Мамлекеттик ипотекалык насыянын коюму октябрдан тарта 8 пайызга чейин төмөндөйт

1-октябрдан тарта мамлекеттик ипотекалык насыянын пайыздык коюму 8 пайызга чейин төмөндөйт. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков атайын жыйында кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ал өз сөзүндө өкмөттүн «Жаңы доорго кырк кадам» программасынын артыкчылык берген багытынын бири насыя берүүнүн шарттарын жакшыртуу экенин баса белгиледи.

Премьер, андан сырткары, өкмөттүн «Жеткиликтүү турак жай – 2015-2020» программасын ишке ашырууда пайыздык коюмду азайтуу боюнча маселени карап чыгуу боюнча тапшырма берди.

«Жыйынтыгында биз учурдагы 10 пайыздык коюмду 8 пайызга чейин түшүрө алдык. 2017-жылдын 1-октябрынан тарта жарандарыбыз мамлекеттик ипотекалык насыяны 8 пайыз менен ала алышат», — деди Исаков.

Өкмөт башчы ошондой эле өнөктөш банктардын жетекчилерине ипотекалык насыянын пайыздык коюму азайганы боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтып кайрылды.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев учурдагы пайыздык коюм менен насыя алгандардын да жагдайы жаңы пайыздык коюм боюнча караларын айтты.

Исаков, андан сырткары, Каржы министрлигине өкмөттүн «Жеткиликтүү турак жай – 2015-2020» программасын ишке ашыруу үчүн тез арада каражат караштырууну тапшырды.

Булак: «Спутник»