29-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтен билдирген маалыматка ылайык, 29-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга өтүшү мүмкүн. Тоолордо кар жаап, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 18-23 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;

Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;

Баткенде түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 6…11;

Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;

​Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3 …5°, күндүзгү жогорку температурасы 8…10°.