Ак жол сага, бүтүрүүчү! Мектептерде акыркы коңгуроо кагылды
Бүгүн, 25-майда Кыргызстандын бардык мектептеринде акыркы коңгуроо кагылды.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, өлкө боюнча быйыл 9-11-класстарды 180 миңден ашуун улан-кыз аяктайт. Алардын 70 миңге жакыны 11-классты бүтүрүүдө.
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жалпы бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, аларды эмгекчил болууга, кесипти туура тандоого үндөдү.
Ал эми министрдин орун басары Расул Абазбек уулу А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейине барып, акыркы коңгуроо салтанатына катышты.
«Кабар» КУМА