Кушбак АБДЫРАХМАНОВ: “Инфраструктураны жакшыртуу боюнча алгылыктуу иштер аткарылууда”

Сары-Колот айыл өкмөтү 2001-жылы 21-августта түзүлгөн. Кара-Суу районунун түндүк-чыгыш бөлүгүндө, Кара-Суу – Өзгөн авто жолунун жээгинде жайгашкан. Аянты – 4185,0 метр кв, калкынын саны – 10926 жаран. Сары-Колот, Ак-Колот, Курбан-Кара, Шерали, Присавай, Тынчтык калктуу конуштарынан турат жана 8ден ашуун ар кандай улуттун өкүлдөрү жашайт.

Кушбак АБДЫРАХМАНОВ
Айыл чарбасында аткарылган иштер

Сары-Колот айыл аймагында 112 дыйкан чарба, 924 жеке чарбалар айыл чарба талаачылык иштерин жүргүзүшүүдө. Сары-Колот айыл аймагы боюнча жалпысынан 3147 гектар жер аянты бар, анын ичинен 1615 гектар сугат айдоо, 1532 гектар кайракы айдоо, 58 гектар көп жылдык бак-дарактар , 196 гектар чөп чабынды, 641 гектар жайыт жерлери бар. Айдоо жерлердин 2110 гектар жер аянттары жарандарга үлүшкө бөлүнүп берилип, калган 930 гектар кайра бөлүштүрүү фондуна калтырылган.

Өткөн жылы айыл аймагында 349 гектарга буудай эгилип, 7678 ц. түшүм,1225 гектар жерге арпа  эгилип, 24132 ц. түшүм,  328 гектарга жүгөрү эгилип, 23496 ц. түшүм, 63 гектарга пахта эгилип, 1965  ц. пахта, 30 гектарга картошка эгилип, 3960 ц. картошка, 252 гектарга жашылча  эгилип, 46695 ц. жашылча, 324 гектарга бакча эгилип, 64552 центнер түшүм алынды жана 573 гектар жерден көп жылдык чөп чабылды.  Ошондой эле 2023-жылга карата 394 га жерге күздүк дан эгиндери себилди.

2022-жылда эт – 714,9 т., сүт – 2726,2 т., жумуртка – 827,3 өндүрүлгөн. 2022-жылга айыл аймагы боюнча 501 жылкы бар. 560 чип ветбашкармалыгынан берилген болсо, 560 толугу менен тагылып 120 пайызга аткарылды. Анын баары каттоодон өткөрүлүп төлөмдөрү төгүлдү. Мал жандыктары боюнча 3267 малдын башы катталып санариптештирилди. Сибирь жарасы, шарп жана кутурма илдеттерине каршы эмдөө иштери аткарылды.

Оңдолгон жолдор. Тазаланган арыктар

Сары-Колот айылындагы Тайван көчөсүндөгү көпүрө оңдолду, Шералы айылынын Торойчу, Сары-Колот айылынын Ак-Колот көчөсүндө ички арыктарды тазалоо, чабуу иштери жүргүзүлдү. Жол боюндагы көрнөк-жарнактар, айыл өкмөтүнүн кеңсесиндеги баннер лозунгдар алмаштырылды, Айыл аймагына караштуу Сары-Колот айылына 27, Шералы айылына 14 электр мамычалары коюлду. 

Айыл өкмөтүнүн кошумча имараты  ремонттолуп, эшиктери алмашылды жана жаңы эмеректер менен камсыздалды. Сары-Колот айыл аймагынын Өзгөн-Кара-Суу негизги жолуна түнкү жарыктандыруу асма шамдарды илүү иштери жүргүзүлдү. Шералы айылындагы эскилиги жеткен түнкү жарыктандыруулар алмашылды. Айыл аймагына караштуу Тынчтык айылындагы Ж.Токтосунов көчөсүнө, Курбан-Кара айылындагы У.Бейшебаев, С.Сатыбаев көчөлөрүнө жергиликтүү бюджеттен  жалпысынан 1 км 800 метр аралыктагы жолго 2 млн. 779 миң сом акча каражаты каралып, шагыл төшөлүп тегизделди. Республикалык бюджеттен  жалпысынан жолго 5 млн. 332 миң сом акча каражаты каралып асфальт төшөлдү.

Тойчу калктуу конушуна “Сейтек” балдар бакчасы ачылды. Анда 7 жумушчу эмгектенип жатат. Курбан-Кара айылына ОСОО “Би-Би-Кей группа” ишканасы ачылып, анда жумуртка өндүрүлүүдө. Тынч-тык айылына жеке ишкер тарабынан Боронбаев Сүйүн 4 млн. 150 миң сомдук станок орнотуп, клеёнка чыгаруу үчүн сырьесун даярдоо жүрүп жатат. Курбан-Кара,  Тынчтык айылындагы ички көчөлөргө 1 км 800 метр асфальт төшөлүп стимгранттан  5 млн. 332 миң сом сарпталды. 

Көрсөтүлгөн жардамдар

Ооган согушунун катышуучулары жана майыптарына мыйзам чегинде берилүүчү жеңилдиктери өз убагында берилип, 13 Ооган катышуучусуна 26 миң сом акча каражаты берилди. 8-март аялдардын Эл аралык майрамына карата 75 жаштан ашкан карыялардын тизмеси такталып, анын ичинен баатыр энелер, эмгек ардагерлери, пенсионерлерге майрамдык белектер берилди. «Энелер күнүн» жогорку деңгээлде өткөрүү каралып, Сары-Колот айыл аймагында иштеп, аймакка эмгеги сиңген аялдар чакырылып, концерттик программанын коштоосунда белектер берилди.

1-июнь эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, тоголок, жарым жетим жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга К.Жантөшев атындагы мектепте концерттик программа уюштурулду. Балдарга кепка жана шириндиктер салынган  белектер таркатылды. Ошондой эле карыялар күнүндө акчалай каражат берилди. Жыл ичинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга дары-дармегине акча берүү үчүн арыздарын кабыл алып, 1-2-3-группасына карап 300 сомдон жана 500 сомдон акчалай каражат берилип келет.

Баткен окуясында Сары-Колот айыл аймагынын Сары-Колот айылына 2 үй-бүлө, 9 адам келген, Шерали айылына 5 үй-бүлө 40 жаран келген. Сары-Колот, Шерали айылдарында туугандарынын үйүндө жашашты. Шерали айылынын жаштарынын атынан 1 кой жана ар түрдүү азык-түлүк уюштурулду. Элден жалпы 236 020 сом чогулуп, анын ичинен 120 850 сом атайын эсеп счетуна Баткен элине жардам катары которулду,ошондой эле мектеп жашындагы окуучулар окуу формасы жана окуу куралдары менен камсыздалып, айыл аймактагы билим берүү мекемелерине убактылуу жайгаштырылган. Андан сырткары 49 жаранга өз каалоосу менен алынып келинген кийим-кечектер жана көрпө-төшөктөр берилип, күнүмдүк азык-түлүк жана дары-дармек менен камсыздалды. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жалгыз бой карыяларга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана турмуш шарты оор 50 үй-бүлөгө 500 килограммдан көмүр бекер берилди.

Оңдолгон социалдык объекттер             

2022-2023-окуу жылына аймактагы 7 мектептин ремонт иштери толугу менен бүткөрүлүп, ар бирине заманбап акылдуу коңгуроо орнотулду. Айыл аймагына караштуу Шералы айылындагы А.Кулботоев орто мектебине суу сакталуучу кампа курулуп, Тынчтык айылындагы С.Бекмуратов мектебинин жылытуу системасы жана от казаны жаңыланды, Сары-Колот айылындагы Касымалы Жантөшев орто мектебинин балдар ойноочу кичи футбол аянтчасы ремонттолду. Тойчу айылындагы № 120 негизги мектептин, Сары-Колот айылындагы К.Жантөшев орто мектебинин кыш мезгилине карата от казандарын оңдоо иштери жүргүзүлдү. Присавай айылындагы № 128 негизги мектебинин айнектери толугу менен пластик айнектерге алмашылды жана мектептин ички ремонту толугу менен капиталдык ремонттон өттү. Шералы айылындагы А.Кулботоев орто мектеби интерактивдүү доска менен камсыздалды жана айыл аймагына караштуу 7 мектепке жана айыл өкмөтүнүн кеңсесине движок (генератор) авариялык учурда колдонуу максатында сатылып алынды.

Сары-Колот айыл аймагынын тургундарын бүгүнкү күндө 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу (ГСВ) жана 3 ФАП тейлейт.  Шералы айылындагы ФАПтын жылытуу системасынын ондоо иштери жүргүзүлдү, Сары-Колот айыл аймагындагы ФАПтын алдына брусчатка басуу жумуштары аткарылды жана кире беришине дарбаза жасалды. 2022-жылы аймак боюнча кургак учук менен ооругандардын  саны – 30 жаранды түзүп, жыл ичинде жергиликтүү бюджеттен 28 оорулууга 15000 сом өлчөмүндө жардам көрсөтүлдү.

Жаштарды сергек жашоого үгүттөө

Аймактын тургундарын спортко кызыктыруу жана алардын ортосунда достукту чыңдоо, аймактын калкына дене тарбия жана спорт менен машыгуусуна шарттын түзүлгөндүгүн жеткирүү жана айылда спорттун кадыр-баркын көтөрүү жана бекемдөө, сергек жашоо ыңгайын пропагандалоо максатында  иш-аракет жүргүзүлдү. Атап айтканда, Сары-Колот айылында кичи футбол аянтчасына жасалма чөп төшөө райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды.

Андан сырткары, жер-жерлерде  22-май күнү спорттук иш-чаралар өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө белектер берилди жана ЮСАИДдин “Ийгиликтүү аймак 2” дол-боору менен биргеликте Сары-Колот айылында спорттун волейбол түрү жана сүрөт конкурсу өткөрүлүп, жеңүүчү-лөр ар кандай белектер менен сыйланды.

Мындан тышкары «Ворух Али» СПАсы сугат суу менен камсыз кылуучу айыл аймагынын бардык зонасындагы эгин талааларын сугат суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында 2 км канал атайын техника менен, ал эми 28 км арык колдо чабылып тазаланды.

“Үч-Көл-Суу” таза суу ишканасына жергиликтүү бюджет тарабынан  1500 метр альтернативдик полиэтилен трубасы орнотулуп, кошумча 250 кожолук таза суу менен камсыз болду. Суу кампанын башындагы трансформатор эки жолу ремонттон өткөрүлүп, жаңы кошумча насос алынды.

Вера БЕДЕЛБЕК, Батырбек СОПУБЕКОВ

0 Поделились