдык ремонттон өткөрүлгөн.

Мындан тышкары ар бир айыл аймакта СПАлар жана айыл тургундары тарабынан ички чарба каналдары механикалык тазалоодон өткөрүлүүдө. 15-апрелге карата жалпы 83,4 км ички арыктар тазаланган. 

Түрткү берүүчү гранттын колдоосу

Анын эсебинен быйылкы жылы жалпы суммасы 25 млн. 302,8 миң сомду түзгөн 5 долбоор жактырылган. Алсак, Ак-Дөбө айылындагы Гүлзар бала бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү, Шадыкан айыл өкмөтүндөгү эски мончону капиталдык ремонттон өткөрүү, Ак-Дөбө айылындагы Оморбек көчөсүн асфальттоо, Бакай-Ата айылындагы Ленин орто мектебинин терезе-эшиктерин алмаштыруу, Оро айыл өкмөтүндөгү күрөш залын капиталдык ремонттон өткөрүү иштери жактырылып, учурда иш баштоо алдында турат.

Финансы жана экономика

Салык жана салык эмес төлөмдөрү боюнча план 25 млн. 667,5 миң сомду түзсө, иш жүзүндө 26 млн. 946,8 миң сом чогултулуп, план тапшырма 105%га аткарылган. Мунун ичинен жергиликтүү бюджетке 19 млн. 288,7 миң сом, республикалык бюджетке 7 млн. 658,1 миң сом чогултулган.

Жергиликтүү бюджеттин жалпы киреше бөлүгүн (салыктык жана салык эмес кирешелер, трансферттер, республикадан алынган каражаттар) толтуруу боюнча план 99,3 %га аткарылып, 92 млн. 936,1 миң сом өндүрүлгөн.

Жолдорго жооптуу мамиле

№47 жол тейлөө ишканасы жолдорду утурумдук оңдоодон өткөрүүдө 939 миң сомдук, кышкы тейлөөдө 1 млн. 751 миң сомдук жана башка тейлөөлөрдө 177 миң сомдук иштерди жасаган. Мамлекеттик капиталдык салымдар беренеси аркылуу Ключевка – Май – Бакыян автожолунун 2 км аралыгын асфальттоо иштери пландалган, ага 3 млн. сом акча каражаты каралган. Мындан тышкары Бакай-Ата – Үч-Эмчек автожолунун 2 км аралыгына, Миң-Булак – Наматбек автожолунун 4 км аралыгына шагыл төшөөгө 3 млн 900 миң сом акча каражаты каралган.

Жашылдандыруу

2023-жылдын жаз айларына 40 га аянтка көчөт отургузуу каралса, 17-апрелге карата 32 га аянтка көчөт отургузулган. Мындан тышкары 9,2 га аянтка калемче плантациялары отургузулган.

Райондо жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча үч айлык жарыяланган. Анын алкагында өткөрүлүп жаткан ишембиликтерге жалпы 1800ден ашуун адам катышып, аткарылган жумуштардын жалпы көлөмү 238,0 миң сомду түзгөн. 15-апрелге карата 25 миң даана ар кандай тал-терек, мөмө-жемиштердин көчөттөрү отургузулган. 27 тонна таштанды чыгарылды.

“Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн негизинде 8 978 түп ар кандай тал-теректердин түрлөрү отургузулган.

Саламаттык сактоо

Райондун элине медициналык жардамды 36 жогорку билимдүү дарыгер жана 168 орто билимдүү мээрман көрсөтүшөт. Тармактагы көйгөйлүү маселе – 13 дарыгер жетишпейт.

Билим берүү

Райондо  жалпы билим берүүчү 22 мектепте 10 802 окуучу билим алып, 885 мугалим билим берүүдө. 18 бала бакчада 2 134 бала тарбияланып, 133 тарбиячы  эмгектенип  жатышат. Бүгүнкү күнгө карата  район боюнча  балдар бакчасына 303 бала кезекте турат.

2022-2023-окуу жылында мектептердин окуу китептери менен камсыз болушу орто эсеп менен 74%ды түздү. Анын ичинен кыргыз класстардыкы 86%ды, орус класстардыкы 62%ды түздү.

22 мектептин 1-4-класстарынын 4 362 окуучусуна 22, алардын ичинен 10 типтүү, 12 ыңгайлаштырылган ашкана иштеп жатат. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана Өкмөттүн “Мектеп тамактандыруусун оптималдаштыруу” долбоорунун алкагында пилоттук район катары кирип, 2014-жылдан баштап бардык мектептерде башталгыч класстардын окуучуларына ысык тамак бериле баштаган.

Райондон 32 окуучу облустук предметтик олимпиадага катышып, 11 окуучу I-II орундарды алышкан, 10 окуучу республикалык предметтик олимпиадага катышкан. Билим берүү сапаты 2022-2023-окуу жылынын 3-чейреги менен 40%ды түздү.

Социалдык коргоо

Район аймагында 34 жетим бала,  616 жарым жетим, 1 бала убактылуу 6 айга камкордукка жана 1 бала камкордукка алынган, 1 бала көзөмөлчүлүккө, 5 бала асыралып алынган. Райондо каттоодо турган 34 тоголок жетим баланын депозиттик эсептерине райондук мекеме-уюмдардын жетекчилеринин,  айыл өкмөт башчыларынын жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен 1-апрелге карата 495 320 сом топтолду. 

Район боюнча 1-январга  карата үй-бүлөлөрдүн саны – 13 385, кедейчиликтин деңгээли 24,13%ды түзүп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,57 %га азайган.     

1-апрелге карата “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу 2 836 балага жалпысынан 3 403 200 сомго чегерилди. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жөлөкпул алган балдардын саны 442ге азайды.

58 жалгыз бой кары жана ДМЧ адамга 174 миң сомдук жардамдар берилди. Ушул мезгилде жумуш издеп кезекте турган эмгекке жарамдуу калктын саны 747.

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы ”Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө” токтомун аткаруу максатында убактылуу комиссия курамы түзүлүп, 80 долбоор тандалып, 80 үй-бүлөгө 100 000 сомдон сертификаттар  тапшырылды. 59 үй-бүлө айыл чарба тармагы, 7 үй-бүлө өндүрүш багыты , 4 үй-бүлө кызмат көрсөтүү, 1 үй-бүлө чакан соода ишкердигин жүргүзүп келишүүдө. 

Пенсионерлердин саны 7412. 

Маданият

Президенттин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү  тууралуу” жарлыгына ылайык, салттуу руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында “Нооруз” майрамына карата кыргыздын улуттук кийимдерин жана кол өнөрчүлүгүн, ошондой эле улуттук тамак-аштарын кеңири жайылтуу максатында райондук мекемелер арасында сынак жарыяланган. Сынакты жеңген кызматкерлер райондук мамлекеттик администрациянын диплому жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Спорт

Быйыл январь айында райондор арасында “Көк-бөрү” оюну  боюнча мелдеште Бакай-Ата району 3-орунга ээ болду. Март айында Бишкек шаарында Кыргыз күрөшү боюнча өткөрүлгөн чемпионатка райондон 14 балбан катышып, Акназаров айыл өкмөтүнүн тургуну Бейбарс Анарбеков менен Оро айыл өкмөтүнүн тургуну Б.Идирисов жеңүүчү болушту.

Чалдыбар мектеп-гимназиясынын окуучусу Айбике Манасова Бишкек
шаарында өткөн кол күрөш мелдешинде жеңип, Дубайда өтүүчү Азия биринчилигине жолдома алды.

Гуманитардык жардамдар

“Ассанабил” коомдук фонду тарабынан Кең-Арал айылынын 29 жашоочусуна, Дубайдын эмири-Шейх Мухамед  бин  Рашид Аль-Мактум тарабынан жарыяланган “Миллиард порция” аттуу акциянын алкагында ар кандай категориядагы 100 жаранга жана демөөрчүлөр тарабынан район боюнча 70 жаранга ар кандай азык-түлүк түрүндө жардамдар көрсөтүлдү. Шадыкан айыл өкмөтүнө караштуу Түйтө айылынын тургуну жеке ишкер У.Сырдыбаев тарабынан Шадыкан айыл өкмөтүндөгү 4 үй-бүлөгө бирден кунаажын берилди.

Наргиза КАЗАКБАЕВА

0 Поделились