Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Башы жаздыкка тийген соң:

– Ата,– деди уулу акырын, бирок алда неге кабатыр болгондой, чындыкты айтуусун талап кылгандай үн катып. Атасы анын эмне тууралуу сурагысы келип жатканын түшүнгөн сымак, жооп бергиси түгүл, деги эле ал тууралуу уккусу келбегендей башын чайкап, апасы жакты көрсөтүп, көз ымдаган болду. Анысы: “Апаң укпасын, капа болот”, – дегени болчу. Үлпүлдөгөн чырактын жарыгында баласы муну байкадыбы, жокпу, же байкап туруп эле ансайын чындыкты билгиси келдиби:

– Кызмончок… кайда? – деди.

Сайра муну укканда денеси үркүп кеткендей, баласынын колун кармаган манжалары бошоп, кыңкыстап алды.

– Балам, – деди аны байкаган Абылай.

– Аны эмне кыласың сурап? Энең экөөндү минтип «жыга чаап», баарыбызды азапка салган эмени…

– Ата?!

– Эх, балам, балам… Дале баласың. «Акылы бар, эсиң жок». Аны Кудай алмак беле, аман эле экен. Андайдын жаны да бек болот белем. Алымкан экөө бири “өлүп”, бири чалажан жаткан жеринен… – деп келе жатып Абылай алда нени эстей койгондой ойлоно калып, жакасын карманды:

– Шумдугуң кур, жолдо келе жатканыбызда артыбыздан катуу куюн келип… ошончобуздун арасынан Асанды асмандатып алып учуруп кеткен. Ошондо тээ көктү карай уюлгуган куюндун арасынан тарбаңдап кетип бараткан кишини көргөнбүз. Карасак эле жаныбызда Асан жок. Мен да Чынтемир эмеспи деп, үнүм Кудайга жете түшкөнүн айт! Анан эле жарымыбыз сени алып айылга түшүп кеттик, Мукан, Калыс болуп Асанды издеп кетишти. Табылбай калды го дедим эле. Мындай укмушту ким көрүптүр? Көрмөк турсун, атамзаманда уккан эмесмин. Тиги Касен табып кошо баласынын артынан чуркачудай болгондо, этегине эрмешип, жакасына жармашып: “Балаң аман-эсен эле келет, Бектемирди кантип таштап кетесиң?!” – деп жатып араң көндүрүп, айылга алып келдим. Ал кетип калса, шорум катпайт беле… Анан эле кеткен балдардын жарымы кечке маал кайтып, жарымы тээ бир убакта келишти… Көрсө, Асанды куюн учуруп барып, так ошол Алымкан менен Кызмончок жаткан жерге алып барып таштаптыр… А бирок Асан куландан соо дейт. Ошончо күү менен учуп кеткен эме кайра кантип соо түштү десең?! Кудайым сактайм десе, октон, чоктон сактайт экен да. Же колдоочусу колдодубу?..

Ошентти го. Анын чоң аталары илгери каарына калса, жайдын саратан күнүндө кар жаадырып, “тү” деген түкүрүк жерге түшпөй, ит өлүп турган маалда булбул сайраткан жаачы, олуя киши болгон экен. Кудайдын кудурети менен ошолор сактаганбы?.. Болбосо… Бирок кичине акылынан айнып калган го, же тигилер башын тегеретип алышканбы, айтор, ошолордун кебин сүйлөп калыптыр дейт…

– Эмне болуптур?

Ушу тапта Асандын капилет эле: “Кызмончокту алам”, – деп чыкканы бүтүндөй айылды дүрбөлөңгө салып: “Эми эмне болуп кетер экен? Эртең Касен табып кандай чечимге келет? Бектемир ойгонсо, укса эмне дейт? Кызмончокту кайра алам десе кандай болот? Бирок ушунчалыкка баргандан кийин кантип? Ошонун айынан энеси экөө тең эки жерде тигинтип, жарым жан болуп жатат. Эгерде ал үйгө Кызмончок кайра кирсе, Абылай менен Сайра өлүп калар бекен?” – дешип, чоңунан-кичинесине чейин ойлогону ушул.

Баятан бери кирпик какпай жаткан Абылай да ушуну ойлоп жаткан: “Кандай болгон күндө да койнунда жатып, жыты сиңишип калган колуктусу эле да. Балалык кылып, эсине келгенде: “Мен Кызмончокту кетирбейт болчумун, силер кылдыңар. Апам экөөндүн эле кылганыңар! Алып келгиле кайра!” – десе эмне кылабыз? Чынында экөөнүн кер-мур айтышып, урушуп-талашканын деле көргөн жокпуз. Келин бизге деле өйдө карабады. Анан эмне болду? “Балама залакасы тийип калат”, – деп Сайра байкушум көгөрүп туруп алды.

Түшүнөн да чочуп… Баягы жылан менен арбашкандан кийин ого бетер эле дени сууп калбадыбы. Көрсө, билиптир, шордуум?” – деген Абылай Касенди эстеди. “Анда эмнеге Касен токпейил? Бая күндүз быкбырдай жайнаган жыландардын ортосунда жылан болуп отурган Кызмончокту көрдү эле го?! Чөптүн тилин билген, адамдын дартын тапкан тамырчы эмнени туюп, билип жатат? Ал эмнеге баласынын жоругуна түтөп, чычалабай тынч? “Бүлөңөрдү алып алгыла, балама жакын жолотпогула!” – деп чамгарактайбы дедим эле. Же баласына кошуп, анын да башын имерип коюштубу?!” – ушунун баарын ойлой берип, мээси “шишип”, жаны кейиген Абылай эми да уулуна эмне деп угузарын билбей кайпактап кетти:

– Э, эмне болсо ошол болсун! – деп кол шилтеди эми. – Мага десе бири өлүп, бири калсын! Ошондон ары тентип кетишсе кана! Энең экөөңдүн жаның аман болуп, элге кошулгаңар эсеп мага.

– Ата? – иштин чоо-жайын тактап, кыстап сурады уулу. – Эмне болду?

Абылай баласына эмне деп айтарын билбей, кепти алыстан баштады:

– Эмне болсун?! Сени жардан араң алып чыгып жатсак, кайдан жайдан кара чаар неме пайда болуп, канчообузга кол салчудай болуп… Сени бизден талашып… Талашканы ошо, кол салгысы келдиби…

“Кара чаарды” укканда Бектемир бир “солк” эте денесин жыйрып, көздөрүн жумуп жиберди.

– Баса, жардан эмне болуп кулаганың эсиңдеби?

Бектемир бир азга унчукпай жатты да, ал тууралуу сүйлөшкүсү келбегендей кепти буруп кетти:

– Анан?

– Анан Касен табып: “Балаңдын дартына ошонун жүрөгү миңдин бири”, – дегенинен, атаң кара чаарды атып тынчытты. Ошондо да моюн сунгусу келбейт! Ошондо, калп айтпайын, муштумдай болгон башы кудум менин билегимдей болгон мойну менен сороктоп, бир далайга чейин бизге карай секирип, акарат кылып жүрбөдүбү. Көрсө, жүрөгү ошол жагында калыптыр да. Атаң чапан менен баса калып, каапырдын жүрөгүн суурап алганда тынчыды… Ошондо Жер-Куйдун түбүнөн, Кудай бетин көргөзбөсүн, баягылар жамырап, агып чыгышпадыбы. Кудум былтыр айылга келгендей жер жайнап, быкылдап… Аңгыча аларга Кызмончок келип кошулду. Кудум бир тууганын, бир боорун көргөндөй баягылар аны курчап, бутуна жыгылышып, баш уруп турушпадыбы. Аңгыча эле, кайдан-жайдан Алымкан пайда болду… Энеңди тил-ооздон калтырып, минтип сулата чапкан ошол да, эннеңди… Бирок жыландар аны да Кызмончокко жеткирбей сулатты. Эмне кылышканын билбейм. Чагып жыктыбы, же чалып жыктыбы, айтор көзү аңтарылып-теңтерилип барып эле көмкөрөсүнөн кулады. “Кызмончок, бизди коё бер?! – деп сурандым ошондо. – Баламды алып кетейин. Мына буларыңа айт, жол бошотсун! Ушуларың менен сен да кет! Элге залакаң тийбесин! Биз да сага жамандык кылбайбыз!” – дедим. Айткандай эле, ошондон кийин тигилери кетишти. Жер которуп кетишти го сыягы. Биз сени алып, айылга шаштык… Анан эле жолдо куюн кубалап жетип, Асанды алып учуп кетип жатпайбы…

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.