Махабат КАСЕЙИНОВА:“Дүйнө адабиятына карай чыйыр жолумдун башаты болуп калды”

Жакында Казакстандагы Иоганн Гёте атындагы институту Германиянын Лейпциг шаарында кыргыз, казак, өзбек, тажик, түркмөн акындарынын немис тилиндеги поэтикалык антологиясынын бет ачарын өткөрдү. Бул антологияга кыргыз акын кыздары – Гүлзада Станалиева, Нарсулуу Гургубаева, Алиман Абдыкеримова, Нуриза Өмүрбаева жана Махабат Касейинованын ырлары кирген. Бул иш-чарага катышып келген акын Махабат Касейинованы ат жалында кепке тарттык.

– Махабат айым, кыргыз акын кыздарынын ырлары немис тилиндеги антологияга кандайча, кантип кирип калганы кызык болуп турат?

– 2021-жылы Казакстандагы Иоганн Гёте институту кыргыз котормочулары менен акындарына немис акындарынын ырларын которууну сунуштады. Сунушту онго жакын кыргыз акын, котормочулары кабыл алып, Zoom платформасы аркылуу кызматташа баштадык. Ар кандай себептерге байланыштуу кызматташуудан алардын көбү баш тартып аягында Нарсулуу Гургубаева, Нуриза Өмүрбаева, мен үчөөбүз эле калдык. Биз азыркы немис поэзиясынын өкүлдөрү Рики Шеффлер, Моника Ринк, Ян Вагнер, Аня Кампманн жана Даниела Зеелдин ар биринин ондон ырын котордук. Бизге ишеним артылган соң ар бир ырга жоопкерчилик менен карап, жеткиликтүү которуп берүүгө аракет жасадык. Биз которгон чыгармалар кыргыз жана немис тилдеринде антология болуп жарык көрдү. Аталган институт менен бул долбоорду ишке ашыра баштаганыбызда биздин ырларыбыз да немис тилине которулары макулдашылган эле. Долбоор аяктаганда Гёте институту үчөөбүздүн гана ырларыбыз немис тилине которуларын билдирди. Биз буга макул болбой дагы эки кыргыз акынын кошуп, бешөөбүздөн бештен ырыбыз которулушун өтүндүк. Ошентип бир пикирге келип Гүлзада Станалиева, Нарсулуу Гургубаева, Алиман Абдыкеримова, Нуриза Өмүрбаева жана менин бештен ырыбыз немис тилине которулуп калды.

– Аталган антологияга башка улут өкүлдөрүнүн да чыгармалары кирген турбайбы?

– Кыргыз, казак, өзбек, тажик жана түркмөн акындарынын ырлары биригип бир антология болуп жарык көрдү. Китептин бет ачары Берлин шаарындагы Гумбольт университетинде жана Лейпциг шаарындагы китеп көргөзмө борборунда болуп, ага катышып келдим. Биздин ырларды немистин белгилүү акындарынын бири Норберт Хуммелт которгон экен. Германияга болгон сапарыбызда шаарлардын кооздугуна, архитектурасына, адамдарынын жөнөкөйлүгүнө таң калып бүтө алган жокмун. Абдан кызыктуу жолугушуулар, баарлашуулар болду. Лейпцигдеги китеп көргөзмөсүнөн басмаканалардын жетекчилери менен таанышып, алардын китеп чыгарууда эмнелерге көңүл бурушары тууралуу кызыктуу баяндарын уктук. Алар китептин мазмуну эле эмес, сапаты да талапка жооп бергидей, окурманга жагымдуу болушу керектигин айтып өтүштү. Кыскасы, бул кызматташуу котормочулукка, дүйнө адабиятына карай чыйыр жолумдун башаты болуп калды.

– Сиздер ырларын кыргызчалаган авторлор менен жолугушуу да кызык болсо керек?

– Ооба, аны азыр сөз менен сүрөттөп берүүгө мүмкүн эмес. Лейпцигдеги иш-чарада Аня Кампманн модератор болду. Ырларыбызды кыргыз, казак тилдеринде окудук. Немис тилинде Норберт Хуммелт окуду. Көрүүчү аз болсо дагы алар кыргыз поэзиясын өтө кызыгуу менен угуп жаткандыктарын байкадым. Аня менден үй турмушу, чыгармачылыктагы кыйынчылыктар тууралуу сурады. Эки башка дүйнө, эки башка түшүнүктө жашаган эл болсок дагы эки элдин үй турмушу, тиричилиги, анын чыгармачылыкка тийгизген таасири окшош сыяктуу сезилди.

– Турмуш, тиричилик демекчи, элеттик келиндин Германияга кетишин кайын журт кандай кабыл алды?

– Ушул чыгармачыл сапардан соң калемдештеримдин көбү шаарга турмушка чыксаң бир топ ийгиликтерди жаратмак экенсиң дешти. Андай болгон күнү деле кандай тагдыр күтөт элем ким билет. Бирок, Германияга кетеримде балдарымдын чоң атасынын мага ак батасын берип узат-каны турмуштагы ийгиликтеримдин баарынан баалуу нерсе болду. Жолдошума, кайын журтума терең ыраазымын. 

Мелис СОВЕТ уулу

0 Поделились