Так максат коюп, өз кесибиңдин ээси бол!

Заман талабына жараша коомубузда билимдүү жаштардын аракеттери  кубандырбай койбойт. Бүгүнкү биздин каарманыбыз – студенттик  курагында эле алгачкылардан болуп чечендик өнөр боюнча сабактарды негиздеп, жаштыгына карабай жаштарга дем-күч, туура багыт көрсөтө турган 8 китептин автору, “Жашоодо сиздерге таасир бере турчу китептер” темасында эң  узак элдин алдында тынымсыз жана  уйкусуз 30 саат сүйлөп, рекорд койгон  Чыңгыз Исмаилов.

– Чыңгыз мырза, бүгүнкү күндө туура максат коюуга үйрөтөбүз дегендер көбөйүп кетти. Ошондо бизде максатсыз адамдар көбөйдүбү?

– Менимче максатсыз адамдар болбосо керек. Аларды туура  эмес максат коюп алгандар десек туура болот.  Себеби, ата-энесине, айлана-чөйрөсүнө таасирленип жатып, өзүнүн ички дүйнөсүндө  болгон ой-максатын таба албай, башкалар таңуулаган максаттарды меники деп алып, жашоодон ордун таба албай, адашып жүргөн адамдар көп.

– Анда адамдар кантип адашпай ордун табыш керек деп ойлойсуз?

– Бул суроо мени студент болуп жүргөндө эле кызыктыра баштаган. Ошол  убакта  көп студенттер туура эмес кесип тандап, өзүн бактысыз сезип жүргөнүн көрүп, адашып жүргөн адамдарга кантип жардам берсем деп кесипке багыт берүүчү  тесттерди изилдедим.

2008-жылы  максатын таппай адашып жүргөн студенттерге жардам болобу деп чечендик өнөр боюнча сабактарды ачсам, окууну каалоочулардын саны арбын болду. Кийин чечендик өнөр боюнча сабактарым студенттер арасында эле эмес, белгилүү адамдар арасында да суроо-талапка ээ болду. Менимче, ар бир адам өзүн изилдеп,   өзүнө суроо берип баштаса эле ордун табат. Ата-энеси “ушул кесипти тандашың  керек, ушу менен жумуш табасың” десе ага  окуп,  анан бүтүп алып  көбү кесиби менен иштебей калууда. Ар бир адам  өзүнө  жаккан багыт боюнча билим, тажрыйба алып,  иштесе бактылуу болот.

– Технологиялардын өнүгүшү менен жашообуз жеңилдеп жатабы же оорлоп кеттиби? Ата-бабаларыбыз максат коюу, бактылуу болуу, сабаттуулук дебестен агымга карай жашап келишпеди беле.

– Мурун башка заман болчу. Азыр такыр башка заман болуп жатпайбы. 70 жылдык совет доорунда тиешелүү  билим алгандан кийин кайсы жерде иштей турганы  белгилүү  болчу. Мисалы, жогорку окуу жайынан окусаң,  мугалим, врач болуп, орто кесиптик окуу жайынан окусаң  завод-фабрикага барып иштейт эле. Азыр так максат коюп, өз кесибиңдин ээси болуу заман талабы. Атаандаштык  жана капиталисттик доордо чын дилиң  менен жумушуңду сүйүп аткарбасаң, өз жашооңду куруп кетүү  кыйын. Ошондуктан так максат коюп, кошумча билим алуу өтө зарыл. Мектеп, жогорку окуу жайлардагы билим берүү  программалары совет доору менен калып, бүгүнкү күндүн талабы башка болууда. Андыктан кошумча билим алуу,  туура максат коюу, күчтүү тараптарды табуу, жеке ишкерликке үйрөтүүчү курстар өтө зарыл.  Ошол себептүү, адамдар канча жашта болсок  да билим алууну токтотпошубуз керек.

– Окуу жылы да аяктап баратпайбы. Жаштар арасында кайда барып окуш керек экенин билгени да, билбегендери да бар…

– Баарын эле билбейт деген болбойт. Кээ бирөө кайсы  кесипти тандарын  билет. 9-11-класстын окуучуларына кесипке багыт бере турган тесттерди берип, багытын туура тапканга жардам  бериш  керек. Жаштар интернеттен мындай тесттерди таап, өз алдынча өтүп, өзүн сынап көрсө болот. Бул өтө маанилүү. Ушул тандоодон адамдын келечегинин пайдубалы түптөлөт. Негизи Билим берүү  министрлиги ушундай кесипке  багыт бере турган тесттерди иштеп чыгып, 9-11-класс-тын окуучуларын милдеттүү  түрдө  өтө  тургандай кылса, жаштар үчүн чоң  жардам болмок.

Мен ошо студенттерге берген сабактарымдын негизинде, кесипке багыт бере турган тесттерди изилдеп жүрүп, жаштарга, жашоодон ордун таппай жүргөн адамдарга жол көрсөтүүгө  көмөкчү боло турган “Быть  победителем”  жана “Ийгилик жолу” деген китептеримди  чыгаргам. Алар  өз окурмандарын таап, суроо-талапка көп ээ болгон китептердин катарында болду.

– Көпчүлүгүбүз жашоону тү-шүнбөй өткөрүп жаткандайбыз. Аң-сезимди ойгото турчу кандай кеңеш бересиз?

– Улгайган 70-80 жаштагы адамдардан “Сизди өкүндүргөн ойду айтыңызчы”  дегенде “Бардыгы алдыда” деген ой болуптур дептир. Адамдар убакытты барктабай “эртең”, “бүрсүгүнү” деп жүрүп, 10-20-жыл өтүп кетип, качан убактыбыз жок калганда гана түшүнөт экенбиз. Ошон үчүн  убакыттын тардыгын, аздыгын түшүнүш керек. Алдыга максаттарды, кыялдарды коюп, ошого жетүүгө аракет кылсак. Жашообузда  эң  биринчи убакытты барктагандан  улам өзгөрүүлөр башталат. Мен убакыт – өмүр менен өлүмдүн ортосундагы бир бөлүк дегим келет. Адам өлгөндөн кийин эч нерсенин мааниси жок. Бул өмүрдө  кыял, максаттарды коюп, араң  жан болуп өтпөй, жашоону сапаттуу жашоого үйрөнөлү.

– Жубайлар ортосундагы, деги эле үй-бүлөлүк келишпестиктерди кантип азайтсак болот?

– Бул жашоону ар бир адам өзүнүн көз карашы аркылуу карайт. Көз караш кантип калыптанат? Көз караш – тарбиядан, айлана-чөйрөдөн, жеке тажрыйбадан, саякаттоодон, билим алуудан түптөлүп, калыптанат. Бул жашоо нейтралдуу дүйнө  жакшы да, жаман да эмес. Биз каерден чоңойдук, ата-энебиз кантип тарбия берди, ошого жараша адамдар менен мамиле курабыз, балдарга тарбия беребиз. Бул абсолюттук  чындык катары көрүнө  берет. Адамдар ар кандай болот да. Мисалы, кыргыздарда  аял  үйдө отуруп, балдарды караш керек дейт.  Көпчүлүк айымдар  үйдө отургусу келбей бир нерсе менен алектенгиси келет. Айрымдар өзүнүн кесиби менен алектенет. Ошондуктан, турмуш курардын алдында өзүбүзгө суроо беришибиз керек. Мен кандай жар же жолдош күткүм келет деп. Башынан эле келечектен эмнени күтүп жатабыз, ошого жараша жарың же жолдошуң менен мамиле курушубуз керек. Биз үмүттөнүп алып, анан ал болбой калса ачуубузду, күчүбүздү  жарыбызды  же жолдошубузду жамандоо менен чыгарып жатабыз. Мындай кырдаалды болтурбоо үчүн  туу-ра адамды тандап, аракеттенүү зарыл.

– Ата-эне менен баласынын ортосунда да пикирлери, ой-мак-саттары туура келбегендер бар…

– Ата-эне балдарына эч нерсе таңуулабашы керек. Ата-эненин милдети – бир гана туура тарбиясын, акыл-насаатын айтып, тандоону балага коюш керек. Баласынын  күчтүү  жактарын таап көрсөтүп, жолдорун айтып берсин. Ата-эне балага жоопкерчилик бир гана өзүнүн мойнуңда экенин кандай гана болбосун эч кимди күнөөлөбөй, болгон кырдаалдан сабак алуусун көрсөтүп тарбия бериши  керек.

– Азыр коомдо диний көз караш,  диний тарбия дегендер да арбыды…

– Дин боюнча ата-энебиз кандай динди карманса биз дагы аны ээрчип кетебиз. Бирок, чынын айтканда адам негизи динге өзүнүн көз карашы калыптангандан кийин өзү  издеп,  кайсы дин аркылуу Кудайга келсем деп изденип отуруп жетет экен. Анан эле “мындай кыл, тигиндей кыл” деп айта берүү  туура эмес. Анткени, этика, эстетика, гуманизм деген  бар.  Эгерде ошол  үрп-адаттарды, дин ыкмаларын өзүң аткарсаң  аткара бер, башка бирөөгө  “сен момундай салтты, динди аткар” дегенге эч кимдин  акысы  жок. Диндеги  жөрөлгөлөрдү  адам өзү  жүрөгү менен сезип, тандап келгенде гана аткара баштайт.

Кенже Осмоналиева, “Кыргыз Туусу”

0 Поделились

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *