«Жибек жолунун алыскы шамалы» кино сериалы тартылат

Кыргызстан менен Кытай биргелешип «Жибек жолунун алыскы шамалы» кино сериалы тартат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Кытай тараптын маалыматы боюнча кинонун сценарийи 40 сериадан турат. Бюджети 38 млн. АКШ долларын түзөт.

Сериал тартуу боюнча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd.» кинокомпаниясы ортосунда макулдашууга кол койду.

Долбоордун демилгечиси кытай тарап болуп саналат. Тартуу иштери 2023-жылдын экинчи жарымында башталат (тартуу республика боюнча, анын ичинде Казакстан жана Өзбекстан боюнча жүргүзүлөт).

0 Поделились