Манас АЛЫМБАЕВ: “Китепти окурмандар жылуу кабыл алышты”
2002-жылы “Чаңгеттин чабандеси” аттуу алгачкы ырлар жыйнагы менен кыргыз окурмандарына кенен таанылып, кийин 2006-жылы “Туз көзүр” детективдик романы, 2009-жылы “Кулак” повести жана бир нече котормо китептери жарыкка чыккан акын, прозаик, котормочу Манас АЛЫМБАЕВди окурмандар жакшы билишет. Көп жылдардан бери чыгармачылыктан алыстап кеткен чаңгеттик чабандес акындын быйыл “Көчмөндүн сагынычы” поэтикалык китеби чыкты. Ырларындай ары табышмактуу, ары элге жугумдуу акын менен азыноолак кеп курдук.
– Манас мырза, кечээ жакында “Көчмөндүн сагынычы” аттуу китебиңиз жарык көрдү. Бул китеп мурда эле бышып-жетилди беле же акыркы-эки үч жылдагы эргүүнүн жемишиби?
– Мурда “Көчмөн дүйнө” аталышында китеп чыгарсамбы деп бир топ ырларымды топтоп жүргөм. Бирок, алардын дээрлик көбү сын элегимен өтпөй бул китепке кирбей калды. Негизинен бул жыйнакка акыркы үч-төрт жылда жаралган чыгармаларым кирди. Былтыртан тарта даярданып жүрүп быйыл китеп чыгаруунун убакыт-сааты келип, ушул китебимди бастырдым. Азыр ойлосом жыйырма жыл ичинде көп эле ыр жазыпмын. Бирок, алардын көбү өзүмдүн сын элегимен өтпөгөндүктөн китеп болуп чыккан жок.
– Китеп чыгарарда ар бир автор ырларын тажрыйбалуу акындардын сынына коёт эмеспи. Бул китепке кимдер сынчы болду?
– Китептеги ырлардын токсон пайызы фейсбук баракчама жүктөлүп, белгилүү адабиятчылардын, акын, жазуучулардын, калемдештеримдин сын элегинен өткөн. Ошентсе да китепти чыгарар алдында ырларымды поэзияны мыкты билген, түшүнгөн калемдеш агай, эжелерге көрсөтүп алардын сунуш-пикирлерин да уктум. Буга чейин маркум Болот Акматов агайды устат тутуп, ошол кишинин ой-пикирин уксам деп жүрчүмүн. Тилекке каршы, китеп чыгарар астында ал киши өтүп кетти. Агай менин алгачкы “Чаңгеттин чабандеси” китебиме баш сөз жазып берген эле. Агайымдын арбагын сыйлап ошол баш сөздү ушул китебиме баш сөз катары кетирип, окурмандарга өзүм бир аз кайрылуу жазып койдум. Кыскасы, китепти өзүм каалаган форматта чыгардым десем болот.
– Китептин аталышы кандай себептен улам “Көчмөндүн сагынычы” болуп калды?
– Китептин ички мазмуну ушул эки тематиканы камтыйт. Биринчиден, китепте көчмөн багытындагы көп ырларым жана “Көчмөн дүйнө” аттуу тарыхый поэмам да бар. Анын үстүнө өзүм көчмөн жылкычынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келип, студенттик кезде ар кайсы батирде көчүп-конуп жашап, кийин Россияга чейин мигрант болуп барып келдим. Ошол себептен сагыныч ырларын көп жазып жүрүп Сагыныч аттуу лирикалык каарманыма да жолуктум. Аны фейсбуктагы окурмандарым жакшы билишет. Ушундай себептерден улам китеп “Көчмөндүн сагынычы” болуп калды.
– Поэзия жаштыктын иши деп көп айтылып жүрөт. Кырктын кырына келип калгандагы чыгармачылык башкача болсо керек?
– Туура, жаш куракта жалындаган, жалбырттаган саптар болот экен. Азыр деле жашпыз, бирок, 20-25 куракка салыштырмалуу кыркка жакындаганда адабиятка, чыгармачылыкка, турмушка болгон көз караш кыйла калыптанып, эмоцияга эмес акылга салып жазып калат экенсиң.
– Чыгармачылык ушул китеп менен эле чектелип калбаса керек?
– Албетте, поэзия, ырлар эргүүгө, кырдаалга жараша жазыла берет. Буга чейин мени багып өстүргөн чоң атам тууралуу “Дарымчы чал” деген поэма баштагам. Ушул сыяктуу бүтпөгөн эки-үч поэмам бар. Ошолорду жана буга чейин жазып жүргөн кара сөз түрүндөгү чыгармаларымды аягына чыгарсам деген тилегим бар. Ошондой эле котормо менен да алектенип жүрөм. Аларды да, буюрса, өзүнчө китеп кылып чыгарам.
– Азыр китепти чыгаруудан да таратуу, сатуу маселеси оорураак. “Көчмөндүн сагынычынын” чыгышы, таралышы кандай болду?
– Албетте, китеп чыгарууда моралдык, аз-маз материалдык колдоо көрсөткөндөр да болду. Чыгаруу чыгымынын негизги бөлүгүн өзүм, бир туугандарым болуп көтөрдүк. Таратуу маселеси жагына кабатырланып, окурмандар кандай кабыл алар экен деген ойдо болгом. Бактыга жараша, китеп чыгары менен көбү сатылып кетти. Жакында поэзия кечемди өткөрсөм, калганы ошол жерден поэзия, адабият күйөрмандарынын колдоруна тиет.
Мелис СОВЕТ уулу