Кыргызстандын куржуну толо медаль

Анара АРЗЫБАЙ кызы, «Кыргыз Туусу»


27-сентябрда Ашхабаддагы V Азия оюндары өз ишин аяктады. Жыйынтыгында, Кыргызстандын курама командасы жалпы жонунан 70 медалга ээ болду. Тактап айтсак, атамекендик спортчулар өз куржундарын 13 алтын, 20 күмүш жана 37 коло медаль менен толтурууга жетишишти. Бул көрсөткүч менен Кыргызстан жалпы медалдык таблицада 8-саптан орун алып, Вьетнам, Гонконг, Индия, Австралия сыяктуу өлкөлөрдөн ашып өттү. Биринчи орунду 245 (89 алтын, 70 күмүш жана 86 коло)медаль менен Түркмөнстан, экинчи орунду 97 (42 алтын, 32 күмүш, 23 коло) медаль менен Кытай алды. Ал эми үчүнчүнү 118 (36 алтын, 23 күмүш, 59 коло) медаль менен Иран мамлекети ээледи. Коңшулаш Казакстан 96 медаль менен 4-катарда турду. V Азия оюндарына жалпысынан 36 мамлекеттин спортчулары катышты. Алар спорттун 21 түрү

боюнча күч сынашып, жеңиш үчүн бардык күчүн жумшады.

Азия оюндары тууралуу

Жабык имараттагы Азия оюндары Азия өлкөлөрүнүн спортчулары арасындагы эки жылда бир ирет өтө турган спорттук ири мелдеш. Бул оюндарды Азия Олимпиада Кеңеши көзөмөлгө алып, баш-көз болуп турат. Жабык имараттардагы биринчи Азия оюндары 2005-жылы Таиланддын Бангкок шаарында өткөн. Анда спорттун 9 түрү боюнча 37 өлкөнүн 2,5 миң спортчусу мөрөй талашкан. Кытайлыктар 24 алтын, 18 күмүш,

15 коло байге утуп, командалык биринчи орунду ээлеген. Казакстандыктар экинчи, оюн ээси болгон таиланддыктар үчүнчү болушкан. Бангкок шаарында өткөн жабык имараттардагы биринчи Азия оюндарында кыргызстандык суучул Юрий Захаров коло медаль жеңип алган. Бул кыргызстандык спортчулардын алгачкы байгеси болуп саналат.

Түркмөнстан кандай даярдык көрдү?

Ашхабад Борбор Азия өлкөлөрүнөн биринчи жолу оюндарды кабыл алып, жакшы камылга көрдү. Ашхабадда Азия оюндарын өткөрүү үчүн олимпиадалык айыл салынды. Анын тутумунда 30дан ашуун түрдүү спорт жайлар бар. Ал түгүл Паралимпиадалык реаблитациялык медициналык борбор да салынды. Бул ири курулуштардын демилгечиси Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өзү болуп, тыкыр көзөмөлгө алды. 2010-жылы 5-ноябрда Түркмөнстандын президенти олимпиадалык айылдын курулушунун салтанатына өзү катышкан. Бул шаар мындай укукка 2010-жылы 19-декабрда Кувейтте ээ болуп, 2013-жылы 6-июлда Ашхабад шаарынын мэрине Азия Олимпиадалык Кеңешинин желеги тапшырылган.

Жиу-житсу. Алгачкы медаль

Ал эми быйылкы Азия оюндары Кыргызстан үчүн олжолуу башталды. Чу дегенде жиу-житсу боюнча кыргызстандык мушкер Ариет Бекишев байге куржунубузга алгачкы коло медалды салды. Ал 62 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, алгачкы беттешинде таиланддык спортчуну жеңип, коло медаль үчүн беттеште ооганстандык мушкерди жеңип алгды.

Жеңил атлетика

Жеңил атлетика боюнча мелдештин жыйынтыгында Гүлшанай Сатарова 1500 метр аралыктагы жарышта күмүш медалын жеңип алса, Арина Клещукова Сатарованын артынан эле фиништик чийинди кесип өтүп коло медалга ээ болду.

Түркмөн күрөшү

Кыргыз өлкөсүнөн түркмөн күрөшү боюнча мелдешке 16 спортчу сапар алган. Жыйынтыгында кыргыз спортчуларыбыз өлкө капчыгына 3 күмүш жана 3 коло медалдарды алып келишти. Күмүш медалдарды Эсенбек Кудайбердиев, Назира Марсбек кызы жана Мээрим Жуманазарова алып келсе, коло медалдарды Кененбек Шамшидин уулу, Назира Арзыбекова жана Уулкан Алибай кызы алып келишти

Бел боо күрөшү

Кыргыз балбандар бел боо күрөштүн түрлөрү боюнча 5 алтын, 8 күмүш жана 13 коло медаль жеңип алышты. Алтын медалдарды Эсенбек Кудайбердиев, Нурзат Бактияр кызы, Алтынай Мамарасул кызы, Мээрим Момунова жана Бекзат Тынчтыкбек уулу багындырды.

Коло медалдардын ээлери Руслан Тавалдиев, Мадаминбек Шаршеналы уулу (алыш жана бел боо күрөш боюнча), Орозбек Аширов, Ильяс Нишанов, Кадыр Келсинбеков, Анара Рыскулова (алыш жана бел боо күрөш боюнча), Нурзат Бактияр кызы, Назира Арзыбекова, Уулкан Алибай кызы , Мирлан Эралиев, Айдарбек Айтиев болду.

Самбо

Кыргыз самбочулар өлкөбүздүн капчыгына 3 алтын, 3 күмүш жана 8 коло медаль алып келишти. Мелдештен кийин өлкөнүн куржуну баалуу медалдарга кыйла эле толо түшкөнсүдү. Бекназар Раимкул уулу финалда казакстандык Асылбек Смаиловго туш келип, 13:6 эсебинде жеңип, алтын медалын тагынган. Ошондой эле алтын медаль үчүн беттеште Жаныбек Аматов түркмөн самбочусун жеңсе, Жамалбек Асылбек уулу тажикстандык спортчуну 8:0 эсебинде жеңип, алар да алтын медалга ээ болушту.

Ал эми Данияр Алимжанов, Айткүл Абдылдабек кызы жана Орозбек Автандил уулу финалда атаандаштарына жеңилип калганы менен күмүш медалдарды тагынып келишти.

Коло медалдарын Тилек Аманкулов, Белек Бараканов, Улукбек Мамытов, Салмоорбек Маматемин уулу, Максат Мусабаев, Мухаметали Эргешев, Алайбек Үмөтов жана Арсен Камчыбеков жеңип алышты.

Спорттук күрөш

Алар спорттук күрөш боюнча 1 алтын жана 2 күмүш медалды грекрим стилинде күрөшкөн балбандар жеңсе, 1 күмүш жана 2 коло медалдарды кыз-келиндер күрөшүндө балбандар алып келген. Алтын медалды грек-рим стилинде 59 килограммга чейинки салмак ченинде Калы Сулайманов жеңген.

Зор үмүттү арттырган спортчубуз Айсулуу Тыныбекова япониялык жана вьетнамдык атаандаштарын жеңип, финалга жолдомо алган. Ал алгачкы атаандашын 36 секундда жеңип, ыкчамдыгын көрсөтүп жатканда күйөрмандары күүлөнүп алтындан үмүттөнүп калышкан. Бирок кызыбыз финалда кытайлык Пей Сингру менен беттешип 1:4 эсебинде жеңилип калганы өкүндүрдү. Муну менен Айсулуу Тыныбекова күмүш медалын тагынып, медалдардын санына өз салымын кошту.

Андан тышкары күмүш медалдарын Үзүр Жусупбеков жана Атабек Азизбеков жеңип алышкан. Ал эми Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова коло медалдарына ээ болушкан. Ушул жана башка спортчуларыбызды кечээ КРнын Премьер-министри Сапар Исаков “Манас” эл аралык аэропортунан тосуп алып, жеңиштери менен куттуктады.