Жол кырсыгынан жыл сайын 1000дей адам каза табат

Кыргызстанда жыл сайын 1000дей адам жол кырсыгынан ажал табууда. Бул тууралуу Бишкекте жол коопсуздугуна арналып өткөрүлгөн талкууда айтылды.

«Эгерде бул санды бир жылга бөлсөк, анда күн сайын жолдо 2-3 адам каза болууда» дешет адистер. 8-14-майда Бириккен Улуттар Уюму «Өмүрдү сакта: ылдамдыкты азайт» деген ураан менен жумалык өткөрүп жатат. Талкууда айтылгандай, ар бир экинчи айдоочу ылдамдык эрежелерин сактабайт, ар бир үчүнчү жол кырсыгы  ушунун айынан чыгат.