Нарын шаарына электробустар алып келинет

Нарын шаарындагы жолдор оңдолуп бүткөнгө чейин электробустар алынып келинет. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов 18-майда Нарын шаарынын эли менен жолугушууда кабарлады.

“Нарын шаарына электробустарды алып келүү үчүн тендер жарыяланган. Бирок заводго түз жол таптык. Ошол себептен ортомчусуз алып келүүнү туура көрдүк. Мындай шартта 5 электробус келчү каражатка 7 электробус келет экен. Биз эле эмес Кыргызстандын башка аймактары да түз алганы турушат”, — деп билдирди облус башчысы.

Белгилей кетсек, быйыл калктын транспорт каттамын жөнгө салуу максатында Нарын шаарын электробустар менен камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен 76 млн. сом бөлүнгөн.

«Кабар» КУМА

0 Поделились