Бакытбек ЖЕТИГЕНОВ: “Ордолуу Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору”
Ош шаары 3000 жылдык тарыхы бар, байыркы шаар. Шаарды өнүктүрүү жана инфраструктурасын жакшыртуу боюнча шаар башчылыгынын аткарган иштери алкоого аларлык. Анткени акыркы жылдарда шаарда жасалып жаткан иштер көргөн көздү кубантат. Шаар башчылыгынын мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалар, муниципалдык аймактык башкармалыктары менен биргеликте, шаардын өнүгүү программасынын алкагында жасап жаткан иштери туурасында шаардын мэри Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович окурмандарга кеңири маалымат берди.
Өргө тарткан өнөр жай
2023-жылдын 1-январына карата Ош шаарында катталган чарба жүргүзүүчү субъектилер – 50 588 бирдикти түздү. Алардын ичинен иштеп жаткан чарба жүргүзүүчү субъектилер – 30 312, чакан ишканалар – 1 384, орто ишканалар – 187, ири ишканалар – 133, дыйкан чарбалар – 3 348, жеке ишкерлер – 25 111, жана башкалар – 149.
Өнөр жай ишканалары 2022-жылы 6,0 млрд. сомдук продукция өндүрдү. Өнөр жай тармагындагы текстиль жана тигүү өндүрүшү (18,1 пайызга), резина жана пластмасса буюмдарын өндүрүү (12,1 пайызга), негизги металл жана даяр металл буюмдарын өндүрүү (6,3 пайызга), электрондук жабдууларды өндүрүү (32,7 пайызга), машина жана жабдууларды өндүрүү (31,7 пайызга), суу менен жабдуу, калдыктарды тазалоо, иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу (11,0 пайызга), калган калдыктарды тазалоо жана иштетүү (20,8 пайызга) көлөмү жогорулаган.
Жалпы көлөмдө иштетүү өндүрүш тармагы 47,1 пайызды, электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо 46,9 пайызды түзгөн.
Айыл чарбасында аткарылган иштер
Айыл чарба продукцияларынын дүң чыгарылышынын көлөмү 2022-жылы 1 336,1 млн. сомду, физикалык көлөмдүн индекси 87,5 пайызды түзгөн. 2022-жылы дан өсүмдүктөрү 2034 гектар аянттан жыйналып, 5 473,8 тонна дан бастырылган, күздүк айдоо үчүн 470 г, буудай – 138 г, арпа – 332 г. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын 68 дыйкан, фермерлери 2022-жылдын ичинде “Айыл банк” ААК аркылуу 41,2 млн. сомдук жеңилдетилген насыяларды, 26 тонна буудай, 52 тонна арпа уругун жана лизинг шартында 2,2 млн. сомдук айыл чарба техникаларын алышкан. Жапалак суу пайдалануучулар ассоциациясы эгиндерди суугат суу менен камсыз кылуу үчүн 75 чакырым арык каналдарынын 24 чакырымын тазалап, 12 суу бөлүштүрүүчү постторун оңдоп-түзөшкөн.
Турак үй менен камсыздоо. Курулуп жаткан курулуштар
2022-жылы жалпы аянты 28 048 чарчы метр болгон, 179 жеке турак үй пайдаланууга берилген. Муниципалдык ипотекалык ишканасынын эсебинен ипотекалык негизде 2 көп кабаттуу үйлөр (181 батир) пайдаланууга берилип, 2 көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жүргүзүлүп жатат.
Ошондой эле үлүштүк курулуш программасынын алкагында үч көп кабаттуу турак үйүнүн курулушун баштаган.
Катар эл аралык өнүктүрүү фондунун гранттык жардамынын эсебинен эски шаар-дык оорукананын аймагында Ош шаардык №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жаңы административдик имараты курулууда. Гранттык долбоордун суммасы – 5,4 млн. сом. Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы уюмунун гранттык жардамынын эсебинен №5 “Амир-Темир” муниципалдык аймактык башкармалыгында (мындан ары МАБ) сметалык баасы 6,0 млн. сомдук социалдык комплекстин курулуш иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Социалдык комплекстин курамына үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, окуу борбору, мечит кирет.
“Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фондунун гранттык жардамынын эсебинен “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын 225-кварталында социалдык-руханий комплекстин курулушу жүрүүдө. Долбоордун курамына фельдшердик-акушердик пункт (ФАП), окуу борбору, мечит, магазин, суу чыгаруучу жай ж.б. кирет. “Гуд Нейборс” эл аралык гуманитардык уюму тарабынан Жапалак ААБнын 3 айылында жалпы суммасы 12.2 млн. сомдук социалдык объекттердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана аярлуу үй-бүлөлөрдү/балдарды колдоо боюнча иштер аткарылган.
Германия Эл аралык кызматташуу боюнча коомунун (GIZ) GIZ уюму тарабынан Ош шаарындагы алгачкы медициналык кызмат көрсөтүү уюмдарынын ишин жакшыртуу боюнча долбоор ишке ашырылууда. Ошондой эле ҮДБнын 12 филиалынын медайымдарынын дараметин жогорулатуу, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча окутуулар уюштурулуп, санариптик инструменттерди киргизүү иштери аткарылууда. Ал эми “Сулайман-Тоо” тарыхый музей-комплексине 4,0 млн. АКШ доллары каралып, КРнын Маданият министрлиги аркылуу ишке ашырылат.
Ош шаарындагы № 79 “Балажан” бала бакчасына кошумча 120 орундуу бала бакчанын курулуш иштери аткарылган. “Бөбөк” бала бакчанын чатыры жабылып, каркастары токулуп, сейсмопояс иштерине бетон куюу иштери жүргүзүлгөн. Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн гранттык жардамынын эсебинен “Бабур” атындагы өзбек музыкалык драма театрын реконструкциялоо жана башка социалдык объекттерде курулуш иштери жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө пайдаланууга берилди.
Оңдолгон жолдор. Курулган мектептер
№ 5 “Амир Темур” муниципалдык аймактык башкармалыгынын С.Айни көчөсүндө 625 орундуу мектептин курулушу 2016-жылы башталган. Келишим баасы – 147,8 млн.сом. Курулуш башталгандан тартып 61,5 млн.сом берилген. Курулушту толук бүтүрүү үчүн дагы 102,2 млн.сом керектелет. Бүгүнкү күндө 274 даана свай жана ростверг жумуштары бүткөрүлгөн. № 6 “Курманжан датка” муниципалдык аймактык башкармалыгында 61,0 млн.сомдук 275 орундуу мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилген. Ош шаарындагы М.Ломоносов атындагы орто мектебине кошумча 500 орундуу окуу корпусу курулуп, пайдаланууга берилген.
Ирригатор көчөсүндөгү 275 орундуу мектептин курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын айылдарын таза-суу менен камсыз кылуу боюнча курулуш иштери 92 пайызга бүткөрүлгөн. № 27 XXIV партсъезд атындагы орто мектебине кошумча корпус курууда каражат бөлүнүп, мектептин фундаменти куюлуп бүтүп, 1-кабаттын колоннасы куюлууда. № 31 Курманжан датка атындагы орто мектебине кошумча корпус жана спорт зал куруу боюнча каражат бөлүнүп, чатырын жабуу иштери жүрүүдө.
Жергиликтүү бюджеттен “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасына шаардын жолдорун оңдоп-түзөө иштерине 260,2 млн. сом, республикалык бюджеттен 148,9 млн. сом акча каражаты бөлүнүп, тротураларды куруу жана оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Жыл ичинде республикалык бюджеттин эсебинен 148,9 млн. сом акча каражатына 11 көчөнүн 22 км, ал эми жергиликтүү бюджеттин эсебинен 27,8 млн. сом акча каражатына 7 көчөнүн 7 км аралыктагы тротуарларынын, курулушу жүргүзүлүп, бүгүнкү күнгө карата 18 көчөнүн тротуарынын курулушу бүткөрүлсө, калган 33 көчөнүн тротуарларын куруу иштери үстүбүздөгү жылы жүргүзүлөт. Жыл ичинде 7,4 км жолдор асфальтталган.
Ишке ашкан долбоорлор
2022-жылы жергиликтүү бюджеттен үлүштүк каржылоо принциби аркылуу муниципалдык аймактык башкармалыктар, мекеме-ишканалар жана жарандар тарабынан жалпысынан – 178 долбоор ишке ашкан, ага жергиликтүү бюджеттен – 42,8 млн. сом бөлүнүп берилсе, калктын кошкон өздүк салымы – 43,4 млн. сомду түзгөн. Тармактар боюнча ишке ашырылган долбоорлордун ичинен көп кабаттуу үйлөрдүн, имараттардын тышкы фасаддарын оңдоо – 31, подъездерди оңдоп-түзөө – 37, жылуулук системасын оңдоо – 20, чатырларды оңдоо – 12, саркынды суу системасын тартуу/оңдоо – 28, таза суу системасын тартуу/оңдоо – 24, жолдорго асфальт төшөө/оңдоо – 12, газдаштыруу – 3, ирригациялык түйүндөрдү оңдоо – 4, балдар ойночу аянтчаларды куруу – 3, электрлештирүү – 3, билим берүү мекемесин капиталдык оңдоп-түзөө – 1 долбоор ишке ашырылган.
Муниципалдык аймактык башкармалыктар (МАБ) жана мекеме-ишканалар боюнча “Туран” МАБ аркылуу-6, “Сулайман-Тоо” МАБы аркылуу – 11, “Керме-Тоо” МАБы аркылуу – 8, “Манас-Ата” МАБы аркылуу – 4, “Амир-Темир” МАБы аркылуу – 5, “Курманжан датка” МАБы аркылуу – 7, “Жапалак” ААБ аркылуу – 1, Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгы аркылуу – 127, “Жылуулуккамсыздоо” ишканасы аркылуу 9 долбоор ишке ашырылган. Жергиликтүү бюджеттен үлүштүк каржылоо принциби аркылуу эң көп ишке ашырылган долбоор – көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддерин, тышкы фасаддарын, жер төлөсүндөгү жылуулук системасын оңдоп-түзөө, таза суу жана саркынды суу системасын тартуу иштери болгон. Аталган жумуштарды аткарууда Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгынан, “Жылуулуккамсыздоо” ишканасынан жана “Сулайман-Тоо” МАБынан эң көп долбоорлор демилгеленип, ишке ашырылган.
Тышкы сооданын көрсөткүчү
Шаардын тышкы соода жүгүртүүсү (бажы статистикасынын маалыматтарынын негизинде) 2022-жылдын январь-декабрында – АКШнын 350,0 млн.долларын же 29,4 млрд.сомду түздү. Экспорттук жөнөтүүлөр – 57,9 млн.АКШ долл., импорттук түшүүлөр – 292,1 млн. АКШ долл., 2022-ж. январь-декабрында соода балансы терс сальдо болуп түзүлүп, АКШнын – 234,2 млн.долларын түзгөн (2021-ж. январь-декабрында АКШнын – 204,0 млн.доллар).
Экспорттук жөнөтүүлөр: Россия – АКШнын 2,7 млн.АКШ долл., Өзбекстан – 19,4 млн.АКШ долл., Кытай – 3,2 млн.АКШ долл., Түркия – 4,3 млн.АКШ долл., Бириккен Араб Эмираттар – 3,7 млн. АКШ долл., Бельгия – 8,5 млн. АКШ долл., башка өлкөлөргө – 16,1 млн. АКШ долл.
Импорттук түшүүлөр. Импорттук түшүүлөрдүн көбөйүшү КМШ өлкөлөрүнөн 25,1 пайызга өсүшүнүн эсебинен (АКШнын 33,0 млн.доллары) болду. Импорттук тү-шүүлөрдүн Өзбекстанга – 26,1 пайызы (76,1 млн.АКШ долл.), Россияга – 25,8 пайызы (АКШнын 75,3 млн.доллары), Кытайга – 25,6 пайызы (74,8 млн. АКШ долл.), Түркияга – 8,1 пайызы (АКШнын 23,5 млн.АКШ долл.), Иранга – 4,0 пайызы (11,7 млн.АКШ долл.), башка өлкөлөргө 9,6 пайызы (28,0 млн.АКШ долл.) – туура келди.
Ден соолукка камкордук
Ош шаарында 936 койкалуу Ош шаар-дык клиникалык ооруканасы жана анын 185 койкалуу төрөт стационары, 270 койкалуу көп функционалдуу жугуштуу оорулар бөлүмү, Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борбору анын 11 филиалы, 9 ФАП, 1 мед.пункт, 12 үй-бүлөлүк топтору, 40 орундуу Оштогу балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо, 70 орундуу Ош шаардык кыймыл-таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү, шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана медициналык шашылыш жардам борборлору, 2 стоматологиялык поликлиникалары, мамлекеттик профилактикалык залалсыздандыруу бекет мекемеси болуп, жалпы 22 мамлекеттик медициналык мекемелер эл менен тыгыз байланышта иш алып барууда.
Ош шаардык үй-бүлөлүк медициналык борборуна жана анын филиалдарына жыл ичинде 669 226 жаран кайрылган. Амбулатордук деңгээлде кайрылгандардын саны көбөйгөн. Ош шаардык клиникалык ооруканасында жана анын төрөт, балдардын жугуштуу оорулары стационарларында өткөн жылда 45 543 бейтап дарыланып чыккан. Гепатит “В” вирусуна каршы 1 332, коронавирус илдетине каршы 86 877 жаран эмделди.
Дене тарбия жана спорт тармагы
Шаардын эли үчүн дене тарбия жана спорт менен машыгуусу жана денелерин чыңдоо боюнча бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Комитет алдындагы 5 спорттук мектептерде спорттун 21 түрү боюнча машыгуулар уюшулуп, 9500гө жакын өспүрүмдөр, студенттер шаарыбыздын тургундары машыгышууда. Учурда Ош шаарынын аймагында дене тарбия жана спорттук мекемелерден: 1 борбордук стадион, 76 баскетбол аянтча, 78 волейбол аянтча, 84 футболдук аянтча, 12 ден ашуун ден соолукту чыңдоо борборлору, 8 суу бассейни, 12 теннистик корттор, 46 спорттук залдар шаарыбыздын тургундарын тейлеп келүүдө. Өткөн жылы шаардын спортсмендери Кыргыз Республикасынын 48 чемпионатына, 55 эл аралык турнирине, 37 Кыргыз Республикасынын Биринчилигине, 25 Кыргыз Республикасынын ачык чемпионатына, 22 Республикалык деңгээлдеги турнирине, 7 Кыргыз Республикасынын Кубогуна, 1 Ислам тилектештик оюндарына, 9 Дүйнө чемпионатына, 1 Көчмөндөр оюндарына, 10 Азия Чемпионатына жана кубогуна катышып келишти. Жалпысынан жыл ичинде 141 алтын, 154 күмүш, 157 коло медалдарына ээ болушкан.
Шаарыбыздын жаш таланттарынан топтолгон “Алай U-14” курама командабыз Кыргызстан боюнча өз жаш курагы боюнча 1-орунду багындырышып, “Алай” футболдук клубу Кыргыз Футбол Союзу тарабынан түзүлгөн календардык пландын негизинде бардык оюндарга өз убагында катышып, республика боюнча 2-орунду ээлешип, өлкөбүздүн вице-чемпиону аталышты жана 2023-жылга АФК оюндарына жолдомо алышты. 2022-жылдын июнь айында биринчи жолу Ош шаарынын мэринин кубогу уюштурулуп, бул турнирге коншу Өзбекстан мамлекетинин күчтүү “Андижан”, “Бунедкор” жана Кочкор-Ата шаарынан “Нефтчи” командалары катышышты.
Ички, тышкы миграциянын көрсөткүчү
Ош облусунун райондорунан Ош шаарынын аймагына келип жашап жаткан жарандардын саны 8429 адамды, ал эми республиканын башка аймактарынан келген жарандардын саны 3859 ду түзөт. Жалпылап айтканда Ош шаарындагы ички мигранттардын саны 12288 жаранды түзгөн. Алардын ичинен 1038 жаран туруктуу каттоого турган, убактылуу каттоого турган жарандардын саны 667 жаран.
Ош шаарынан чет мамлекеттерге жумуш издеп кеткен жарандардын саны 3400 адамды түзөт. Сыртка чыккан жарандар көбүнчө Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы, Түркия Республикасы, Түштүк Корея Республикасы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Бириккен Араб Эмираттарына кетүүдө. Ош шаарынан башка мамлекеттерде туруктуу жашоо үчүн кеткен жарандардын саны 438ди, окууга кеткендердин саны 148 адамды түзгөн.
Бүгүнкү күнгө карата Ош шаарынын аймагында жалпысынан 1245 этникалык кыргыз жашап, окуп жана эмгектенип жатышат. Алардын ичинен 838 жаран шаардагы жогорку, атайын орто жана кесиптик окуу жайларында билим алууда, 74 жаран ар түрдүү тармактарда ишкерлик жана күнүмдүк жалданма жумуштарда иштейт, орто мектептерде окуп жаткан окуучулардын саны 1245ди түзөт. Алар: Тажикстандан – 570, Россиядан – 162, Өзбекстандан – 502, Казакстандан – 10 жана 1 жаран Ооганстандан келген.
Шаарды көрктөндүрүү
2022-жылда 560 түп ийне жалбырактуу, 740 түп жазы жалбырактуу, 20 000 түп питомникте өстүрүлгөн бадал көчөттөрү отургузулган. Шаардын аймагына 1 млн. 973 миң түп гүлдүн көчөттөрү өстүрүлүп, алардын 1 млн. 290 миң даанасы шаардын эс алуу жайларына, көчөлөрдөгү гүл аянтчаларына отургузулган.
“Ошсвет”муниципалдык ишканасы, Ош райондор аралык электр тармактар ишканасы жана башка мекеме-ишканалар, муниципалдык аймактык башкармалыктар менен биргеликте шаардын көчөлөрүндөгү кооптуу дарактарды, алуу, жол белгилерин тосуп, троллейбус жана электр линияларына тийип же жакындап калган дарактардын бутак-шактарын кыркып алуу иштерин жүргүзүштү.
Шаарды көрктөндүрүү максатында 921 600 сомго Орусиядан 180 даана термо чашалар алынып келинип, шаардын көрүнүктүү жайларына коюлган. Баасы 1 716 000 сомду түзгөн “Улуу жибек жолунун” кербени чагылдырган инсталляциялар С.Ибраимов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын алдында узундугу 150 метр жерге коюлган. Ленин көчөсүнүн “Нур” кинотеатры тарабындагы жашыл аймакты көрктөндүрүү максатында 55 метр узундуктагы темир тосмолор тосулуп, дарбаза орнотулган. Асранкулов көчөсүндөгү А.С.Пушкин сквери оңдоп, түзөөдөн өткөрүлгөн. Б.Осмонов көчөсүндө узундугу 800 метр жаңыдан өздөштүрүлгөн жерге тамчылатып суугаруу системасы орнотулуп, 110 түп колонна түрүндөгү туя көчөттөрү отургузулган жана Б.Осмонов – Г.Айтиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги бош жайга гүл аянтчасы жасалган. Г.Айтиев жана А.Навои көчөлөрүнүн кесилишине 170 даана самшит көчөтү отургузулуп, көрктөндүрүлгөн. Шаардагы эс алуучу жайлардагы 700 даана гүл вазондор, 650 даана отургучтар жана таштанды челектер толугу менен сырдалган.
Үстүбүздөгү 2023-жылы
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына жана өлкөбүздүн тунгуч
премьер-министри Н.Исановдун 80 жылдыгына карата Ош
шаарында республикалык деңгээлде иш-чара уюштуруу каралган.
Анын алкагында шаарда бир катар ири долбоорлор ишке ашырылат. Алсак, Ж. Райымбеков, Алай, А. Масалиев көчөлөрү толугу менен жаңыланып, жарыктандыруу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Долбоордо жөө жүргүнчүлөр үчүн өтмөгү бар аянтчалар, заманбап жарыктандыруу, видеобайкоо системаларын орнотуу, жашылдандыруу, калк үчүн эс алуучу жайларды куруу каралган. Ошондой эле, инсталляциялар, фотозоналар, ар кандай жарнамалык, майрамдык, анимациялык LED экрандарды коюу каралган. Мындан тышкары, көчөлөрдүн бойлорунда кооздолгон чатырлары бар отургучтар, ошондой эле велосипед токтотуучу жайлар бар.
Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнө карата «Амир-Тимур» МАБнын 100 орундуу бала бакчасынын, «Манас-Ата» МАБнын №27 XХIV партсъезд атындагы мектебинин 500 орундуу кошумча имаратынын, Керме-Тоо айылындагы 100 орундуу бала бакчанын, Жапалак айылындагы №31 «Курманжан датка» атындагы мектебинин 225 орундуу кошумча окуу имаратынын жана спорт залынын, Ак-Тилек кичи районундагы 75 орундуу бала бакчанын, №5 ҮМБнун филиалынын курулуштары бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Ошондой эле шаарда эң көйгөлүү маселе болгон таза суу менен камсыздоо үчүн эски скважиналар реконструкцияланып, жаңы скважининалар, 6000 метр куб болгон 4 суу кампаларын пайдаланууга берүү каралган.
Учурда Масалиев-Навои көчөлөрүнүн кесилишине жөө адамдар жер үстүнөн өтүүчү көпүрөнүн курулушу башталды. Жыл аягына чейин да бир катар социалдык, инфраструктуралык объекттерди бүткөрүү пландаштырылган.
Вера Беделбек