Аида ЭГЕМБЕРДИЕВА: “Прозада Нобель сыйлыгын үмүтөттүргөн фактылар болуп калышы мүмкүн…”

– Аида, жакшы акын, алдыңкы адабиятчылардын бирисиң. Акындык өнөр менен адабиятчылыктын кайсынысы сага жакыныраак?

– Албетте, акындык жол. Тартылуу, өзүмдү ырга тиешелүүдөй сезүү эс тарткандан бери бар. Ай чыкса, күн батса, жаан жааса, Асан-Үсөн көрүнсө алып-учуп, удургуй бермей адат баарыбызда окшош эле да. Бирок жакында Жыргалбек Касаболот “Жамгыр” деген ырында акындыктагы ушул “оору”, алмуздактан берки калемгерлердин элбиремей-делбиремейлерин “Жалпы акындар ыр арнаган жарыктык, Жааган сайын таттуу уйкумду келтирет” – деп жумшак сарказм менен айтып өттү. Адабиятчылык – көбүнчө кесип сыяктуу го. Бирок ал деле – таңууланган нерсе эмес. Анын аркасы менен нан таап жеп, тиричилик кылып келатабыз. Илимий иш жазып, аны коргоп, андан кийин адабий процесс менен иши болбой калгандарды түшүнбөйм.

– Адабияттагы эки жанр куштун кош канатындай сени алга сүрөп турса керек?

– Абдан элестүү айттыңыз, дал ошондой.

– Адабий процесске, адабий чыгармаларга талдоо жасаганда, акындын көз карашы менен карайсыңбы, же адабиятчынын көз карашы мененби?

– Алгач макала жазып жүргөн кезимде эмоция көп кошулчу. Конкреттүүлүк, оор басырыктуулук кийин келди. Адабий процесс жаманы-жакшысы, ийгилик-кемчилиги менен бирге да. Акындык дитиң чапканды көрүп, калганын байкабай кетсең – күнөө. Аз жазабы, көп жазабы, жакшыдыр-жамандыр, айрыкча, төл башы адабияттын, андан кийинки учурдун өкүлдөрү адабиятты түптөшкөн, отун калашкан. Адабияттын тарыхындагыларды чийип өчүрө албайсың. Мурда дагы ошентип ойлочумун, азыр дагы. Ооба, окурмандарда эстетикалык баалуулуктар алмашты, адабий табит өзгөрдү. Ошентсе дагы совет учурунда жазылгандарды жок дегенде адабий факт катары айтканга, атап өткөнгө милдеттүүбүз.

– Соңку чейрек кылымдагы адабий процесс адабиятчыларыбыз тарабынан ар тараптуу талдоого алынып, баасы бериле элек, сен кандайча мүнөздөмө берет элең?

– Кыргыз адабий сынынын эң гүлдөгөн учуру 1960-80-жылдар болду. Кийинки мезгилде сынчыларды башка, тиргиликке байланышкан нерселер алагды кылды. Атайын талкуулар уюштурулуп, ага катышып тарбиялангандар болбоду, ошентип атып, адабий сын менен алектене турган муун калыптанган жок. Учурда сынчылар саналуу, айрымдары көчө ушактын деңгээлинен көтөрүлгөн жери жок. Адабиятка жалгыз өзүн күйгөн киши катары эсептеп ага бир, буга бир асыла бергендер да жок эмес. Акыбал ушундай. Адабий процесс токтоп калган жок. Прозада Нобель сыйлыгын үмүтөттүргөн фактылар болуп калышы мүмкүн.

Адабий иликтөө бул ийне менен кудук казгандай эмгек. “Кыргыз аялдар поэзиясы: көркөм табияты, тарыхый өнүгүшү, идеялык-стилдик өзгөчөлүктөрү” аттуу жакшы монографияң бар. Ошол эмгегиңде кимдерди талдоого алдың, канча жыл убакыт короттуң?

– Иш өзүнөн-өзү жазылды. Киши болгондон кийин ойлор келет да: “Бактылуу кишилер ыр жазбайт” дешет. Андай болсо, ыр жазгандын бардыгы бактысызбы? Эгер бактысыз болсо, ошол бактысыздыкка капыстан кабылышабы же атайылап баш байлашабы? Поэзия – бул тагдырбы же тандообу? Айтор, ар нерсе ойго келди. «Ыр» деп учуп-күйүп жүргөнүмдө, «гений боло албаган соң жазбай эле коюш керек» деген кесе сөз уктум. «Гений болот элем…» дейин десем, «аялдан гений чыккан эмес» деген андан да катуу сөздү айтышты. Олку-солку болуп, эки айрылыш мындай жолдо ар бир эле жаңы жазып баштаган калемгер калат болуш керек. Кийин 2003-жылы “Кыргызстан маданияты” гезитине “Аялдан гений чыкпайт…” же кыздар поэзиясынын табияты жөнүндө” деген макалам басылды, көп кишиге жакты. Ошол макалада: “…Ал аз келгенсип адабиятка жаңы кадам койгон акын кыздарга эркектер акын катарында эмес, ургаачы катары карашат. Кыздардын көбүнесе 30-40тын кырынан ары жазбай калышына айланасындагы күбүр-шыбыр сөздөр менен айыңдар себеп болот. Басынып, чүнчүгөн байкуштар эптеп көздөн оолак болууга аракеттенишет. Жазбай калуу, же аз жазуунун дагы бир себебин аялдын өзүндөгү жүзөгө ашпай калган поэтикалык жаратман потенциалды энелик табиятын ачуу (бала төрөө) аркылуу компенсациялаганы менен түшүндүрсө болот. Мунун тескерисинче, психоаналитиктер (Фрейд, Юнг) чыгармачылыктын өзүн адамдагы баштапкы, табигый муктаждыктар, мүдөөлөр канааттандырылбай, жасалма жолго бурулушу (сублимацияланышы) деп түшүндүрүшөт” – деп аял затынын табияты жөнүндө сөз айтканга аракет кылгам. Ошол нерсе уланып, кийин докторлук диссертация болду. Манастаануу, антропология жаатында жазган монография, окуу куралдарым бар. Окутуунун методикасы өңүтүндө изденип жүрөм. Адабиятчы болбосом дин таануучу, теолог болмокмун деп азыр көп ойлойм.

– Сөз болгон монографияңда өзүң үчүн кандай ачылыштарды жасай алдың?

– Аял затындагы акындыктын табиятын тереңирээк түшүндүм. Кыргыз көркөм сөз өнөрүндө аял затынын орду илгертен эле болгон экен. Оозеки чыгармачылыктын салттуу ыгына, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жаралган туундулар негизинен азыркы фольклор изилдөөчүлөр аныктаган түркүмдөргө сыят. Ошондуктан «Өнөр алды – кызыл тил» деп эне тил катуу баркталган. Ырас, эркектерге салыштырмалуу эрки кыйла чектелгендиктен, кыз-келиндер өздөрүнүн талантын жетиштүү даражада ачыкка чыгара алган эмес. “Эрк”, атүгүл чыгармачыл илхам – “эргүү” – “эр күүсү, эрдик күү, эр деми” да “эркекке” уңгулаш болгону, жүүнү бош, жалтак, сөзүндө тура албаган эркектерди “катын” деп акаарат кылган адат да ушуга байланышкан.

Ошого карабастан, социалдык теңсиздик, илгерки үй-бүлөлүк, патриархалдык коомдук мамилелердин шартында Бурулчадай баарын тобокелге салып, керек болсо салт-санаадагы уят-сыйытка, өлүмгө да тике караган курч келиндер чыккан. Аялдардын атынан ырдалуучу секетпай, күйгөн, арман ж.б.у.с. ырларын кыз-келиндер, апалар өздөрү чыгарган деп айтууга толук негиз бар. Бизге жеткен “Кыз менен жигиттин айтышы”, “Талым кыз менен Көбөктүн алым сабагы” сыяктуу чыгармалар ак жоолукчандардын даремети эркектердикинен эч калышпастыгын күбөлөп турат. Айрыкча “Талым кыз менен Көбөктүн алым сабагы” мазмунунун тереңдиги, көркөм элестүүлүгү, фантазиясынын байлыгы, батылдыгы, баатырдыгы жагынан да Сократтын акылман усулуна шайкеш келээрин адабиятчы С.Байгазиев белгилеген. Жомокторундагы Жээренче, Акыл Карачач акыл-эстүү гана болбостон, кыйытып образдуу кеп айткан, метафоралуу ой жүгүртө билген. Кыргыз аялдарынын чыгармачылыгынын башатында бешик ыры, кошок, каргыш, алкыш жанрлары өзгөчө орунду ээлеген, анын тарыхый башаты эски доорлорго барып такалат. Акбермет Карагул кызы, Ак Шербет, Бурулча, Курманжан датка сыяктуу инсандардын ырлары ар түрдүүчө жолдор менен бизге жеткен.

Жазма адабиятта болсо карлыгач акын катары Нуркамал Жетикашкаеваны билебиз. Бирок, анын артынан бир топ аял калемгерлер келди. Айырмасы биздин акын жигиттер эркиндик, аялдар теңдиги темаларын 20-жылдары, эмгек темасын 30-жылдары, 40-50-жылдары болсо согуш, тынчтык ж.б. жазып бүтүшсө, аялдар теңдигин аял заты араң 60-жылдары, эмгек темасын 60-70-жылдары жазып, бир кезде эркектер салган чыйыр менен алардын артынан ээрчип жүрүп отурушкан. Бул маалда акын жигиттердин алдында башка, космостук темалар, такыр башка горизонт турган. Бирок, 1970-жылдардан баштап бул картина кескин өзгөргөн. Аял затынын жазганы алдыңкы планга чыга баштады. Себебин, андан беркисин билебиз. Ырас, этностук менталитет менен адеп-ахлактын таасири эң чектөөчү фактор болгону жашырын эмес.

– Академик О.Ибраимов илимий кеңешчиң эмеспи. Ал киши жаш кезинде, курч убагында өзү менен замандаш кыздар поэзиясынын көрүнүктүү өкүлдөрүн сындап койгон го. Бул тууралуу сенин пикириңди билели дедик эле.

– Агездеги агайдын сыны адабияттын пайдасына чечилди. Экөөнүн (С.Акматбекова менен Р.Карагулова) поэзиясы кыздар адабиятынын жогорку планкасы болуп калды. (2017-жылы Роза эженин “Жаңырык” деген аталышта китебин чыгардым). Ушул жолго башын сайып өмүрдөн узаган Ш.Келдибекова, А.Узакова, андан бери келатышкан А.Дегенбаева, У.Маматова, Ч.Унурова ж.б. акындар бар.

– Акынга тагдыр керек дегенге кандай карайсың?

– Кандай болсо, ошондой. Тагдыр атайын жасалбашы керек. Албетте, бул кийинки чыгарган бүтүм. Башында акындар ичиш керек, жалгыз болуш керек деген жалпы түшүнүк менде да болгонун жашырбайм (теориялык жактан гана эмес).

– Поэзияда эмне ийгиликтерге жеттиң, дагы кандай ийгиликтерди жараткың келет?

–Бир нече китебим чыкты. Китеп чыгарам деген жаштарды азыр “шашпа” деп айнытам. Мен сөздөрүн жазган Усупбек Абдырахмановдун “Кыздын ырын” Кундуз Карыпбекова, Догдурбай Урманбетовдун “Саякбай” деген ырын Бактыбек Ыбыкеев сыяктуу опера ырчылары ырдап жүрөт. Биринчи аталган ыр оркестрге салынган. Жылдыз Малдыбаева “Үмүт” деген ырыма музыка жазып, жыйнагына киргизген. Атайбек Бөдөшов агай 11 ырымды нотасы менен алып келип берди, М.Күрөңкеев атындагы окуу жайда жакында өткөн кечесине бара албадым. Көркөм котормодо Фикрет Годжа, Рашад Меджид, Сильва Капутикян сыяктуу азербайжан, армян акын-жазуучуларын, орус, түрк, казак акындарын которгом, айрымдарын өзүнчө китеп кылып чыгардым. Студенттик батыл кезде Франц Кафканын “Миленага жазган катын” которуп, “Атажурт” гезитинде сандан санга берилгенин билесиз. Шор акыны Любовь Арбачакованын китебин чыгардым, айрыкча эл тагдыры, эне тил жөнүндө ырлары жүрөктү оорутат. Льюис Кэрроллдун “Кызыктар өлкөсүндөгү Алисанын укмуштуу окуялары” менин котормомдо биринчи ирээт Ирландиядан 2016-жылдын 1-сентябрында кыргыз тилинде китеп болуп чыкты. Кийинки жылы биздеги Тил комиссиясы кайра бас-кан. Бүгүн да бул чыгарманын кыргыз тилиндеги котормосуна кызыккандар көп, филология багытындагы окуу жайларга абдан зарыл. Азербайжан элчилиги сунуштаган китептин авторун которуп бүткөндө билдим, Гейдар Алиевдин небереси экен. Генрих Дик деген таластык немис жазуучусу Германиядан менин ыр китебимди жаңы эле чыгарып, Амазондо сатыкта турат. Айтор, чыгармачылык – уктасам да, ойгонсом дагы жанымдагы бөлүнгүс нерсе. И.Арабаев атындагы КМУда Кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасын жетектейм, демек, кылган кызматым дагы адабияттын өзүнө тийиштүү. “Мен миң жыл жашадым” деп Түгөлбай ата айткандай, мен дагы көп нерсени баштан кечиргендей сезем өзүмдү. Ар кандай турмуштук шарттарда ыр жана ушул адабиятчылык менен сакталып келатам…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ

0 Поделились